Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Аналитика

“Журналисттер” коомдук бирикмеси медиа изилдөөнүн жыйынтыктары тууралуу айтып берди

“Журналисттер” коомдук бирикмеси медиа изилдөөнүн жыйынтыктары тууралуу айтып берди

22-октябрда “Кабар” маалымат агенттигинде “Журналисттер” коомдук бирикмеси даниялык International Media Support (IMS) уюмунун колдоосунда жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын медиа тармагына чакан изилдөөнүн жыйынтыктары тууралуу айтып берип, КР ЖМКлар Каталогун сунуштады.

Изилдөөдө өлкөбүздүн жаңы тарыхында биринчи жолу төмөнкү суроолорго жооп табууга аракет кылынды: Кыргызстанда иш жүзүндө канча ЖМК иштеп келет, алардын канчасы электрондук, а канчасы басылма, гезит-журналдардын орточо нускасы канча, иштеп жаткан ЖМКлардын канчасы буттарында бекем турат, а канчасы ээлеринин же болбосо демөөрчүлөрдүн жардамына көз каранды, кыргызстандык ЖМКлар жаңы маалыматтык технологияларды канчалык деңгээлде өздөштүрө алышты, журналисттердин саны канча, алардын билим деңгээли кандай, айлыктары канча, журналистикада аялдар көппү же эркектерби, ж.б.д.у.с.

Бул суроолор жөнөкөй болуп көрүнгөнү менен, алар медиа тармакты мүнөздөш үчүн маанилүү болуп эсептелет.

Изилдөөдө таптак сандар берилди деп айтуудан алыспыз. Буга бир канча жүйөлүү себептер бар. Бирок ошого карабай, бул изилдөөдө келтирилген сандар чындыкка жакын деген ойдобуз. Ошондой эле так сандарды келтире албаган жерлерде бар маалыматтарга таянып, салыштыруу түрүндөгү көрсөткүчтөрдү берүүгө аракет кылдык.

Иштеп жаткан ЖМКлардын бардыгын толук камтуу жана керектүү маалыматтарды толук алуу мүмкүн болбогондуктан изилдөө маалыматтык гезиттерди, электрондук ЖМКларды жана интернет-басылмаларды гана камтыйт. Жалпысынан бул эмгекте 206 салттуу ЖМК жана 22 интернет-басылма тууралуу маалыматтар камтылган.

Аны менен катар КР ЖМКларынын каталогу да даярдалып басылып чыгарылды. Анда 222 гезит, теле жана радио, 20 интернет-басылма тууралуу кенен маалыматтар бар.

Изилдөө бекер таратылат. Ал эми Каталог сатылмакчы. Сатыктан түшкөн каражатка жыл сайын Каталогду жаңылап туруу пландаштырылууда.

Изилдөөнү же Каталогду алгысы келгендер “Журналисттер” коомдук бирикмесине төмөнкү даректер менен кайрылсаңыздар болот: эл. почта journalist.kg@gmail.com, тел.: 0772 55-10-83, 0770 82-00-81.

Изилдөөнүн электрондук варианты бул жерден жүктөп алса болот.

Окшош посттор