Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Радио “Ынтымак”: “Баардыгы жакшы!”

Радио “Ынтымак”:  “Баардыгы жакшы!”

Жакында Ош шаарындагы “Ынтымак” коомдук-аймактык телерадиосу эфирге өз алдынча FM 106.1 жыштыгында 24 саат бою чыгып баштайт. Андан сырткары өзүнүн интернет сайты ачылып,  каалагандар радио берүүлөрүн интернеттен угуу мүмкүнчүлүгү жаралат. “Ынтымакчылардын” күзгө жакын телеберүүлөрдү да даярдап чыгаруу планы бар.

Диляфуз Хамидова

Мындан үч ай мурун Кыргызстандын Ош шаарында “Ынтымак” деп аталган улутаралык радио түптөлгөн. Учурда улуттарды консолидацияга, достукка, бирин-бири сыйлоого чакыруу максатында иш алып барууда. Ошондон бери “Алмаз” радиосунун жыштыгында “Ынтымак” радиожурналы угармандарга тартууланып келе жатат. Ош, Жалал-Абад шаарларында жана жакынкы  бир нече айылдардын аймагындагылар бир эле мезгилде  кыргыз, орус жана өзбек тилинде маалымат алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Учурда радиодо кыргыз, өзбек улутундагы 15ке жакын чыгармачыл жаштар иштейт. Маалыматтык, музыкалык маанайдагы ондон ашык рубрикалары бар. Андан сырткары ар кы турмуш-тиричиликке керектүү кеп-кеңештерди сунуштаган  радиоберүүлөр даярдалат.

“Ынтымакта” иштеп жаткандардын бири Диляфуз Хамидова, радио түптөлгөндөн бери ушул жерде. Ди-джей, кыргызча, орусча, суудай билет.

“Биринчи учурда эфирге чыкканда толкундагам, азыр көнүп калдым. Ди-джейлик кесипти ушунчалык жакшы көрөм. Биз “Бардыгы жакшы” деген ураанды тандап алганбыз.   Демек, биз бардык жакшы нерселерди угармандарыбызга тартуулаганга аракет кылышыбыз керек”,-дейт Диляфруз Хамидова

Элёрбек Байназаров

Жамааттын дагы бир өкүлү Диляфуз Элёрбек Байназаров. Журналистикада анын үч жылдык тажрыйбасы бар. Ата-энеси өмүр бою медиа тармагында иштеген адамдар. Элёрбек ар улуттун өкүлдөрүнөн турган “Ынтымактын” эмгек жамааты жалаң жаштар экендигин, алар достукту, биримдикти бекемдөөгө ушул иши менен салымын кошуп жаткандыгын айтат. “Башка массалык маалымат каражаттарына барбадым, себеби, мага “Ынтымактын” багыты жагат, жана бул жерде канааттануу менен иштейм”,-дейт  Элёрбек Байназаров.

“Улут аралык ынтымакты чындоо менен бирге эле, элди бейпил жашоону калыптандырууга көмөкчү болобуз. Буюрса, эми өз жыштыгыбызда 24 саат бою эфирге чыгабыз”,-деп билдирди “Ынтымактын” редактору  Сабыр Абдымомунов.

Окшош посттор