Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

8-декабрда журналисттердин республикалык конференциясы өтөт

8-декабрда журналисттердин республикалык конференциясы өтөт

8-декабрда Бишкекте Кыргызстан журналисттеринин “Жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК): Эркиндик жана жоопкерчилик” аттуу республикалык конференциясы өткөрүлөт.

Иш-чаранын уюштуруучулары: Бишкектеги Улуу Британия элчилигинин колдоосу менен ЖМКлар үстүнөн даттанууларды кароо комиссиясы, “Маалымат укугу борбору” коомдук биримдиги жана «Журналисттер» коомдук биримдиги. Конференциянын максаты – ЖМКлар үстүнөн даттанууларды кароо комиссиясынын мүчөлөрүн шайлоо жана учурдагы Кыргызстан журналистинин Этикалык кодексине түзөтүүлөрдү киргизүү. Конференцияда ЖМКлар үстүнөн даттанууларды кароо комиссиясынын төрагасы Шамарал Майчиевдин отчету окулат, андан соң комиссиянын мүчөлөрүнүн шайланышы пландаштырылууда. Мындан сырткары өз докладдары менен «Азаттык» радиосунун Бишкек бюросунун жетекчиси Султан Жумагулов (темасы: “Кыргызстан ЖМКлары: Эркиндик жана жоопкерчилик”), публицист Кубан Мамбеталиев (темасы: «Журналисттердин социалдык кепилдиктери”), Кыргызстан ЖМК кызматкерлер профсоюзунун төрайымы Мэри Бекешова (темасы: «ЖМКнын ээлери менен журналисттердин ортосундагы эмгек мамилелери”) чыгып сүйлөшөт. Конференциянын күн тартибине Кыргызстан журналистинин Этикалык кодексине толуктоолор жана өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси коюлган. Султан Жумагуловдун айтымында, Кодекс – сөз жок аткарылууга жата турган мыйзам эмес. Бирок ал ким бирөөнүн ар-намысына доо кетирүүдөн, өзүбүздүн ишибизди адал кыла турган, эң негизгиси – соттук куугунтуктун түйшүктөрүнөн жана азаптарынан калкалай турган документ. Бул документти журналисттик жамаатка өкмөт таңуулаган эмес – тетирисинче аны көптөгөн жылдардын акылына жана тажрыйбасына таянуу менен журналисттер өздөрү жапатырмак иштеп чыккан. Маалымат үчүн: ЖМКлар үстүнөн даттанууларды кароо комиссиясы – Кыргызстан журналистинин Этикалык кодексинин негизинде иш алып барган, журналисттердин ишмердигин ич-ара жөнгө салуучу орган. Кодекс 2009-жылы Кыргызстан журналисттеринин съездинде 120дан ашуун делегат тарабынан кабыл алынган. ЖМКлар үстүнөн даттанууларды кароо комиссиясынын негизги милдеттери:  – Кыргызстан журналистинин Этикалык кодексинин негизинде сотко жеткирбей ЖМК менен маалымат алуучунун ортосундагы информациялык талашты чечүү; – журналисттер арасында этикалык нормаларды жана эрежелерди жайылтуу; – Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын журналистика кафедра жана факультеттериндеги студенттерине этикалык нормаларды окутуу боюнча иш алып баруу; – өлкөнүн журналисттик коомчулугун топтоп чыңдоого кол кабыш кылуу  Кошумча маалымат алуу үчүн телефондор: (312) 663006, 663013, (0772) 663849 (Жаркынай Жарасул кызы) же электрондук адрес – mmcc.kg@gmail.com, zharkynai@medialaw.kg

Фото: В.Ушаков

Окшош посттор