Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Аналитика

“Медиа Консалт” фонду Кыргызстандагы ЖМКлардагы жана он-лайн басылмалардагы этикалык стандарттарга мониторинг жүргүздү

“Медиа Консалт” фонду Кыргызстандагы ЖМКлардагы жана он-лайн басылмалардагы этикалык стандарттарга мониторинг жүргүздү

“Медиа Консалт” Фонду «ЖМКлардын кесипкөйлүгү: Кыргызстандагы ЖМКлардагы жана он-лайн басылмалардагы этикалык стандарттарга мониторинг» долбоорунун алкагында атайы сереп жүргүздү. Анын максаты КР журналистинин этикалык кодексинин нормаларынын ЖМКларда бузулушун аныктоо эле.

2012-жылдын 15-мартынан 15-июнуна чейин жүргүзүлгөн контент-талдоо көрсөткөндөй, ЖМКлар журналисттик сапаттык стандарттардын жана этикалык нормалардын базалык принциптерин бузууга жол беришүүдө. Айрыкча саясий окуяларды, кылмыш хроникасын жана үй-бүлөлүк чыр-чатактарды чагылдырууда кесиптик даярдыгы жетишпей жатат. ЖМКлар тигил же бул саясий топторго же чатакташкан тараптардын бирөөнө жан тартып жатканы ачык байкалууда. Этникалык маселелерди жана этностор аралык мамилелерди чагылдырууда журналисттердин кесиптик маданияты дагы эле төмөн бойдон калууда.

“Кесиптик жана этикалык нормалардын бузулушу көп учурда атайын максат менен эмес, кесиптик даярдыгынын жетишпегендигинен болуп жатат деп ойлойбуз. Ошондуктан бир катар ММКларда этикалык нормаларды жана кесиптик стандарттарды сактоо боюнча окутуу иш чараларын өткөрүү максатка ылайык”, – деп белгилейт “Медиа Консалт” фондунун жетекчиси Эльмира Токтогулова.

Мониторингдин тыянагын толугу менен бул жерден окуй аласыз.

Окшош посттор