Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Москвада журналистке кол салды делген кыргызстандык жаран тууралуу маалымат такталууда

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалымат кызматынан билдиришкендей,  окуянын чоо-жайын билүү үчүн Москва шаардык ички иштер бөлүмүнө расмий кат  жолдонду, деп билдирет “Азаттык” радиосу.

Буга чейин Орусиянын “Эхо Москвы” жана “Маяк” радиолорунда иштеген журналист Сергей Асланянга кол салды деп Кыргызстандын бир жараны кармалганы дайын болгон. Муну «Азаттыкка» Москва шаардык ички иштер башкармалыгынан тастыкташкан.

Орус күч органдарынын маалыматына ылайык, кылмышка шектелген жаран ушул жылдын 28-майында Москвада журналистти үйүнөн сыртка чакырып, батиринин алдында кайчы менен 15 жолу сайган. Андан соң Кыргызстанга качып кеткен. Өткөн дем алыш күндөрү кылмышка шектүүнүн Орусияга келгени тууралуу маалымат түшүп, ал Челябинсктен кармалган.

Булак: http://www.azattyk.kg/archive/ky-news/20120927/828/828.html?id=24721137

Окшош посттор