Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Сөз эркиндиги

Текебаев үч гезит менен соттошууда

Текебаев үч гезит менен соттошууда

Медиа өкүлдөр Кыргызстанда маалымат каражаттарына каршы саясатчылардын дооматы арбып жатканын билдирүүдө.

 “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев ушу тушта бир нече гезит менен соттошуп жатат. Доолордун басымдуу көбү ар-намысты жана ишкердик беделди коргоого байланышкан. Бул сөз эркиндигине кысымбы, же журналисттердин өз ишине жоопкерсиз мамилесинин кесепетиби?

“Апамдын пахтачы экенине да асылышты”

“Ата Мекен” партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев ушул күндөрү “Алиби”, “Азия ньюс” жана “Фабула” гезиттери менен соттошуп жатат. Депутат “Алиби” гезитинин башкы редактору Бабырбек Жээнбеков өзү жөнүндө ар кандай ушактарды таратып жатканын мисалга келтирди:

– Ал ошол макалаларынын биринде мындай дейт: “Текебаевден жетекчи чыкчу беле, анын апасы пахта терип жүргөн колхозчу аял. Колхозчу аял ошондой адамды тарбиялай алат беле?” – деп жатат. Генетикалык деңгээлге түшүп, а пахта тергенди аймак маселесине байлап айтып жатат.

Аталган гезиттин башкы редактору Бабырбек Жээнбеков болсо саясатчы сөз эркиндигине кысым жасап жатат деп баалайт:

– Башка авторлордун макаласын деле ушинтип сындап чыгып жатышат. Айрыкча акыркы кездерде “Ата Мекен”  партиясында ушундай көрүнүш күч алып баратат. Биз Текебаевдин бир кездеги партиялашы Өмүрбек Абдрахмановдон интервью алдык. Ал эмне деп айтса ошону жаздык. Бул жерде гезиттин өзүнүн эч кандай позициясы жок.

Текебаев макаланы гезиттен төгүндөөнү талап кылбай, өзүнүн намысын түз эле сот аркылуу коргоону чечкен. Бул жерде айта кетүүчү жагдай: Бабырбек Жээнбековдун уулу Равшан Жээнбеков Текебаевдин жакын санаалашы болуп келип, жаздан тарта пикирлери келишпей калгандыктан фракциядан чыгарышкан.

Буга чейин “Ата Мекендин” жолбашчысы “Текебаев бир тууганы экөө Ош коогасында Тейитти өрттөгөн” деген маалыматы үчүн “Азия ньюс” гезитин сотко берип, утуп чыккан эле. Ал азыркы журналисттерди кесипкөй эмес эсептейт:

– Журналисттер мээнеттенбейт, билим деңгээли төмөн. Базарда бирөө минтип айтты деп ушакты гана жазып коюп отурушат. Маалыматты издеп убара болгусу келбейт, анализдеп, баа берүүгө көбүнүн деңгээли жетпейт. Бир эле гезиттин биринчи бетинде бир сөз болсо, экинчи бетинде аны төгүндөгөн башка сөздү жазышат.

Текебаев гезиттер өз катасын сот алдында мойнуна алуусун гана талап кылып, материалдык компенсация сураган жок.

Журналисттерге доомат арткандар көбөйдү

Социал-демократтар фракциянын депутаты Ирина Карамушкина болсо 24.kg агенттигинин кабарчысы Махинур Ниязованы жалган маалымат таратты деп моралдык чыгымын 5 миллион сомго баалаган болчу.

Журналисттердин укугун коргогон Медиа-өкүл институтунун жетекчиси Акмат Алагушев журналисттерге каршы сот иштеринин көбөйүшүнүн себептерин мындайча талдайт:

– Мурда саясатчылар журналисттерге каршы арыз берсемби же бербесемби деп ойлончу. Азыр берип жатышат, бул деле туура, анткени арызданыш керек. 2011-жылдан, жада калса 2010-жылдан тарта журналисттерге каршы арыздануу көбөйүп калды. Бирок журналисттердин бардык иши биздин институттан өтпөйт. Ошондуктан канча журналист соттошуп жатканы тууралуу так статистика жок.

Акмат Алагушев 2011-жылы журналисттердин ишмердигине байланышкан 40 чакты сот иши болгонун божомолдойт. Алардын басымдуусу ар-намысты, абийирди жана ишкердик беделди коргоо беренесине байланган.

Буга чейин Кыргызстанда “мазактоо” жана “ушактоо” беренелери боюнча 3 жылга чейин эркинен ажыратуу мыйзамы болгон. Азыр “ушактоо” боюнча берене алынып салынгандыктан жаза пул гана төлөнөт.

Ушундан улам айрым серепчилер такталбаган жана адамдын абийирине шек келтирген макалалардын аягы басылбаса, кылмыш жообуна тарта турган беренелер кайра ордуна келбес бекен деп кабатыр болуп жатышат.

Маалымат булагы: “Азаттык” радиосу

Окшош посттор