Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Аналитика

Марат Токоев: “ДЕМ” сайтынан бир эле мезгилде кырктан ашуун гезит, сайттардын материалдарын окуса болот

Марат Токоев: “ДЕМ” сайтынан бир эле мезгилде кырктан ашуун гезит, сайттардын материалдарын окуса болот

Жакында Кыргызстандагы интернет айдыңында дагы бир “ДЕМ” атуу сайт пайда болду. Ал –  Кыргызстандын жашоо деми деп чечмеленет экен. Кызыгы, бул жерден 40тан ашуун басылмалардын жана интернет-сайттардын макалалары менен таанышууга болот. “ДЕМди” ача келсек, алыскы Кадамжай, Ат-Башынын райондук гезиттеринин материалдары жүрөт. Бул сайт туурасында айтып берүүсүн өтүнүп, анын демилгечиси жана редактору “Журналисттер” коомдук бирикмесинин жетекчиси Марат Токоевге бир нече суроолорду узаттык.

-Жакында эле “ДЕМ” аттуу сайт ачыпсыздар. Мындай сайтты ачууга эмне түрткү болду?

– Учурда интернет жакшы өнүгүп, бирден-бир маанилүү маалымат булагы катары болуп бара жатат. Кыргызстанда да акырындап интернеттештирүү күч алууда. Интернет байланыш улам батыраак, сапаттуурак жан арзанырак боло баштады. Бирок, ошол эле учурда окурмандар Кыргызстандык маалыматка жетүүдө кичине чектелип калып жатат. Эмне үчүн дегенде биздеги гезиттердин көбү интернетке чыга албай, материалдарын дүйнөлүк желеге жайгара албай жатышат. Негизинен, алардын материалдары менен кагаз түрүндө гана таанышууга мүмкүн. Ал эми ар бир гезиттин нускасы чектелүү. Гезиттердин интернетке чыкпай жаткандыгынын себеби, биринчиден, жакшы сайт түзүү арзан эмес. Сапаттуу, жакшы сайт бери дегенде 1000 доллардын айланасында болот. Экинчиден, бул сайтты алып барыш үчүн редакцияда кошумча кызматкерди кармап турууга туура келет. Сайт кызыктуу, элге белгилүү болушу үчүн  материалдар үзгүлтүксүз чыгып турушу зарыл. Демек  бир адам толугу менен сайтка иштеши керек. А кошумча журналистти кармап туруу гезиттерге жүк болуп жатат.

Дагы бир жагы бардык эле гезиттердин интернет байланышы жакшы эмес. Биз жакында Бишкектеги редакцияларды кыдырып чыкканда көптөрү интернетке жетүү жагынан кыйналып калып жаткандыгын байкадык.

-Бул сайт кимдерге көбүрөөк багытталат?

– Бул сайтты ачып бергенге, каржылоо жагынан “Кыргызстан-Сорос” фонду колдоп берди. Биз биринчи кезекти интернет сайты жок гезиттерге багытталганбыз. Алар негизинен аймактык гезиттер. Алар бардыгын болбосо да айрым жакшы, мыкты деген материалдарын интернетке чыгарууга мүмкүнчүлүк алышты. Азыр “ДЕМде” 40тан ашык ЖМК (жалпыга маалымдоо карааттары) катталса, ошолордун жарымы аймактык гезиттер. Бул жерде айта кетиш керек, Бишкекте чыгып жаткан гезиттердин көбү да өз сайттарына ээ эмес.

Экинчиден, биздин сайт окурмандар үчүн да ыңгайлуу. Себеби, алар интернеттеги бир эле булактан (“ДЕМ” сайтынан) ар кайсы окуялар боюнча ар түрдүү ой-пикирлер, көз караштар менен тааныша алат. Ошондой эле бул өлкөсүнөн алыста жүргөн кыргызстандыктарга өзгөчө сонун нерсе. Эми алар кичи мекенинде болуп жаткан жаңылыктар менен да тааныша алат.

Дагы бир белгилей кетчү нерсе – сайт 3 тилде: кыргызча, орусча жана англисче чыкканга багытталган. Тилекке каршы, англис тилдүү гезиттер аз болгондуктан, материалдарын жайгаштыра тургандар  гезиттер азырынча жок. Алар дагы келечекте чыгат.

-Сайтка материалдарды коюу үчүн канча каражат төлөш керек?

– Бизге материалдарын жайгаштыруу үчүн акча төлөөнүн кереги жок. Макалаларды бекер жайгаштыра алышат, болгону туура катталуусу керек. Экинчиден, сайтыбызда өз эрежелерибиз бар, бирөөгө жөнсүз асылган, адамдын аброюна шек келтирген, улут аралык, аймак аралык, дин аралык мамилелер ортосуна жик келтирген,  араздашууга от тамызган материалдарды жайгаштырбайбыз. Атайын модераторубуз бар, ал материалдарды карап чыгып, эгерде ошондой болсо, сайттан алып коет да, койгондорго эскертүү берет. Эгерде ошол эле ЖМК экинчи ирет дагы кайталаса, анын аккаунтун, катталышын токтотуп коюшубуз мүмкүн.

-Сиздер башка  сайттарды кайталап калган жоксуңарбы?

– Биздин сайтка окшогон сайттар Кыргызстанда бар, жаңы нерсени ойлоп чыгарган жокпуз. Бирок алар кайсы бир тилге гана (орус же кыргыз тилине) жана кайсы бир ЖМК формаларына гана (сайттарга же гезиттерге) басым кылса, биз бардыгын камтып жатабыз. Бизде ошондой эле ар бир макалага пикир жазса болот. Пикир түшкөндө түз эле ошол катталган редакциянын сайтына билдирүү барып түшөт. Сиздин ушундай макалаңызга ушундай пикир түшүптүр деген. Бул окурмандар менен гезиттердин байланыш болуусунун мүмкүнчүлүгүн түзөт. Дагы бир өзгөчөлүгүбүз, материалдарды биз эмес, бизде катталган ЖМКлар өзүлөрү жайгаштырат.

– Дагы бир жери – ЖМКлар үстүнөн даттанууларды кароо комиссиясына сайттан дароо эле кат жиберүү мүмкүчүлүгү бар дешти. Ал эмне, токтолуп кетсеңиз?

– Эгерде кайсыл бир материалга окурман нааразы болсо ал ЖМКлар үстүнөн даттанууларды кароо комиссиясына арыздана алат. Кат комиссияга барып түшкөндөн кийин, анын автору менен байланышып анын нааразычылыгын жараткан материал боюнча териштирүү жүргүзөт. Бул бардык тарап үчүн ыңгайлуу нерсе. Эмне үчүн дегенде, эгерде ушул материалдар башка жакка чыгып кетсе, анда окурмандар даттануу комиссиясына эмес эле түздөн түз сотка кайрылышы мүмкүн болучу. А бул жерде ушундай жол менен кайсы бир материал боюнча дооматты сотко жеткирбей эле чечүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берип жатабыз.

Булак: “Де-Факто” газетасы, 21-декабрь, 2012-ж

Окшош посттор