Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Алишер Саиповдун инилери, анын ичинде журналист Шохрух Саипов сабалды

Алишер Саиповдун инилери, анын ичинде журналист Шохрух Саипов сабалды
Шохрух Саипов

2-декабрда Бишкек шаарында маркум журналист Алишер Саиповдун инисилери сабалгандыгын укук коргоочу Азиза Абдрасулова маалымдады.

Жабыр тарткандардын бири – Шохрух Саипов журналистика тармагында иштеп, Ош шаарында “Дайджест” гезитинин редактору болуп жүргөн.

Шохрух Саиповго кол салууну анын журналисттик ишмердүүлүгүнө байланыштуу деп караганга болбой тургандыгын ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев “Журналисттер” коомдук бирикмесине билдирди.

Ал эми Шохрух Саиповго чалып, бул туурасында сураганыбызда, бул нерселер журналисттик ишмердүүлүккө байланыштуу болушу мүмкүн деген да ой кетет дейт. “Үй-бүлөбүзгө байланыштуубу деп да ойлоп жатам, себеби, агам Алишердин окуясын билесиздер да. Андыктан, журналисттик ишмердүүлүгүмө байланыштуубу деген ой да пайда болду”,-деди Ш.Саипов.

Бул окуя боюнча Ички иштер министрлигине кайрылганыбызда, чыр 2-декабрда кечки саат тогуздар чамасында Бишкек шаарында  дүкөндөрдүн биринде башталып кеткендигин билдирди. “ Ургандар Саиповдордун артынан чуркап үйүнө чейин кууп барып, бирок, алардын эшиги катуу темирден болгондуктан кире албай калышкан”, – дейт Э. Осмонбаев.

Ал эми шектүү делген Азамат Текебаев таңкы үчтө Бишкек шаардык ИИБсы тарабынан кармалып, ички иштер бөлүмүнө алынып келинген. ИИМдин билдиргенин караганда, азыр иликтөө иштери жүрүүдө.

Кээ бир жалпыга маалымдоо каражаттары укук коргоочу Азиза Абдрасулованын бул чыр улут аралык негизде чыкты деген билдирүүлөрүн баскан.

Ал арада Азамат Текебаевдин адвокаты Анатолий Духовных Азиза Абдрасулованы бул окуяга саясий өң берүүдөн алыс болууга чакырып, андан сырткары ал жактап жаткан адам (Азамат Текебаев – ред) туурасында ЖМКларга текшерилбеген жана негизделбеген маалыматтарды берип жатканын билдирди.

Эскерте кетсек, Саиповдордун улуусу Алишер Саиповду 2007-жылы октябрда “Сиясот” газетасынын башкы редактору болуп иштеп турган учурунда атып кетишкен.

Сүрөт Ш.Саиповдун “Фейсбук” социалдык тармагындагы профилинен алынды

Окшош посттор