Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

“Дем” сайтынын бет ачарына чакырабыз

“Дем” сайтынын бет ачарына чакырабыз

Эртен,  1-ноябрда,  Улуттук “Кабар” маалымат агенттигинде саат 11:00до “ДЕМ” сайтынын бет ачары жана маалымат жыйын болот.

Эгер кызыккан болсоңуз, келип көрүп, угуп кетсениз болот.

«Журналисттер» коомдук бирикмеси “Сорос-Кыргызстан” фондусунун колдоосунда ушул маселени чечүүгө жардам иретинде “Дем” аталышындагы жаңылыктар-топтогуч кызматын (www.dem.kg) ачууда. Биз менен кызматташкан ар бир ЖМК биздин сайтка өз материалын өз алдынча, же болбосо материал тиркелген катты атайы бир электрондук дарекке жөнөтүү аркылуу жайгаштыра алат. Акыркысы интернет байланышы начар аймактарга ыңгайлуу.

Материалдар ЖМКнын аталышы, ЖМК жайгашкан аймак жана экономика, саясат сыяктуу рубрикалар боюнча бөлүнүштүрүлөт.

Ошону менен катар интернет-колдонуучу Кыргызстанда болуп жаткан окуялар менен кеңири таанышуу үчүн ар түрдүү Интернет булактарга кирип, толтура жаңылыктарды окуп чыгууга аргасыз болбостон бир эле “Дем” сайтынан керектүү жаңылыктарды табууга мүмкүнчүлүк алат. Ал үчүн Кыргызстандагы бардык жалпыга маалымдоо каражаттары менен менен иштешүү пландаштырылууда.

“Дем” сайтынын дагы өзгөчөлүктөрү:

  • кыргыз, орус жана англис тилиндеги жаңылыктар менен таанышуу мүмкүнчүлүгү;
  • интернет-колдонуучулар ар бир материал боюнча өз пикирин калтыра алат. Бул пикир материалдын ээси болгон ЖМКнын же Интернет-булактын дарегине автоматтык түрдө жөнөтүлөт, б.а. “маалымат колдонуучу – ЖМК” байланышын түзүүгө шарт түзүлөт;

Келечекте сайтты төмөнкү багыттарда жакшыртуу пландаштырылууда:

  • башка тилдерде да даярдалган жаңылыктарды камтуу;
  • персоналдык жаңылыктар тизмегин киргизүү (сизди кызыктырган темалар, булактар боюнча гана жаңылыктар топтолот);
  • сайттын мобилдик түрүн ачуу (жаңылыктарды чөнтөк телефондор аркылуу окуса болот).

Окшош посттор