Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

“Трибунанын” ишин УКМК карап жатат

“Трибунанын” ишин УКМК карап жатат

4-мартта “Трибуна” гезитинин кеңсесинен милиция жана улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) кызматкерлери үч граната табышкан. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, учурда аны Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы иликтеп жатат. 

“Трибуна” гезитинин башкы редактору Ырысбек Өмүрзаков бул нерсени ага карата атайылап уюштурулган иш деп билдирди.

“Эртең менен редакцияга келсем, милиция кызматкерлери алгач мина бар дешти, андан кийин УКМКнын кызматкерлери менен кошо экинчи ирет тинтип, 3 граната, андан кийинки китептердин арасынан аны аракетке келтирүүчү тетигин таап чыгышты.  Бул мага карата атайылап жасалган, уюштурулган иш деп баалайм”, – дейт Ы.Өмүрзаков.

Анын себебин журналист мындан эки жума мурун жарыкка чыккан “7-апрели жана түштүк коогалаңы – 2010  журналисттин көзү менен” деп аталган китеби менен байланыштырды. Автордун айтуусунда, азыркы бийликти сындаган китеп чыгарган.

Бул окуя боюнча иштин азыр кандай абалда экенин билүү максатында ички иштер министрлигине кайрылганыбызда, учурда УКМК карап жаткандыгын билдиришти.

“Кечээ, бул боюнча топтолгон материалдар Бишкектеги 1-Май райондук прокуратурасына берилген. Прокуратура бул ишти тергөө үчүн Улуттук Коопсуздук мамлекеттик комитетине өткөрүп берди. Тергөө иштерин эми алар жүргүзөт”, – деди ИИМдин басма сөз кызматынын жетекчиси Жоробай Тилеков.

Медиа айдыңында, бул окуя туурасында ар кыл пикирлер айтылууда. Журналисттер коомдук бирикмесинин жетекчиси Марат Токоев бул окуя көп суроолорду жаратып жаткандыгын айтат.

“Трибуна” гезитинин редакциясында граната бар экендигин анонимдүү адам кабарлаган дешти. Адатта, укук коргоо органдары бомба коюлду деп телефон чалгандарды деле таап чыгышчу эмес беле. Экинчиден, мындай жагдайдын болушуна кызыкдар болгон тараптар да бар. Анткени, Ы.Өмүрзаков көп жагынан “ыңгайсыз” журналист болуп эсептелет. Алар кайсыл тараптар, анын артында кимдер турат. Бул жаатта да суроолор арбын. Эмне болгон күндө да жакшы эмес көрүнүш болуп турат”,-дейт М.Токоев.

Ал эми медиа адис Илим Карыпбеков муну өтө терс көрүнүш катары баалап, логикага сыйбай турган аракет деген пикирин айтты.

“Бул өтө терс көрүнүш, бул өтө таңгалычтуу, логикага сыйбаган нерсе болуп турат. Гезиттин редакциясы ушул гранатаны алып алып не кылат экен? Керек болсо, гезиттин колунда жарылуучу граната эмес, андан он эсе, миң эсе күчтүү куралы бар. Алар материалын гезит бетине эле чыгарып койсо, ошол катуу резонансты пайда кылат. Азыркы нерсеге ишениш кыйын. Бул жерде укук коргоо органдары олуттуу далилдерди алып чыгып, олуттуу далилдерди көрсөтүп, логикалык нукка салып, элдин алдында көрсөтүп, далилдей албаса, анда сөзсүз түрдө мурункудай эле коркутуп-үркүтүү, ошондой жол менен эле кысым көрсөтүү деп бааланат. Укук коргоо органдары тез аранын ичинде өзүнүн кылган иш аракеттеринин баарын эмненин негизинде болду, көрсөтүшү керек. Бүгүн бул гезит болсо, эртең “Де-Фактодон”, бүрсүгүнү “Алибиден” бир нерсени таап киришет. Дагы башка гезиттерде болот”, – деди Илим Карыпбеков.

Сүрөт: Интернеттен алынды

Окшош посттор