Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Мелис Эшимкановдун жаркын элесине арналган кичи футбол турнири өткөрүлдү

Мелис Эшимкановдун жаркын элесине арналган кичи футбол турнири өткөрүлдү

Үстүбүздөгү жылдын 23-июнунда мыкты саясатчы, чыгаан журналист Мелис Эшимкановду элесине арналган массалык маалымат каражаттарынын арасында кичи футбол боюнча турнир болуп өттү. Турнирге 12 команда катышып, алар 4 тайпага бөлүндү.

«А» тайпасы:
«Күндарек» гезити  – НТС каналы: 12-0
КТРК каналы – НТС канал: 7-1
КТРК – «Күндарек»: 3-1

КТРК, «Күндарек» 1/4 финалга чыгышты.

«В» тайпасы:
«АКИпресс» агенттеги – «Азаттык» үналгысы: 0-6.
«Супер-Инфо» гезити – «АКИпресс»: 2-4
«Азаттык» – «Супео-Инфо»: 6-2

«Азаттык», «АКИпресс» 1/4 финалга чыгышты.

«D» тайпасы:
«Фабула» гезити – НБТ каналы: 0-7
«Кереге» гезити – «Фабула»: 8-2
НБТ – «Кереге»: 3-1

НБТ, «Кереге» 1/4 финалга чыгышты.

«С» тайпасы:
«ЭлТР» каналы – «Агым» гезити: 0-1
«Кыргыз ридио» – «ЭлТР»: 0-0
«Агым» – «Кыргыз радио»: 1-4

«Кыргыз радио», «Агым 1/4 финалга чыгышты.

1/4 финал:
КТРК – «Агым»: 3-0
«Азаттык» – «Кереге»: 5-2
«Кыргыз радио» – «Күндарек»: 5-1
НБТ – «АКИпресс»: 4-0

1/2 финал:
КТРК – «Азаттык»: 0-1
НБТ – «Кыргыз радио»: 3-5

3-орун үчүн:
КТРК – НБТ: 4-2

Финал:
«Азаттык» – Кыргыз радио»: 3-3, 6-4 (пенальти)

Ошентип, жыйынтыгында төмөнкү сыйлыктарга ээ болушту:
1-орун «Азаттык» үналгысы – Кубок жана 15 миң сом,
2-орун «Кыргыз радио» – 10 миң сом,
3-орун КТРК каналы – 7 миң сом,
4- орун НБТ каналы – 3 миң сом.

Ошондой эле атайын сыйлыктын ээлери:
Мыкты дарбазачы – Асан Алиев («Кыргыз радио»),
Мыкты коргоочу – Султан Жумагулов («Азаттык»),
Мыкты оюнчу – Нурлан Сартов («Кыргыз радиосу),
Эң көп  гол (14) киргизген – Тимур Ногоев (НБТ).

3-график
3-график
2-график. Интернетти колдонуунун максаты
2-график. Интернетти колдонуунун максаты

Турнир соңунда Мелис Эшимканов атындагы фонддун төрайымы Асель Эшимканова сыйлыктарды тапшырып, демөөрчүлөргө, катышуучуларга, келген меймандарга ыраазычылыгын билдирди.

Турнирдин демөөрчүлөрү:
«Дордой» ассоциациясынын жетекчилиги Аскар Салымбеков менен Шаршен Касенов, ЖК депутаты Феликс Кулов,  Ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаев, Чүй ИИБсынын жетекчиси Бакыт Жусубалиев, Экономика министри Темир Сариев жана «Замандаш» партиясынын атынан Эмил Өмүракуновдор болду.

Окшош посттор