Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Аналитика

Орозалы бул өмүрдөн кетсе да, көңүлүбүздөн кетпейт

Орозалы бул өмүрдөн кетсе да, көңүлүбүздөн кетпейт

Жакшы адамдын көзү өткөндөн кийин экинчи өмүрү башталат. Жүрөгү таза, эл-журтуна ак кызматын арнаган, адамдарга колунан келген жакшылыгын аянбаган, жылуу сөзү, адамгерчилиги менен көпчүлүккө жаккан инсан бул өмүрдөн кетсе да, көңүлдөрдөн кетпей, жашоосун улантат.

Жазгы күндөй барпаңдаган жоомарт мүнөз Орозалы инибизден айрылганыбызга ай айланып баратат. Бирок, анын арабызда жоктугуна дагы эле ынангыбыз келбейт, дагы эле коштошууга кыя албай, жаркылдап агынан төгүлүп туруучу элеси кадимкидей көз алдыбыздан кетпей жүрөт.

Орозалы бул жарыкчылык менен кош айтышкан кайгылуу күндөрү мезгилдүү басма сөздөрдө, интернет басылмаларда аны жакындан таанышкан замандаштары, кесиптештери, калемдештери оор жоготууга кабыргалары кайышып, жакшы жактарын эскеришип түтөп жатышты. Адамдын кызматын акчага сатып алууга болот, бирок сый-ызаат жүрөктөн гана чыгат. Орозалы көпчүлүктүн жүрөгүн өзүнүн адамдык сапаттары менен гана ээлеп алган экен

Орозалы менен АКИpress маалымат агенттигинин Түштүк өкүлчүлүгү 2004-жылы Ош шаарында ачылгандан баштап өмүрүнүн акырына чейин жакындан кызматташтыкта болдук. Өкүлчүлүк жаңыдан ачылганда Жалал-Абад облусу боюнча кесипкөй журналисттерди издегенибизде көпчүлүк Орозалыны сунуш кылышкан. Ошондо көп талапкерлердин ичинен аны тандап алуу туура чечим болгонун кийинки жылдар ырастады.

АКИpress-Ош маалымат-аналитикалык бюросунда кызматташкан 10 жылдан ашуун мезгилде Орозалы өз ишине болгон жоопкерчиликтүү жана иш билги мамилесин бир дагы жолу өзгөрткөн жок. Эң жооптуу маселе боюнча ага кайрылсак сөзсүз натыйжа болорун билчүбүз. Жалал-Абад аймагы боюнча ал тааныбаган жана билбеген жетекчи, же тармак жок эле. Саясатта да, коомдук турмушта да, а түгүл ар кандай чырдуу инциденттерде да окуянын өзөгүн талдап аныктап, анан негизги булактарга шилтеме, жетиштүү фактылар менен так, бейтараптуу жана оперативдүү маалыматтарды берчү. Анын даярдаган материалдары журналистиканын чыныгы стандарттынын талабына шайкеш келгендиги менен окурмандардын ишенимине арзычу.

Орозалы ак иштеди, ак жашады. Жеке пайдасы үчүн бийликтин, же саясий жана башка күчтөрдүн “камчы чабаарына” айланууга абийри жол бербеди. Артынан “Ал баланчанын кишиси” деген сөз ээрчиткен жок. Мындай чыгаан журналистти да өз командасына кошууга кызыккандар көп болсо да ал жан дүйнөсү, идеясы жана адамдык ар намысы эркин бойдон калышын каалады. Ошон үчүн ал эч кимдин көзүн карабастан, коркок-билиш болбостон туруп чындыкты тике жаза алды, коомдук окуяларга обьективдүү сереп жүргүзүп, акты ак, караны кара дегени менен көпчүлүктүн урмат-сыйына ээ болду.

Бул турмуштун жалаң чыныгы фактыларынан турган маалыматтардын артында журналисттин тобокелдиги, өмүрүнүн коопсуздугу, кесипкөйлүгү, түмөн түйшүгү окурмандарга билинбестен калаары чын. Азыркы карама-каршылыктар өтө курчуган доордо жаңылыктар менен иштөө журналисттен өтө тобокелчиликти жана курч көздү, уганаак кулакты, серепчил акыл-эсти талап кылат. Орозалы мындай учурда өзүнүн журналисттик милдетин баарынан мурда коюучу. Ошондуктан, кээ бир жетекчилер, алардын ичинде прокурорлор, акимдер, мэрлер, милициянын начальниктери, алар жаап-жашыргысы келген маалыматтардын жарыялаган Орозалыга кастарын тигишкен да учурлар болгон.

Акыркы он жылдын ичинде элдик революциянын бешиги болгон Жалал-Абад аймагында 2 революция, июн окуялары, бийликтин күчтөп алмашуулары, пикет-митингдер сыяктуу коомдук-саясий абалдын чыңалуусу эң пигине жеткен учурлар көп болду. Орозалыга окшогон кесипкөй журналисттердин эмгеги менен бул окуялар жөнүндө ар тараптуу жана туура маалыматтар элге жетип жатты.

Орозалы өз ишин ар кандай материалдык кызыкчылыктан жогору коерун жакшы билчүмүн. Анткени, биз менен иштешкен жылдары бир да жолу акча маселесин козгогон эмес. Же эмгек акыны көбөйтүү, же материалдык колдоо жөнүндө суранып бир да жолу кайрылбаптыр. Өткөн жылы, ага банк аркылуу эмгек акысын салып, бирок, которуу кагазында аты-жөнү туура жазылбай калыптыр. Натыйжада ал бир айлык эмгек акысын албай калат, бул жөнүндө бизге да билдирбейт. Кийин, экинчи айдын эмгек акысын салаарда сурасам гана айтып жүрбөйбү “албадым” деп. Кандайдыр бир курч окуялар жүрүп жаткан аймактарга чукул тапшырма менен барып келишин суранганыбызда да ал ооруп жатканын, же кошумча каражат бөлүп бергиле деп айтчу эмес. Өзүбүз убада кылган каражатты да бермейинче сурабаган. Эмгек акы алабы, албайбы, ага карабастан ар кандай маселе боюнча кайрылганыбызда ак ниети менен ийнине жеткире жасап берчү.

Мен ага ар убак кайрылаарымда бир тууган инимдей ишенип жана таянып турчумун. Анткени, Орозалы эч качан менин өтүнүчүмдү жерге таштабасын жана колунан келишинче тыкан аткарууга аракет кыларын билээр элем. Ал башка кесиптештерине, жолдошторуна же жөн эле замандаштарына да ушундай эле адамгерчиликтүү таза мамиледе болгонун көзү эткенден кийин баары арман кылып жазышканын окудум. Орозалынын ак ниеттүүлүгү, тазалыгы жана адамгерчилиги баарыбыз үчүн терең арман жана жылуу эскерүү болуп жашай берет.

Анын дагы бир мени таң калтырган улуулугу: өзүнүн оорусу жөнүндө наалып, же санааркап сөз кылбагандыгы эле. Бир эки жолу телефон чалсам убагында жооп бере албай, кийин кайра өзү байланышка чыгып, гемодиализ алып жатканын айткан. Бөйрөгүнүн оорусу, ар бир 15 күндө аны тазалатып, гемодиализ алаарын ошондо укканмын. Бирок, ушундай оор дарт менен да кыйналганын билгизбей, элден калышпай активдүү иштеп жана жашоону уланта бергендиктенби, биз Орозалынын оорусун унутуп да калыппыз. Ал жашоого болгон сүйүүсүнүн жана умтулуусунун күчү менен кандай гана дарт болбосун жеңип кетет деген ишенимде элемин.

Акыркы убакта Орозалынын басмада даярдалып жаткан “Нөшөр” аттуу ыр жыйнагынын жарык көрүшүн күтүп жатканбыз. “Китебиң чыкканда сөзсүз Ош шаарында да бет ачаарын өткөрөлү” деп сунуш кылганмын. Анткени, өзү Жалал-Абад шаарында жашап, иштесе да Ош, Бишкек шаарларында жана башка аймактарда анын чыгармачылыгынын күйөрмандары, достору, сыйлашкан адамдары көп экендигин билчүмүн.

Орозалынын ырларын гезит-журналдардан окуп жүрдүм. Ал поэзияга да чынчыл мамиле жасагандыктан өзүн өзү акын катары жарнамалагандан каччу. Бирок, башка акындардын чыгармаларынын мыкты окурманы, күйөрманы экендигин ар убак билдирип, көңүлүн көтөрүүгө уста эле. Орозалынын ырларында адамдык туюм-сезимдеринин тереңдиги жана өзгөчөлүгү окурманды өзүнө тартып турчу.

Бир жолу Орозалы Фейсбукка өзүнүн бир туугандары менен чогуу түшкөн сүрөттү койду. Ошондо анын өнүп-өскөн көп балалуу үй-бүлөдөн экендигине, жанында тизилип турушкан ага-инилерине, эже-карындаштарына баарыбыз суктанганбыз. Ал бизге урабай турган опол тоодой бекем жана бай түп чынардай кубаттуу жана буудай кырманындай бай сезилген. Кийин көңүл айтканы барганыбызда эже-карындаштары Орозалынын жанда жок боорукердигин жана айкөлдүгүн айтып ыйлашты. Ал эн мыкты журналист жана акын гана эмес, эн мыкты ага жана ини да боло алган экен бир туугандарына.

Адамдын баары өлбөстүктү каалашат. Ал үчүн бул жашоодо жакшылыктын үрөнүн себип, өзүнө адамдардын жүрөгүндө калуучу эстелигинин ар бир кышын бирден коюп барышы керектигин баарыбыз эле биле бербейбиз. Орозалы да көзүнүнү тирүүсүндө өзүнө өлбөстүктү жасап кетиптир. Ал өзүн тааныган жана урматтаган адамдардын жүрөгүндө, эс тутумунда жана ырларында жашай берет. Артында изин улай турган мыкты уулу-кыздары турат. Орозалы бул өмүрдөн кетсе да көңүлүбүздөн кетпейт.

Зинакан Пасаңова

Окшош посттор