Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Журналисттер, жамаачы болбогулачы!

Журналисттер, жамаачы болбогулачы!

2010-жылдын апрель ыңкылабынан кийин мамлекеттик ЖМКлар кызылдай эле бийликти мактоодон аз да болсо арылгансыды. Бирок маселе маңызы ушуну менен аягына чыкты деп айтууга эч качан ооз барбайт. Демек, коомго терс таасирин тийгизип, атпай Ала-Тоону булгап жаткан «иттин өлүгү» кайда жатат деген собол ЖМКларга эми анык келди.

Анткени ЖМКларды жана журналисттерди сотко берүү жараяны кайрадан көтөрүлдү. Албетте, коомдо болуп жаткан бардык кыймыл-аракеттерге түздөн-түз таасири бар журналист деген жаран жана ал иштеген ЖМК коомдон эч качан сыртта калбайт. Бирок мындан ары Кыргызстанда кайсы бир жарандын, же бийликтин  же саясий жана коомдук уюмдун ЖМКлар жана журналисттер менен соттошуусу тап катары жоюлушу керек. Ал үчүн эң оболу бардык ЖМКлар «жамаачы журналисттерден жана шыбакчы ЖМК жетекчилерден» арылмайын бул көрүнүш боло бермекчи. Соңку бир-эки эле мисал.

Кыйлабыз сыйлаган Өмүрбек Текебаев быйылкы жылдын башында «Азия News» аттуу гезитке 1 миллион сом доо коюп сотко берди. Анда Айсулуу Дүйшөнкулова аттуу жаран маек берип, 7-апрелде талап-тоноодо «Ата Мекен» партиясынын мүчөлөрү катышкан, а түгүл партиянын атынан шайланган эл өкүлү Райкан Төлөгөнов андай иштерди координациялаган деп балп эттирген. Туура, кайсы бир жаран маек бергенге толук акылуу. Ал оозуна эмне келсе оттогонго да чек жок деп маекти жарыялоо менен аталган партиянын кадыр-баркына доо келтирилдиби же жокпу, аны гезит эсептеген эмес. Тек, балким сенсация, же ачылыш маалымат катары жарыялагандыр. Бирок ал маек партиянын лидери тарабынан «атайын уюушулган кара пиар» деп бааланып, жыйынтык сотко берилүүдө. Демек, кайда акыйкат, бейтарап жазуу деген?

– Учурда сапат үчүн эч ким жооп бербей калды. Акыркы жылдары карандай калпты ышкыртып жатса деле, бир дагы ММКнын  жоопкерчилик тартканын көрө алган жокпуз, – дейт журналист Жыргалбек  Касаболотов.

Өмүрбек Текебаевден кийин дагы бир эл өкүлү Ирина Карамушкина «24 kg.” маалымат агенттигинен

5 миллион сом компенсация алууну талап кылууда. Мынча сомду укканда далай ЖМКлар жана албетте, «жамаачы журналисттер» асман-айга секирген адаттарын карматып, ааламга айгайлап чыга келишти. Агенттиктин кабарчысы Махинур Ниязова мынча акчаны 20 жылда эч нерсе ичпей-жебей жашаганда гана таба алат, ал эки баласы менен күн кечирүүдө деп добулбас кагылды. Тилекке каршы, ошол айгайлагандар эмне үчүн М.Ниязова айым маалыматты толук тактап, анан сайтка чыгарган жок дегенди оозанышпады. Себеби ЖК депутаты И.Карамушкина айымга таандык делинген унаа Токмок шаа­рынан эки адамды сүзүп, бирөөсү ошол эле жерден каза тапкан. Кабарчынын берген маалыматы боюнча унаанын ичинде эл өкүлү өзү да болгон жана бир нече убакыттан кийин унаа кармалганда ичинде депутат айым жок болуп чыккан. Айдоочу болсо мас абалда жана алар майрамдап келе жатышкан.

Албетте, кырсык болот, ага себепкер чын эле ичип алган айдоочубу, аны иликтөө аныктайт. Бирок депутат айымдын унаада бар же жок экендигин эмне үчүн тактоого болбойт? Албетте, мындай окуя эч качан жерде калбаш керек. Тек, маалыматты берерден мурда тактоо зарылчылыгы бар эле да.

Экинчиден, эл өкүлү дароо соттошууну каалабагандыгын, редакция менен бир нече жолу сүйлөшүүгө баргандыгын, акыры чыдамы кеткенде сотко даттанганга аргасыздангандыгын белгилейт.

– Калем алдыңбы колуңа, ошол калемдин ары жагында бүтүндөй бир тагдыр турганын унутпа. Ал тагдыр бир адамдыкы же бүтүндөй элдики,-деп кеңеш берет дагы бир журналист Жыпара Арыкова.

Ошентип бир М.Ниязова айымдын калем шилтөөсүнөн улам бир агенттик сотко жооп бергени калды шекилденет. Эгерде чынында эле унаада И.Карамушкина болбосо, анда мен маалымат агенттиктин 5 миллион сом төлөшүн каалар элем. Эң башкысы ушакты, уккан кепти жазбаш керек.

Журналист журтчулугун дүрбөткөн дагы бир жагдай – «Фергана.ру» агенттигинин жабылышы. Мында деле баягы «сөз эркиндиги өлдү» деген кыйкырыктар басымдуулук кылынууда. А эң башкысы чындыгында агенттик улуттар аралык кырдаалды козуткандыгы канчалык экендигин элес албоо, кандайдыр абалда жазат десе эле ушул деп жаза берүүнүн башы кылтыйып жүрбөсүн?

– Жалпыга маалым, интернетти эч качан ооздуктоого болбойт. Ушундай макалалардын туура эмес­тигин далилдеп, коомчулуктун көз карашын нейтралдаштыра турган абдан кылдат журналисттер менен саясатчыларга муктажбыз,-дейт «ZAMAN  Кыргызстан» гезитинин журналисти Бактыгүл Чыныбаева.

Сөз төркүнүнө келсек, быйылтадан тарта «ЖМКлар жамаачы журналисттерден арылсын»

урааны  ташталышы шарт. Ал үчүн баягы эле Ленин атабыздын «Эмне кылуу керек?» – деген соболу калкып чыга келет. Анын жолу негизинен экөө эле.

Биринчиси, журналист оор басырыктуулукту, жоопкерчиликти, абийирдүүлүктү, адеп-ахлактуулукту, ыйманды бирдей ала жүрө алганда гана журналист болуп иштеши абзел.

Экинчиси, бир жактуу, бир тараптуу, сүткор, кара курсактын кулу, кимдир-бирөөнүн камчысын чабар, айлакер, амалдуу, намыссыз, маалыматты уурдагыч, оозуна келгенди оттоп жазгыч сапаттарынын бири эле болсо, мындан ары андай жарандарга ЖМКлардан орун болбоо шарт.

Бирок калемди каалагандай кайроодон улам бийликтин дагы, ага каршылаштардын дагы акырынан «жем» жеп калган «жамаачы журналисттер» эч качан арам тапкан жашоосунан кайткысы келе койбойт жана жайына койсо кайтпайт. Анткени ал ушундай жеңил-желпи жумушту пайдалануу менен эки бетти тултуйтуп эл аралап жүргөндөн уялбай да калган.

Экинчиден, аны пайдаланган ЖМК жетекчиси, анын үстүндө турган ээлик кылуучу өз кызыкчылыктары үчүн бардык аракети менен тиги «жамаачы журналист сөрөйдү» каалагандай калем шилтетүүгө аргасыз да кылып салган. Ошондуктан «мындай болуптур дейт», «андай болот экен дейт», «тиги бет тырмаптыр дейт»  ж.б.у.с. «дейттер» бара-бара таптакыр жоголушу үчүн журналисттер ич ара бирин-бирин тазалоого барышы керек.

Ушундан улам, «коомдун күзгүсү» атыккан журналист, котур ташты койнуна салып жүргөн журналисттен арылганга салым кош! Сен бийликке дагы, каршылаштарына дагы, кайсы бир партия же коомдук уюмга дагы кол жоолук болгон «жамаачыларга» каршы тур! Сен эгерде «жамаачыларды арылтканга салым кошсоң, ошондо «шыбакчы ЖМКлар» өзүнөн-өзү соолуйт. Андай журналистмин деп өзүн атагандар коомго, Кыргызстан элинин эртеңине чоң коркунуч жаратып жаткандыгын бил!

Күмөндөр УСУПТЕГИН, “Кыргыз Туусу”

Окшош посттор