Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Аналитика

Кыргыз басылмалары: журналисттик этика принциптери сакталбайт

Кыргыз басылмалары: журналисттик этика принциптери сакталбайт

Кыргыз басылмаларында этикалык принцтиптер канчалык деңгээлде сакталат жана аткарылат, деген суроо актуалдуу бойдон калууда. Биз, ушул суроого жооп табуу максатын көздөп Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин журналистика бөлүмүнун студенттеринин катышуусу менен Кыргызстанда 2018-2020-жылдары жарык көргөн Kyrgyztoday.kg, Aryba.kg, Fabula.kg, Nazarnews.kg, “Turmush”, “De-Факто” басылмаларынын материалдарына талдоо жүргүзүп көрдүк.

Изилдөө Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарына байланышкан мыйзамдардын жана Кыргызстан журналисттеринин этикалык кодексинин (2009) негизинде иштелип чыккан:

– Маалыматтын коомдук баалуулугу, актуалдуулугу;

– Факты менен жеке пикир, ой-сунуштун так ажыратылышы;

– Маалыматтын тактыгы жана ачыктыгы; 

– Маалыматтын тең салмактуулугу;

– Адамдын абийирине, ар-намысына шек келтирүү;

– Адамдын коопсуздугуна коркунуч болоруна карабай материалды жарыялоо;

– Күнөөсү тактала элек адамды кылмышкер деп жарыялоо;

– Фото же видеонун туура, өз ордунда колдонулушу;

– Фактынын коомдук мааниси жок болсо да жеке адамдын ички ишине кийлигишүүсү канчалык, деген критерийлеринин негизинде жүрдү. Анда, сөз четинен болсун.

 

Kyrgyztoday.kg

2018-жылдын 12-январынан 2019-жылдын 26-ноябрына чейин Kyrgyztoday.kg интернет-басылмасында жалпы 15 аналитикалык материал жарыяланган. Алардын дээрлик көпчүлүгү башка медиадан алынган макалалар жана видеоматериалдар. Башка ЖМКлардан алынганы үчүн материалдарды ким жазганы белгисиз, башкача айтканда, журналисттин аты-жөнү берилген эмес. Айрым макалаларда маалыматтын булагы так көрсөтүлбөй, “бизге жеткен маалыматтар боюнча”, “айтышууда”, “тигинткен жатыптыр” деген тариздеги сөздөр көп колдонулат, факты аныктала электигин журналист өзү мойнуна алат.

Айрым материалдарда факты менен жеке пикирлердин так ажыратылбагандыгын көрүүгө болот. Мисалы, Номанжан Аркабаевдин “Кыргызстанды” талкалаган, адамдарды алдап акчасыз калтырган Маймендеевага чара көрүлөбү? деген макала жарык көргөн. Макалада Кыргызстан профсоюзуна караган “Кыргызстан” санаторийинин директору болуп турган Венера Маймендеева тууралуу бир топ маалыматтар айтылат. Бирок ошол маалыматтардын эч биринин булагы көрсөтүлгөн эмес, журналисттин жеке пикириби же фактыбы, толук ажыратылган эмес. Макала кимдир бирөөнүн буйрутмасы менен жазылгандай туюлат. 

Маалыматта Маймендеева бир жактуу караланганы менен, экинчи жактын же үчүнчү жактын пикирине орун берилген эмес. Мисалы, “Венера жеке адамдарды алдоо ары келечексиз, ары майда бизнес экендигин түшүнгөнбү, айтор, модага айланган казынага кол салуу багытына да кызыга баштайт. Биздин каарман алдамчылыктын “академиги” десек да болот. Бул макалада Маймендеева тарабынан жасалган чуулгандуу иштердин бир четин гана жарыя кылууну чечтик. Бирок, муну менен сөз бүтпөйт”, – деп айтылат макалада. Тилекке каршы, кеп болуп, сындалып жаткан Венера айымдын пикирин эч жерден окуй албайбыз. Маалыматтын тең салмактуулугу бузулган, экинчи жактын пикирин берүүгө журналисттин аракети байкалбайт. 

Камчы Кадыровдун “Саламаттыкты сактоо министри болуп турганда Сагинбаева Динара кандай ишке барган?” аттуу макаланы карап көрөлү. “Бүгүнкү күндө “мыйзамдагы уурунун” боштондукка чыгуусуна түздөн-түз катышы бар Сагинбаева учурда Улуттук госпиталды жетектеп отурганын кандай түшүнсөк болот?”, – деп жазылат. Автор Сагынбаеванын кимдир бирөөнүн түрмөдөн чыгуусуна тиешеси бар экенине далил келтирбейт.

Албетте, макала коомдо актуалдуу деп эсептелген окуяны камтыйт. Башында саламаттык сактоо министрлигине шилтеме кылып көрсөткөнү менен, кийинки маалыматтардын булагы так, ачык көрсөтүлгөн эмес.

 

Aryba.kg

Aryba.kg интернет-басылмасынын 2020-жылдын 23-апрелинен 1-майга чейин материалдарына талдоо жүргүзүлдү. Интернет сайттагы жарыяланган материалдардын маалыматтык, коомдук актуалдуулугу бар. Аталыштары окурманды өзүнө тартат жана текст менен бири-бирин толуктап турат. Бирок айрым макалаларда адам абийирине шек келтире турган, шылдыңдаган жагдайлар бар экендигин байкайбыз. Мисалы, “Бек Борбиев сөздөн мүдүрүлсө, аны Нурлан Насип улантты” деген материалда: “Нурлан Насип ким эле? “Көчүккө тепсең көк тыйыны жок” жүргөн бала эми элге тыңсынабы?”, – деп жазылган.

Жарыяланган материалдарда факты менен жеке ой-пикирдин так, даана ажыратылбаган учурларды көрүүгө болот. Кээ бир маалыматтарда факты да жок, булак да жок, журналист өз пикирин жазган: “Алгач куда болууга ашыккан Акылбек Жапаров өкмөт башчылыкка жулунуп чыкпадыбы! Муну көргөн аттуу-баштуулар, нарк-насилди билгендер баш чайкашыптыр. “Эки тоонун чөбүн эңсеген эчки ачка өлүптүр” дегендей, кээде адамдар ачкөздүгү, амбициясынын ашынганы менен аңга түшүп, ара жолдо калбайбы? Акылбек Жапаров бирөөсүн эле тандабайт беле? Куда болобу, же премьер-министрби? Экөөнөн тең кур калганы калды окшойт”. Саясатчыларды сындаган материалдарында журналист кимдир бирөөнүн кызыкчылыгына иштеп жатабы деген күмөндүү ойлор жаралат. Автор А. Жапаровдун ким экендигин да ачыктабайт.

Айрым макалаларда маалыматтын тең салмактуулугунунун сактала бербегенин байкадык. Бир жактуу материалдар көп орун алган. Мисалы: “Текебаевди өлүм гана саясаттан ажыратып тынат” деген макалада тең салмактуулук жок, ага кошумча журналисттик этикага туура келбеген какшык, одоно сөздөр (өлүм) менен коштолот. Бул жазгандары үчүн журналист кызмат абалынан кыянат пайдаланып атат деген ойлор да келет. 

Этикалык кодекстин жоболорунун бузулушу “Депутаттар тапшырма алышып, Абылгазиевди ээрден оодарууга киришти” деген макалада да байкалат. Маалымат далилсиз, эч кандай шилтемесиз журналисттин жеке ой-пикири менен жазылып калган.

Aryba.kg сайтында жарыяланган макалаларда маалымат булактарынын жана фактылардын так ажыратылбагандыгы, билип туруп жалган маалымат тараткан фактылар күмөн жаратуучу жагдайларды туудурат.

Фактынын коомдук мааниси жок болсо дагы жеке адамдын ички ишине кийлигишүүсү Aryba.kg сайтынан дагы байкай алдык. Мисалы, “Самара Каримованын “ийгилиги” Анжеликаны ыйлаттыбы?..” деген материалда мындай дейт: “Самара Каримованын Инстаграм баракчасындагы катталуучулары 2 миллионго жетиптир. “Ийгилик” эй! Ырчы эгиз тууп салгандай эле “ураалап” кубанып, мактанганын жашыра албай асманга учуп кетиптир… Муну көргөн Анжеликанын маанайы түшүп, элге көрүнбөй ыйлаганы ыраспы? Атаандашына жетпей кыйналып келатканын билебиз. Анжеликанын Инстаграмдагы катталуучулары 1 миллион 800 миңден ашат. Качан кубалап жетери белгисиз… Же дагы бир бай-манап менен “хайп” кыла койсо катталуучулары көбөйүп кетеби?”.

 

“De-Факто”

Изилдөөгө алынган “De-Факто” гезити (21.02.2020) коомдук-саясий багыттагы эркин басылма. Жарыяланган материалдардын 70-80 пайызы саясат темасында, жана көпчүлүгү автору жазылбастан редакциянын атынан жарыяланат.

Башкы бетке Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жаңы дайындалган Замирбек Аскаров тууралуу “Үлпүлдөк сулуу министр болду, үшүк уруп кетпесе экен…” деген тема коюлуп, коллаж менен сүрөтү чыккан. Автордун “балакай”, “үшүк уруп кетпесе экен” деген сөздөрү каарман жана окурман тарабынан шылдыңдоо, кемсинтүү же какшык катары кабыл алынышы мүмкүн. Бул көрүнүш этикалык эрежелерди бузгандык катары кабыл алсак да болот. 

Гезиттин экинчи бетинде “Ыйык жерибизди бузукулардын буту баспашы керек” материал жарык көргөн. Анда, Тажикстандын Согди облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы-генерал Абдулло Навжувонун сөзү сынга алынган. 

“Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Михриддин 18-февралда басма сөз жыйынын өткөрүп, Баткен облусу тууралуу сүйлөгөн тажик генералынын сөзү анын жеке пикири деген былжырак түшүндүрмөсүн билдирди. Мындан төмөнкүдөй жыйынтыкка келсек болот, биринчиси: тажиктер мамлекеттик кызматтын этикасы жана дипломатиялык мамиле деген түшүнүктү билбейт. Ар бир мамлекеттик кызматкердин сөзү расмий бийликтин позициясын түшүндүрөрүн аңдай алышпайт. Экинчиси, Тажик бийлиги расмий өкүлүнө тымызын тапшырма берип, атайын чагымчылдык жасап жатышы ыктымал.

ЖКда Каныбек Иманалиев эки өлкөнүн тынчтыгын бузган Абдулло Навжувоновго “персона нон грат” жарыялоону сунуштады. Муну колдош керек. Биздин ыйык жерди бузукулардын буту баспашы керек”, – деп маалымат жыйынтыкталган. 

Гезиттин 2-бетинен “Төө болгусу келген Жамангулов” деген малыматты окуйбуз. Адилет министри Марат Жаманкуловдун кыргыз тилин билбегендиги сынга алынат. “Мага орусча айтыңыз” деп дөөгүрсүгөн министрдин кызыгын эшиттик. Тагыраагы, Адилет министри Марат Жаманкулов кыргыз тилин үйрөнүп жатканы боюнча кабарыбыз бар. Министр мырзанын кыргыз тилин үйрөнүүнү эми баштаганы кызык. Баягы эл ичинде айтылып жүргөндөй, чоңоюп эми мындан ары төө болмок беле дегендей, эми үйрөнгөнүнүн кандай кажети бар?”, – деп автор жеке оюн таңуулайт.

Басылманын 5-бетинде “Акча менен адамгерчилик кармашкан жерде Марипов кандай өзгөрдү” деген маалымат жарык көргөн. “Эсеп палатасынын жетекчиси Улукбек Мариповдун кызматтан кетээри айтылууда. Акчанын чордонунда, май-талкандуу жер балакайды бир топ өзгөрттү. Керсейтти, чалчактатты, каада-күттүрдү. Аны менен адамгерчилиги да өзгөрдү, адам тандап мамиле кылып. Кабинетинде чалкалай олтуруп алып, күйүп аткан маселелерди эмес, чөнтөгүнө ыңгайлуу маселелерди чечип. Адам бойдон эле калбайбы дегиң келет. Өмүр бою “акча жыттанып” жүрбөйт да…” деген маалыматтар факты менен жеке пикирдин так ажыратылбагындыгын далилдеп турат. 

“Митинг уюштуруу менен эркиндикке чыгууну көздөгөн Садыр Жапаровду шыкактагандар кимдер?” макаланы окуп көрөлү. “Жапаров баягы радикал багытынан танбай көгөрүүдө. Мындай мүнөзү канкор Бакиевдердин чырагына май тамызып, жеке кызыкчылыктарын ишке ашыруу үчүн далысынан таптап жатышат”.

“…Аталган окуядан кийин С.Жапаров өлкөдөн куйругун түйүп качып чыгып, Белорусиядагы кожоюну Курманбек Бакиев жана Жаныш Бакиевдин жанына барып баш калкалоого аргасыз болгон”.

“…Бакиевдердин таасиринен чыга албаган Жапаров алардын тукуруусу менен 2017-жылдын 25-мартында өзүн баатыр катары тосуп алат деген үмүттө өлкөгө кайтып келди. Босогону аттары менен камакка алынаарын билген Жапаров тууган-туушкандары менен акчага жалданган адамдарын көкүтүп , УКМКнын алдында митинг өткөргөн”.

“…Түрмөгө түшкөндөн бери диний-радикал тарапка ооп, экстремисттик дааватка сугарылган Жапаров мээсиндеги маңкурттук идеологияны ишке ашырууга аракеттенип баштаганы ачык байкалып калды”

“…2000-жылдан бери АКШнын тыңчысы болуп кызмат өтөп келгени тууралуу кептер тарады”, – деп жазат журналист Камчы Кадыров.

Автор макалда сөз болуп жаткан Садыр Жапаровго коюлган “Бакиевдин жанында баш калкалоого аргасыз болгонун”, “алардын тукуруусу менен келгенин”, “акчага алданган адамдарды көкүткөнүн”, “экстремисттик дааватка сугарылганын”, “маңкурттук идеологияга азгырылып аракеттене баштаганына” деп айткандарына эч далил келтирбейт. Жеке ою боюнча корутундуларды чыгарганы этикалык жоболорго каршы келет.

“Бетин табактай кылган ноёндор”, “Мелтиреген мерез, кылтыңдаган митайым көздөр”, ж.б. шылдыңдоо, мазактоо катары кабыл алына турган далилсиз сындарды жазат, адамдын абийирине да доо кетүүдө.

 

Fabula.kg

Fabula.kg интернет-басылмасынын 2020-жылдын 1-мартынан 1-апрелине чейин жарык көргөн материалдарына талдоо жүргүзүлдү. Изилдөөгө алынган сайттын негизги багыты – коомдук саясий. Жарыяланган материалдардын 60-70 пайызы саясат темасында, көпчүлүк материалдар бийликтегилерди шылдыңдоо, алардын сүйлөгөн сөзүнө жекече баа берүү стилинде жазылган. Материалдардын 20-30 пайызын маалыматтык жанрдагы кабарлар түзөт.

Жарыяланган материалдардын көпчүлүгү далили, фактысы жок жазылган. Көпчүлүк макалаларда факты менен жеке пикир ажыратылган эмес. Журналист эч кандай булак же далил көрсөтпөстөн өзүнүн жеке пикирин жаза берген. 

Мисалы, 12-мартта жарыяланган “Бир бол” фракциясы каолициядан чыгып, өкмөттү отставкага кетирүүнү максат кылууда..” аталышындагы материалда КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов жана Канат Исаев өкмөт башчы болууга жан үрөп жатканы маалым болгонун жазган. Факты, кантип маалым болгону жөнүндө айтылбайт. Андан сырткары маалыматтын темасы менен ички мазмуну дал келбей калганын дагы байкоого болот.

Маалыматтар журналисттин жеке көз карашына, ушак-айыңга, имиштерге негизделип жазылган. Сөз эмне жөнүндө болуп жатканын жеткиликтүү, так түшүнүү да кыйын. Мисалы, “Алмамбет Шыкмаматов: мамлекетти Матраимов башкарып жатат…” деген материалда журналист өзүнүн пикирин эч кандай далилге таянбастан жазат. Ал жерде ЖК депутаты Шыкмаматовго тиешелүү бир дагы сөздү кездештире алган жокбуз. Маалыматты кайдан, кимден, качан алганы белгисиз, “имиш”, “айтышууда”, “угушубузга караганда”, “мүмкүн” деген сыяктуу сөздөр менен жазылат. Журналисттик этикага ылайык маалымат так жана ачык болушу кажет.

Мисалы, 2-мартта Каныбек Осмоналиевге митинг уюштурганы үчүн кылмыш иши козголушу мүмкүн экенин, бирок бул боюнча так маалымат жок деп жазган. Ушул эле материалда “К. Осмоналиевдин окуянын өрчүшүнө тиешеси жоктур, жаман тилеги, максаты болгон эмес чыгар”, – деп журналисттин жеке божомолун, ага жан тартып жатканын байкоого болот.

Аталган басылмадан жеке баа берип, жыйынтык чыгарган маалыматтарды көп кездештирүүгө болот. Мисалы (15-март, 2020) “Мекеним Кыргызстан” партиясынын артында Матраимов турат, президенттин “Кыргызстан”, “Биримдик” партиялары 2023-жылы “Мекеним Кыргызстандын” филиалы болот”, – деп журналист өзү эле жыйынтык чыгарып койгон. Саясий партияны далилсиз эле мамлекет башчыга таандык кылып коет.

Гезитке жарыяланган фото сүрөттөр маалыматтын ачыктыгын далилдөөдө негизги роль ойнойт. Ошол эле учурда окурмандын психологиясына терс таасир тийгизбөөсү керек. Алсак, сайтта 28-мартта жарыяланган макалада киши колдуу каза болгон адамдын сүрөтү жагымсыз түрдө берилген. Бул окурмандын коркунуч сезимин пайда кылышы мүмкүн. 

Fabula.kg интернет басылмасында фактынын коомдук мааниси жок болсо да жеке адамдын ички ишине кийлигишүүсү болгонун байкайбыз. Мисалы, 24- мартта “Анжелика төшөк жаңыртып, тажрыйбасы менен бөлүштү” деген материалы жарык көргөн. Бул жерде белгилүү ырчынын өз үйүндөгү жууркандарын алмаштырганы жөнүндө сөз болуп жатат. Бул фактынын коом үчүн анчалык мааниси жок, деп эсептейбиз.

“Чокчолой баатырлар же коронавирустан пиар издегендер” (21-март, 2020-жыл) деген макалада сөз болуп жаткан саясатчылар К.Ташиев менен Э. Каптагаевдин өздөрүнөн маалымат албастан, коомдук тармакка жазган билдирүүлөрүн кайчылаштырып, журналист алардын көз-караштары боюнча жеке жыйынтыгын чыгарат, сөз болуп жаткан саясатчылар менен байланышпаган.

Журналист этикалык кодекстин жоболоруна ылайык жазылган макаласы өзү үчүн эмес, коомдун кызыкчылыгы, окурман үчүн экенин эстен чыгарбай, так жана түшүнүктүү бериш керек эле. Автордун туура эмес аракети жалпы журналистиканы “жалганчы” кылат.

 

Nazarnews.kg

Nazarnews.kg интернет-басылмасынын 2020-жылдын 2-мартынан 1-апрелине чейин жарыяланган материалдарына талдоо жүргүзүлдү. Изилдөөгө алынган маалыматтык сайттын негизги багыты — коомдук саясий. Жарыяланган материалдардын дээрлик 80-90 пайызы маалыматтык жанрдагы кабарлар. Аналитика бөлүмүндө көбүнчө саясат темасына көңүл бурулат. Ал маалыматтардан этикада көрсөтүлгөн эрежелерге туура келбеген учурларды кезиктиребиз.

Nazarnews.kg сайтында жарыяланган материалдардан маалыматтын коомдук актуалдуулугун көрө алган жокпуз. Кээ бир макалалардын темалары бүйүр кызыткан менен ичин окуй келгенде тема менен шайкеш келбей калган учурларды байкалды. Мисалы, “Сапар Исаковдун жубайы 21 ай көтөрүп, үй-бүлөгө эгиз уул алып келди” деген темадагы макаланын ички мазмунун окуй келгенде С.Исаковдун жубайы жөнүндө эмес, ал А. Жекшенкуловдун колдоосу менен бийликке келген деп сынга алынат. 

Сайт бетине жарыяланган аналитикалык жанрдагы макалаларда факты менен жеке ой-пикирдин так, даана ажыратылбагандыгын көрүүгө болот. Мисалы, “Кыргыз элинин менталитетине туура келбеген жоруктар менен 8-мартта Батыштан жем жегендер чыкса, 10-март күнү гей-парад жүрүшү болмой болду. Зордук-зомбулук көрбөй эле жашап жаткан аялзатын күйөөсү менен кайраштырып жаткан гейлерди “Азаттык” колдоп чыкты. Быйылкы 2020-жылга “Азаттыкка” “Сорос-Кыргызстан” фонду 3 млн. $ бөлсө, АКШ 3 млн $ бөлгөн. 8-мартта болуп өткөн “Аялдардын шериктештик маршы” тууралуу коомчулук каршы пикирин билдирип жатышат. АКШ Конгресси “Азаттыктын” кыргыз филиалынын бюджетин эки эсеге көтөргөн. 2019-жылы “Азаттык” үн алгысына АКШ тараптан 1 миллион 700 миң АКШ доллары менен акча каражаттары бөлүнгөн. 2020-жылы АКШ “Азаттык” үналгысына бөлө турган акча каражатынын эсеби 3 миллион долларга жетти”, – деп жазылат. Журналист ал маалыматты каяктан же кимден уккандыгын, маалымат булагын көрсөтпөстөн эле өзүнүн жеке пикирине аралаштырып жаза берген. Маалыматтын булагы көрсөтүлбөгөндүктөн аны факты же журналистин жеке ой-пикири экенин ажыратуу кыйын. 

Аталган сайт көбүнчө куш кабарларды жарыялайт жана ал кабарлар башка интернет сайттардан алынып, маалымат булактарына шилтеме берүү менен жарыяланат. Аналитикалык жанрдагы макалаларда маалыматтын тактыгын жана ачыктыгын даана көрө албадык. Анткени журналист “айтышууда”, “угуудабыз”, “дептир”, “деген экен”, “көргөн экен” сыяктуу сөздөрдү көп колдонот. Мисалы, “Азаттыктын” кабарчысынын АКШдан алган долларына карабай аялына каалаган кийимин, каалаган тамагын сатып бере албай жүрөм деп даттаныптыр”, – деп түкшүмөлдөйт. “Азаттыктын” кабарчысы Ы. Исаковдун гей-парадды чагылдыруу үчүн АКШдан долларларды алганын ким тастыктаганы белгисиз. 

Жарыяланган макалаларда маалыматтын тең салмактуулук принциби сакталбаганы байкалды. Бир жактуу материалдар көп орун алган. Мисалы, “Министр Каныбек Исаков жаңжал чыккан “Аялдардын маршына” спонсор эмеспи?” деген макалада журналист бир тараптуу гана жеке ой пикирин айткан. Ошондой эле “Чыр кылууга “Азаттыкка” бөлүнгөн 6 миллион доллардан “Гейлер маршында” канчасы чачылды?” темасындагы макалада эч кандай маалымат булагына шилтеме бербестен “Азаттык” радиосун жана анын кабарчысы Ы.Исаковду бир тараптуу сынга алган. “Азаттыктан” да сурап кою боюнча журналисттин аракеттери байкалбайт.

Nazarnews.kg сайтында жарыяланган макалаларда маалымат булактарынын жана фактылардын так ажыратылбагандыгы журналистикалык этикалык кодекстин “Билип туруп жалган маалымат таратуу” жобосу бузулгандыгын далилдейт.

Кандай гана ЖМК болбосун видео жана фотосүрөттөрдү адамдын психологиясына жана кадыр-баркына доо келтирбегендей пайдалануу зарыл. Анализденген сайтта колдонулган сүрөт адамдын кадыр-баркына терс таасирин тийгизбейби деген суроо туулат. Бишкек шаарынын мэри, анын аппаратынын башчысы бири-бирине акча берип жаткан паракор-коррупционерлер катары карикатура-коллаж формада берилген.

 

“Turmush”

“Turmush” интернет-басылмасында 2019-жылдын 15-мартынан 15-апрелине чейин чыккан материалдары иликтенди. Изилдөөгө алынган сайттын негизги багыты — айыл-турмушу, маданият жана спорт тармагын да камтыйт.

Аталган сайтта жарыяланган материалдардын ким тарабынан жазылганы көрсөтүлбөйт, б.а. макаланын аягында кабарчынын аты-жөнү жазылбайт. Бул одоно ката деп эсептейбиз. Кылмыш дүйнөсү жөнүндө жазылган материалдарда “маалымат берген каармандын аты-жөнү өзгөртүлгөн жок” деп көп жазышат. Бул дагы адамдын коопсуздугу жөнүндө кеп болгондо опурталдуу жагдай. Ошондой эле көп учурда материалдын темасы менен ички мазмуну дал келбей калган учурлар кездешет. Жарыяланган маалыматтар кимден, кайдан алынгандыгы же шилтемеси көп учурларда көрсөтүлбөйт.

Жыйынтыктап айтканда, жогорудагы контент-анализде көрсөтүлгөн мыйзамдардын жана этикалык кодекстин жоболорунун бузулушун азайтуу, журналисттердин материалдарынын сапаттык деңгээлин көтөрүү максатында: 

– редакцияларда журналисттин коом алдындагы жоопкерчилигин терең сезип, материалдарды даярдоодо журналистиканын стандарттарын үйрөтүү, окутуу зарыл; 

– журналисттерди Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарына байланышкан мыйзамдардын талаптарын аткарууга милдеттендирүү жана Кыргызстан журналисттеринин этикалык кодекстин жоболорун сактоого үндөө керек, деген сунуштарды айтмакчыбыз.

Бакыт Орунбеков,
Саясий илимдеринин кандидаты,
Кыргыз-Түрк “Манас” университетиниин ага окутуучусу.

Окшош посттор