Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

“Азаттыкка”, “Клоопко” жана “24.kgге” каршы доо арыз боюнча билдирүү

“Азаттыкка”, “Клоопко” жана “24.kgге” каршы доо арыз боюнча билдирүү

Бул доо арыздын берилиши – ушул тема боюнча эч ким жазбасын деген ишаратта калган бардык ЖМКларга сес көрсөтүү аракети болуп саналат. Ал эми Свердлов райондук соттун чечими белгилүү бир ЖМКларга кысым көрсөтүү болот, анткени алардын иш-алып баруусуна тоскоолдуктар жаралды (болгонда да бул нерсе доо арыз боюнча соттун чечими чыга электе эле болуп жатат). ЖМКлар ишин жүргүзө албай калганы жатат, каржылык милдеттерин аткара албагандыктан чарбалык иштери токтойт, жамааттарына айлыктары төлөнбөй калат.

?КР Конституциясы боюнча, адамдын укуктарын жана эркиндиктерин чектөө мыйзамдуу максатта гана жүргүзүлүп, киргизилип жаткан чектөөлөр көрсөтүлгөн максаттарга өлчөмдөш болушу керек. КР Конституциясында белгиленген ой-пикир эркиндиги тууралуу укуктар эч чектелүүгө тийиш эмес (20-берене).

?Соттук органдардын көз карандысыздыгынын принциби соттук териштирүүнүн акыйкат жүргүзүлүшүн жана бардык тараптардын укуктарынын сакталышын талап кылат. Камсыздоочу чараларды көрүп жатып сот, биринчиден, демократиялуу өлкөдө аларды кабыл алуу зарыл жана жөндүү экенин моюнга алат. Эмне үчүн демократиялуу өлкөгө басым кылып жатабыз? Анткени биздин Конституцияда белгиленгендей, биз чындыкты айткан ЖМКлар куугунтукталган авторитардык өлкө эмеспиз, демократиялуу өлкөбүз. Мындай чечимди кабыл алуунун зарылчылыгы эмнеде эле.

?Сот бирөөнүн каалоосу менен эле макул болуп, уюмдардын укуктарына кийлигише албайт. Сот өзүнүн маңызы боюнча акыйкаттыкты баарынан алдыга коюп, коомдун кызыкчылыктарын канааттандырышы керек. А бүгүнкү күндүн талабы – ЖМКлардын банктык эсептерин арестке алуубу?

?Сот өзүнүн чечими менен ушуга окшош каалоо-тилектерди аткаруу мүмкүн экендигин көрсөттү. Башкача айтканда, соттун пикири боюнча, доогердин укуктарынын жана кызыкчылыктарынын корголушун ушундай жол менен камсыздаш үчүн ЖМКлардын кирешеси менен журналисттердин айлыктарын өлчөмдөрү жетиштүүбү? Миллиондогон сомдук доо арызды сот канааттандыра алгандай Кыргызстанда мындай кирешелерди көргөн ЖМКлардын бар экени чоң күмөн. Болгондо да акчанын төлөнүшүн камсыздоочу бул чара доо арыз карала электе эле жасалып жатат.

?Доогер каалаган сумманы сурашы мүмкүн, бул анын укугу. Бирок мыйзам боюнча, доогердин сураганын канааттандыруу керекпи, же жокпу аны сот гана чечет. Сот ЖМКны эч нерсесиз калтыра албайт жана да ага барбашы керек, ошондуктан доогердин доо арызын канааттандырган күндө да, моралдык чыгымдын ордун жабуу тууралуу чечим чыгарып жатып сот эстүүлүк, адилеттүүлүк жана өлчөмдөштүк талаптарды эске алуусу зарыл.

?Мыйзам боюнча, сот келтирилген чыгымга жараша компенсациянын суммасын аныкташы керек, а бул жерде мүлк менен эсептелбеген чыгым болууда, доогер аны да тастыктап бериши абзел. Сот доогер нравалык жана физикалык азап чеккенин; ал кайсы шарттарда жана эмнеден болгонун; азап чегүүлөр кандай мүнөздө болгонун; алардын укук бузуулар менен байланышын; материалдык эмес баалуулуктардын мүнөзүн жана баалуулугун; аталган иште кароодо маанилүү болгон дагы башка жагдайларды да аныкташы керек.

?Соттун счетко арест салуусу боюнча конституцияга каршы келген жана негизсиз укукка кийлигишүү катары сөзсүз арыз берилет. Экинчи инстанция (Бишкек шаардык сот) мыйзамдарды жана адилеттүүлүк менен эстүүлүкту эске алып бул чечимди жокко чыгарат деп үмүт кылабыз.

«Медиа Полиси Институту» КФ
«Журналисттер» КБ
КР журналисттеринин көз карандысыз союзу
Интерньюс-Нетуорктун КРдеги өкүлчүлүгү
Журналист Азамат Тынаев
Эльмира Токтогулова, медиа-эксперт
Дина Маслова Kaktus Media
Елена Воронина, медиа-эксперт
Авлан Джумабаев, медиа-эксперт
Аделя Лаишева, медиа-эксперт
У.Эгизбаева атындагы Журналисттик иликтөөлөр фондусу
Тамара Валиева, медиа-эксперт
Наталья Утешева, укук коргоочу
“Медиа өнүктүрүү борбору” КФ

2019-жылдын 12 декабрында Свердлов райондук соту үч ЖМКнын – “Азаттык”, 24.kg, “Kloopтун” банктык счетторуна арест салган чечим чыгарган.

Эскерте кетсек, Бажы кызматынын экс-кызматкери Райымбек Матраимов “Азаттык”, “Kloop” жана 24.kg медиаларын сотко берген. Доо арыз ошондой эле журналист Али Токтакуновго каршы берилди. Кадыр-баркын коргоо тууралуу доо арыздын суммалары төмөнкүдөй: “Азаттык” – 22 миллион сом, “Kloop” – 12,5 миллион сом, 24.kg – 15 миллион сом. Белгилей кете турган нерсе, 24.kg сайты “Азаттык” менен “Kloop” даярдаган контрабанданын схемалары жана өлкөнүн чегинен сыртка алып чыгарылып кеткен $700 миллион тууралуу материалын басып чыгарган. Башка ЖМКлар дагы бул материалды басып чыгарышкан, бирок негедир экс-бажычы ушул үч ЖМКны гана сотко берген.

Окшош посттор