Коомдук ишмер, журналист Мелис Эшимканов атындагы фонд жана анын ысымындагы Кыргызстан журналисттер Интернет-сайты (www.eshimkanov.kg) ачылды. Ачылуу иш-чарасына маркумдун жакындары, коомдук ишмерлер, саясатчылар жана журналисттер катышты.
Мелис ЭШИМКАНОВдун ысымын түбөлүктөштүрүү, Кыргызстан журналисттерин колдоо жана сөз эркиндигин өркүндөтүү максатын көздөйт. Фонд таланттуу журналисттерди колдоо, сөз эркиндигине байланыштуу иш-чаралаларды мезгил-мезгили менен уюштуруу, басма сөз мыйзамдык базасын толуктоо, кесиптештердин пикир жана тажрыйба алмашуусуна шарт түзүп берүүнү көздөйт.
Мелис Эшимкановдун ысымын алган сайт – журналисттер үчүн баарлашуу, пикир алышуу жана өз макалаларын жайгаштыруу мейкиндиги. Сайтка бардык журналисттер: гезит менен интернет басылмаларында, электрондук ММКларда иштеген журналисттер өздөрүнүн макалаларын, репортаждарын жайгаштыра алат.
Фонд журналисттер үчүн Мелис Эшимканов атындагы сыйлыкты уюштурду.