Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Кылычбек Султанов, КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагасы: «Бийликке эмес, эл үчүн иштеп жеңишке жетчү мезгил келди »

Кылычбек Султанов, КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагасы: «Бийликке эмес, эл үчүн иштеп жеңишке жетчү мезгил келди »

– Суроомду учурда кээ бир адамдар тарабынан айтылып жаткан сөздөрдөн баштасам. Сизди Ак үйдүн колдоосу менен төрагалыкка келди дешүүдө…

– Мындай сөздөр мурунку системге көнүп калып, ошонун чеңгелинен чыга албагандардын кабатырлануусу окшойт. Чындыгында, азыр илгеркидей бийликтин бир буйругу менен төрага шайлай коймой заман жок. Бүгүнкү кырдаал таптакыр башка.

Апрель окуясына чейинки оппозиция лидерлеринин аракети менен учурда мамлекетибизде ачык атаандаштыкка негизделген түзүм орногон. Президент, өкмөт же парламент, азыр кайсы бийлик бутагын караба, анда атаандаштыктан утуп чыккандар орун алган. Күчкө салып, коркутуп-үркүтүү менен эмес, ар бир башчыны шайлоодо анын буга чейинки жасаган иштери, өмүр таржымалы эске алынууда.

Анын үстүнө, Баш мыйзамда жазылгандай, азыр маалымат каражаттарына президент же башка бийлик өкүлдөрүнүн басым кылуу мүмкүнчүлүгү чектелген.

– Демек, системдин өзгөрүүсү менен пайда болгон ачык атаандаштык коомдук телеканалдын ишине да таасир берет…

– Ооба. 7-апрелден кийин колунан иш келгендер, күчтүүлөр гана атаандаштыктан ийгиликтүү өтүп, татыктуусу келе алган жаңы систем орноду. Байкоочу кеңеш да анын үзүрү. Түзүм өзгөрбөй туруп Байкоочу кеңеш түзүлсө, анын миссиясы аткарылбай калмак. Байкоочу кеңештин миссиясы бул – корпорациянын жамаатын жана анын өзүн бийликтен “коргоо” болуп саналат эмеспи. Бүгүнкү бийлик Апрель окуясына чейинкилерге окшоп телеканалды өзүнүн кызыкчылыгына гана иштете албайт. Өзгөчөлүгү дал ушунда. Мурдагыдай башкы директорго буйрук берүү мезгили өттү, кетти. Азыр КТРКнын бийлик үчүн эмес, эл үчүн иштеп жеңишке жете турган мезгили келди.

– Байкоочу кеңештин мүчөлөрү Абды Сатаров менен Тамара Жаманбаеваны “Акаевдин учурунда эле КТРКнын мүдүрүнүн орун басарлары болуп турушкан. Эскилер кайрадан келип, бул жолу эмнени кыйратып жиберишмек эле?” дешүүдө. Сиз буга кандай карайсыз?

– Абды Сатаров менен Тамара Жаманбаева ал учурда орун басар болушканы менен, бийликтин камчысын чапкан эмес. Чапкандар – алардан жогору тургандар. Анткени Акаевдин мезгилинде орун басарлардын таасир берүүчү, чечим кабыл алуучу күчү жокко эсе эле. Азыр абал башка. Экөө тең телекөрсөтүүнүн белгилүү профессионалдары, иш билги адистери.

Байкоочу кеңештин мүчөлөрү жүздөгөн талапкерлердин ичинен эленип-иргелип отуруп, добуш берүү жолу менен дайындалган. Ал 15 адам жөн келип калган жок. Анын үстүнө бул органдын кимиси экенине карабастан, кайсы бир мүчөсү белгилүү бир чечимге таасир кылууга күчү жетпейт. Чечсе, бир гана көпчүлүктүн добушу менен… Бирөө туура эмес иш кылса, аны оңдоочу 14ү турат.

– КТРКнын каржы иштеринде оңдоп-түзөтүүлөр болобу?

– Биз анын баарын карап чыгабыз. Телеканал тапкан пайда кимдир бирөөнүн чөнтөгүнө эмес, анын өнүгүүсүнө, жамааттын кесипкөйлүгүн арттырууга жана профессионалдарды өз ишинде кармап калуу үчүн жумшалат.

Эльвира Караева, “Супер-Инфо” гезити, 18-май-24-май, 2012-ж

Окшош посттор