Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Ош журналисттери өз пресс-клубуна ээ болушту

Ош журналисттери өз пресс-клубуна ээ болушту

3-сентябрь күнү «Журналисттер» коомдук бирикмесинин Оштогу бѳлүмүндѳ Пресс-клуб ачылып, анын максаттары тууралуу маалымат берилди.

10 айга созула турган долбоордун алкагында журналисттик жанрлар, журналисттик иш, журналисттердин юридикалык билимин жогорулатуу боюнча тренингдер, коомдогу, шаардагы, мамлекетибиздеги, экономикадагы кырдаалдар боюнча адистер чакырылып, журналисттердин катышуусунда лекциялар ѳткѳрүлмѳкчү.

Тренингдерди Элима Жапарова, Султан Абдрахманов, Зинакан Пасаңова, Тургунбай Алдакулов, Гүлзат Газиева сыяктуу журналистика тармагында кѳп жылдардан бери эмгектенип келаткан, тажрыйбалуу журналисттер ѳтүшмѳкчү. Тренингдин темалары журналисттер арасында жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча аныкталган.

Тренингдер тууралуу маалыматты Ош пресс-клубунун сайтынан тапса болот.

Долбоорго IMS уюму колдоо көрсөтүүдө.

Жыпар Акунова

Окшош посттор