Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

«Үчүнчү телеканалдын» кеңсесин өрттөп кетүү боюнча медиа коомчулуктун билдирүүсү

«Үчүнчү телеканалдын» кеңсесин өрттөп кетүү боюнча медиа коомчулуктун билдирүүсү

2020-жылы 7-июнда Талас шаарында “Үчүнчү канал” телеканалынын кеӊсеси өрттөлүп, эфирге чыгаруу техникасы толугу менен күйүп кеткен. Келтирилген зыяндын жалпы өлчөмү 15 миӊ АКШ долларын түзөт.

Талас облусунун ички иштер башкармалыгы билдиргендей, “имараттын терезеси сындырылып, ичкериге өрт алдыруучу суюктук куюлган бөтөлкө ыргытылган” (https://journalist.kg/kg/news/v-talase-podozhgli-ofis-3-kanala/). Бул факт Кылмыштар жана жосундардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Редакциянын кеӊсесине өрт алдыруучу суюктуктун ыргытылышы – буга барган кылмышкерлер бүтүндөй телеканалдын мүлкүнө зыян келтирүүнү же толугу менен жок кылууну көздөгөндүгүн билдирет. Жеке менчик ЖМКнын кеӊсесине кол салуу болду, укук коргоо органдары ыкчам тартипте ушул кылмышка тиешеси бар адамдардын баарын таап чыгууга тийиш.

Соӊку кездерде журналисттер кесиптик ишмердүүлүгүн алып барууда ар түрдүү тоскоолдуктарга гана дуушар болбостон, алардын коопсуздугуна, жеке менчик ЖМКлардын мүлкүнө да коркунуч келтирилген учурлар дагы болду.

Мисалы, 2020-жылы 3-мартта түнкүсүн белгисиз адамдар Бишкек шаарында “Политклиника” редакциясынын терезедеги темир торчосун жана кире бериштеги эшигин талкалап, ичкери кирип, журналисттердин эстутум дисктерин жана жазмаларын уурдап кетишкен (https://journalist.kg/kg/news/neizvestnye-nochyu-pronikli-v-ofis-internet-izdaniya-politklinika/). Бирок кымбат баалуу кеӊсе техникасына (ноутбуктарга, принтерлерге ж.б.у.с.) тийишкен эмес. Редакция Бишкек ш. Биринчи май РИИБге арыз менен кайрылып, видеокамерадагы жазмаларды берген. Бирок азыркы кезге чейин укук сактоо органдары кылмыш жасаган адамдарды табуу үчүн зарыл тергөө иш-чараларын жүргүзгөн жок. Укук коргоо органдарынын аракетсиздигине байланыштуу 2020-жылы 13-майда “Политклиника” гезитинин редакциясы Бишкек ш. Биринчи май райондук прокуратурасына даттануу менен кайрылды.

Укук коргоо органдарынын мыйзамдуу чара көрбөй, атүгүл эч аракет жасабай койгондугу журналисттерге карата зомбулукка жана көз карандысыз ЖМКлардын ишмердигине кысым жасоого шыкак болору анык.

КР “Журналисттин кесиптик ишмердигин коргоо жөнүндө” мыйзамы кесиптик ишмердигин жүргүзүүсүнө байланыштуу журналисттерди опузалоого, аларга зордук кылууга, өмүрүнө, ден соолугуна жана мүлкүнө зыян келтирүүгө тыюу салат.

Өлкө жетекчилерин жана ички иштер органдарын бул кылмыштарды териштирип, жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишмердигине кастык кылган бул фактыларды ыкчам, калыс, кылдат жана көз карандысыз иликтенишин камсыздоо үчүн бул ишти жеке көзөмөлгө алууга, күнөөлүү адамдарды жоопко тартууга чакырабыз.

«Институт Медиа Полиси» коомдук фондусу
Журналистик иликтөөлөр фондусу
КР Интерньюс өкүлчүлүгү
«Журналистер» коомдук бирикмеси
Kaktus.media редакциясы
«24.kg» МА
Көз карандысыз журналисттер союзу
Govori TV
«ПолитКлиника» редакциясы
«Контент Медиа» коомдук фондусу
Жалил Сапаров
Динара Суймалиева, «Мир» ЭТРК УФнын директору
«Медиа өнүгүү борбору» коомдук фондусу
Марат Токоев
Тамара Валиева
Авланбек Джумабаев
“Апрель” телеканалы
Тынымгүл Эшиева
“Т-Медиа групп” ТРК
Гүлзат Газиева
Factcheck.kg

Окшош посттор