Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Аналитика

Убакыттын тез өткөнүн карачы…

Убакыттын тез өткөнүн карачы…
Ж.Акунова жана М.Турсунов жаш кабарчылар менен

Кечээ эле мектеп окуучулары үчүн чыга турган гезиттин биринчи санын чыгарабыз деп окуучулар менен жолугушуп, колуна калем кармап көрө элек, бирок жалындаган жаштыгы менен кандай кыйынчылык болсо да багындырууга даяр турган балдар, кыздар менен баарлашып, алардын көөдөнүнө батпай турган максаттары менен үмүттөрүнө ортоктош болдук эле. Балалык деген ушул да, газета чыгаруунун түйшүктөрүнөн кабары жок туруп, газетага материал жазууга бел байлап, түшүнбөгөн учурда сурап, өздөрүн кадыресе кабарчыдай сезишкенине кубандым.

Туура, бардык эле жерде окуучуларды журналист катары кабыл алышкан жок. Элнура Кылычбек кызын мэрияга «Жаңы жылдык иш-чаралардын шаарда өткөрүлүшү, мэрдин арча майрамы боюнча жазып кел» десем мэриянын охранасы киргизбей кыйла убара кылышты. Нурсейит Мамасыдыков Билим берүү башкармалыгынан олимпиаданын жыйынтыгы боюнча маалымат алалбай бир жума убара болду. Каныкей Бактыбек кызын «Келечек» балдардын чыгармачылык борборуна репортажка жөнөтсөм директордун орун басары: «Директор жок, мен бош эмесмин»,-дептир. Мындай учурларда балдардын шагы сынып калбасын деп өзүбүз телефон чалып, өзүбүз жардам берүүгө аракет кылдык.

Мен адегенде журналистика деген эмне экенин биле элек балдар менен иштөө кыйын болоор бекен деп ойлодум эле. Адегенде гезиттин кийинки санын пландаштырганда тапшырма берип, темаларды жазып алып, кимисин кайсы тема кызыктыраарын байкап көрдүк. Арген Насиевде: «Мен кандай теманы болсо да жазамын» деген өзүнө ишенүүчүлүк бар. Чындыгында эле Арген кайсыл теманы болсо да жазат. Өзү жаш болгону менен көптү билүүгө умтулуусу күчтүү. Компьютерди жакшы өздөштүрүп алган. «Мектеп рэкети», «Балдардын компьютерге алаксып окуудан начарлоосу», «Мектеп лидери», «Мектеп окуучулары-ишкерлер» сыяктуу курч макалалар ушул Аргендин калемине таандык. Кайсыл жерден кандай маалымат табышты да мыкты өздөштүрдү. Сабакты да жакшы окуйт. Өзүн ар тараптан өстүрүүнүн аракетинде.

Азамат Маматалы уулу эң жаш кабарчыбыз болгону менен өзүн ар тараптуу көрсөтүүгө үлгүрдү. Орус, кыргыз тилдеринде бирдей жазды. Маек, репортаж, статья жазуу менен өзүн журналисттик жанрлардын бардыгында сынап көрдү. Бир катар мектеп, шаар маселелерин да көтөрдү. Азаматтын макалалары жөнөкөй, балдардын тили менен жазылат. Андыктан балдарга жакын. Анын калеминен жаралган «Мырза көгүчкөн», «Жаныбар багам десең аны күтө бил» жана башка макалалары өзүнүн жөнөкөйлүгү, түшүнүктүүлүгү менен жаш окурмандарды өзүнө тарта алды.

Биздин дагы бир кабарчыбыз Каныкей Бактыбекова «Дүйнөнүн жети кереметин», «Дүйнөнүн жаңы жети кереметин», «Биз жашаган шаар жөнүндө» кызыктуу, тарыхтан алынган макалаларды жазды. Каныкейдин макалаларын окуучулар кызыгып окушту.

Бекназар Исабек уулу, Нурсейит Мамасыдыков, Адилеттин Ильяз уулунун жазган макалалары, ой толгоолору да окуганды кайдигер калтырбай турган мектеп турмушунун маселелери, чыныгы достук, окуучунун бош убактысы, мугалим менен окуучунун, окуучу менен ата-энесинин ортосундагы мамилелер болду. Адилеттин Чынгыз жөнүндө жазган ыры күчтүү чыкты.

Кабарчыларыбыз Сайкал Нурбек кызы, Каныкей Жеңишбек кызы, Диана Бекибаева, Нурия Эралы кызы өздөрүнүн мектептериндеги, класстарындагы жаңылыктарды жазып, «Кыздардын тарбиясы», «Эне, ата тарбиясы», «Ашкана сырлары», «Үй тутуу», «Пайдалуу кеңештер» сыяктуу рубрикаларда өз калемдерин сынашты. Гезитибизде «Менин мектебим», «Биздин класс», «Менин сүйүктүү мугалимим», «Биздин каарман – биздин арабызда» деген рубрикалар болду. «Жугуштуу оорулардан сактаналы», «СПИД кайсы убакта жугат?», «Табият жана биз» сыяктуу рубрикаларыбыз окурмандар үчүн кызыктуу болду деп ойлойбуз. Белгилеп кетүүчү бир жагдай, «Мен жаман көргөн мугалим» деген темада бир да окуучу-кабарчыны макала жаздыра албадык.

«Үйдө жан жаныбар баксаң», «Атактуулардын балалыгы», «Өмүрү өрнөк инсандар», «Көчө балдары», «Биз жашаган шаар», «Уламыш, жомок, табышмактар», «Базар жана окуучу» сыяктуу рубрикаларыбыз да окуучуларды кайдигер калтырган жок деп ойлойм. Өзгөчө өздөрү тарткан сүрөттөрүн, ыр, аңгемелерин гезиттен көргөн окуучулардын кубанычын айтып бералбайм.

Биздин газетабыздын дагы бир өзгөчөлүгү — көптөгөн окурмандар өздөрүнүн аңгемелерин, ырларын, тартылган сүрөттөрүн, кулинардык рецепттерин тынбай алып келе башташты. Өзгөчө белгилеп кете турган жагдай, биздин эң жаш авторубуз, 5-класстын окуучусу Екатерина Лапушкинанын «Башкаларга окшобогон ажыдаар» аттуу аңгемесинин жыйынтыгын окурмандар эмки жылы окушат деп ойлойбуз.

Гезитибизде ошондой эле Умида Абдуллаеванын, Зарина Солиеванын, Мавлюда Бурибаеванын, Нурулло Абдрашид уулунун, Акхад Артыковдун, Ахунжан Кадыровдун, Фериде Колигованын ата-энелерине, мугалимдерге, достукка жана толеранттуулукка арналган ырлары, бүгүнкү күндүн проблемаларын камтыган макалалары жарык көрүп турду. Кыргыз орус жана өзбек тилдүү мектептерде окуган окуучулар редакцияда чогулуп, гезитке чыга турган макалаларды бирге талкуулашты. Бул ар улуттун балдарын дагы жакындаштырды, балдардын ынтымагын, достугун чыңдады деп ойлойбуз.

Бизде мыкты жазган жана газетабызды таркатууга жардам берген окуучуларыбыз көп болду. Алардын бири Эльяр Сайдумаров. Газетаны 3 сомдон сатуу менен окуучуларга аз болсо да калем акы кылып берсек, газетаны жеткирүү чыгымын жапсак деп ойлогонбуз. Туура, көп мектеп окуучулары сатып алып окушту, көп мектеп окуучулары гезит бетинен эмне тууралуу окугулары келе турганын да айтышты.

Ал эми Курманжан Датка, Гагарин, Нышанов, Ага Хан, Киров, Терешкова, Нариманов атындагы, Ак Тилек, Керме-Тоо жана башка мектептердин администрациялары окуучулардын гезити аларга жетүүсүнө көмөк көрсөтүштү.

Бир гана шаардагы У.Салиева атындагы мектеп лицейинин завучу Асан аттуу агай «Биздин мектеп тууралуу макала ар бир санда болуш керек, болбосо биздин окуучулар албайт»,-деди. Биз ар бир санда Салиева мектеби жөнүндө эле жаза албадык. Себеби шааарда 56 мектеп болсо, ар бир санга бир мектеп жөнүндө гана жазалбайт элек. Ошондуктан ал мектепке гезит бербей калдык. А негизи гезитти өзү жөнүндөгү маалыматты окуш үчүн эмес, андагы башка макалаларды, маалыматтарды окуш үчүн алат эмеспи. Ал мектептин окуучулары биздин гезитти, биздин гезит аркылуу таратылган маалыматтарды окуй албай калышты. Асылбек аттуу окуучу өзүнүн макалаларын алып келип атты эле, ал дагы келбей калды. Белгилеп кете турган бир жагдай, Асан агайдан алган гезиттеринин акчасын төлөп коюусун бир канча ирээт өтүнгөнүбүз менен алалбай келатабыз. Окуучулардын калем акысы үчүн төлөнө турган акчаны кантип өндүрүп алсак деп ойлонуп турган чагыбыз.

Байге коюп географиялык суроолорду жарыяладык эле, №50 Нышанов атындагы мектептин 6-классынын окуучулары Бахтияр Абдысатар уулу жана Медербек Сланбек уулу туура жооп беришип, соорундарын редакциядан алып кетишти.

«Данек» гезити ошондой эле «Мыкты жомокко» сынак жарыялаганбыз. Азыркы мезгилде сынактын жыйынтыгы чыгарылууда. Мектеп окуучулары гезитке чыккан материалдарды биздин сайттан да окуп турушту.

Анда эмне дейли, сөз соңунда биз менен иштешкен жаш журналисттерибизге, биздин гезитибиздин окурмандарына окуудагы ийгиликтерди, чың ден соолук каалайбыз. Бүтүрүүчүлөр тилеген максатына жетсин, каалаган окуу жайына өтүп кетсин.

Калганыбыз жакшы эс алып, күздө кайрадан кезиккенче!

 Жыпар Акунова,

«Данек» гезитинин башкы редактору

Окшош посттор