Жанылыктар

Мүлктүк укукту бузгандыгы үчүн Life телеканалын сотко бергени жатышат

Кыргызстанда биринчи жолу тартылган “Дарак ыры” аттуу мюзиклдин режиссеру Айбек Дайырбеков автордук укукту сурабай туруп бул тасманы эфирден бергендиги үчүн Life телеканалынын жетекчилигин сотко берүүнү чечти. Толугу менен

Ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын шайлоо укугун чагылдыруу боюнча журналисттер үчүн эки күндүк окутуу уюштурулат

АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттигинин (USAIDдин) көмөгү менен Кыргыз Республикасындагы Шайлоо Системаларынын Эл аралык Фондунун (IFES) Өкүлчүлү КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жана «Журналисттер» коомдук бирикмеси менен биргеликте ден-соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын шайлоо укугунун турмушка ашырылышын чагылдыруу боюнча журналисттер үчүн эки күндүк окутуу уюштурат. Толугу менен

КРнын Ички иштер министри Кашкар Джунушалиев “Азия Ньюс” гезитине карата доо арыз менен сотко кайрылып, 5 млн сом доо өндүрүүнү талап кылууда

Ики иштер министри Кашкар Джунушалиев “Азия-Ньюс” гезитин анын кадыр-баркына, ар-намысына шек келтиргендиги үчүн сотко берди. Бишкек шаардык Октябрь райондук соту бул иш боюнча алгачкы сот отурумун өткөрдү. Анын жыйынтыгында, гезиттин кызматкерлери макала менен анда камтылган фото сүрөткө түшүндүрмө берүү чечими чыгарылган. Бул иш боюнча кийинки сот отуруму 1 августка жылдырылды. Толугу менен

“Апрель” телеканалы боюнча соттук отурумга доогер, мурдагы акыйкатчы өзү келген жок

Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун “Апрель” телеканалы боюнча өзүнүн доо арызы каралган Октябрь райондук соттук отурумга келген жок. Ал аты аталган ЖМК менен ошол телеканалда эмгектенген журналист Канат Каниметовдон моралдык чыгым катары 600 миң сом талап кылган. Толугу менен

Талас журналисттери областтык ички иштер башкармалыгынан маалыматтарды алууда кыйынчылыктар бар дешет

Талас областынын журналисттери Областтык ички иштер башкармалыгынан (ОИИБ) маалыматтарды алууда бир топ кыйынчылыктар жана тоскоолдуктар бар экендигин белгилеп келишет. Толугу менен

“Ачык саясат плюс” гезитинин үч соттук териштирүүсү

“Ачык саясат плюс” гезити Октябрь райондук сотунун ЖКнын депутаты Кожобек Рыспаевге моралдык чыгым үчүн 300 миң сом төлөп берсин деген чечимине карата аппеляциялык доо арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрылды. Толугу менен

Жалал-Абад: Маалыматка жетүү кепилдиги ишке ашпай жатат

Жалал-Абад областында Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгилеген маалыматка жетүү эркиндигинин кепилдиги ишке ашпай жатат. Бул тууралуу интернет айдыңында сөз болуп, коомчулукка кабар берилген, бирок тийиштүү мамлекеттик органдар, биринчи кезекте КР Өкмөтү жана мыйзамдуулукту көзөмөлдөөчү органдар буга көңүл буруша элек. Толугу менен

Президенттин аймактарга иш сапарындагы жолугушууларга журналисттер тандалып киргизилип жатат
Президент Сооронбай Жээнбеков Баткен районунун жана Баткен шаарынын жашоочулары менен болгон жолугушуусунда

Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков 4-июлда Баткенде иш сапары менен болду. Облустук театрдын имаратында аймактын активи жана коомчулук менен жолугушуусу өттү. Бирок бул иш-чарага президенттик администрациянын тапшырмасы менен журналисттердин көпчүлүгү киргизилбеди. Аларга “тизмеде жок экенсиңер” деген жооптор берилди. Толугу менен

Борбор Азия журналисттери үчүн биринчи жолу MEDIA CAMP AWARD сынагы жарыяланды

Интерньюс Борборазиялык медиапрограмманын (CAMP) алкагында Борбор Азия журналисттери үчүн биринчи жолу уюштурулуп жаткан MEDIA CAMP AWARD сынагына катышууга билдирүүлөрдү кабыл алуу башталганын билдирет. Толугу менен