Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Сөз эркиндиги

«Деньги & Власть» гезитине үч тараптан жасалган басым

«Деньги & Власть» гезитине үч тараптан жасалган басым

 «Деньги & Власть» гезитине үч тараптан басым жасалгандыгын жакында эле басылма өзү жазды.  Аны “Биздин редакция айланта коргонууга даярданууда (тындым кылып кетебиз, жардырып жиберебиз, көөмп салабыз)” деген макалада баяндап берген.

 20012-жылдын июнь айында “Деньги & Власть” гезитине  Кылмыш жана жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын мурдагы жетекчиси Гриогрий Бубель бир 1 млн. 63 миң долларлык доо койгон.  Анын себеби, гезит пенитенциардык мекемеден “Доктор Смерть” деген ат менен белгилүү болгон Гюнтер фон Хагенске сатылган өлүктөр туурасындагы  Максим Корсаков аттуу автордун китебинен басып башташы болгон. Ошол кезде Г.Бубель Кылмыш жана жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматын жетектеп турган.  Г.Бубелдин доо арызынын негизинде, 14-июнда Бишкек шаарындагы  Свердлов районду соту китепти басууга редакцияга тыюу салган.

“Повестти баалаш үчүн аны жок дегенде аягына чейин окуп чыгыш керек да, а судья бардыгын сырттан эле чечип койду.  Бул китепке дүйнөнүн эч бир жеринде тыюу салынган эмес, ал жерде улут, жыныс , дин же башка көз караштарга тиешелүү басмырлоо кылган эмеспиз”,-деп жазган «Деньги & Власть».

Учурда редакция каршы доо арыз менен шаардык сотко кайрылган. “Негизи шаардык сот бир айда бул иш боюнча карап, чечимин чыгарышы керек эле, бирок, ал убакыт өтүп кетти. Белгисиз себептер менен кармалып жатат, чечимди биз да күтүп жатабыз. Эгерде шаардык сот мурдагы чечимди күчүндө калтырса, анда Жогорку Сотко кайрылабыз”,-деп билдирди гезиттин башкы редактору Т.Акимов.

 Экинчи басым телефондон жасалган. “10-июлда “Бизге “мынча сүлүк курттарды” эмне кереги бар?” деген ат менен жарыяланган материалга ачууланган бир киши чалды.  Макалада жеке менчик ишканалар – электр энергияны сатып алып кайра бөлүштүрүүчү далдалчы компаниялар туурасындагы макала басылган. Өзүн “Назар” деп атап телефон чалган  адам жогорудагыдай далдалчы-компаниялардын биринин кожоюну экендигин айтып, оозго алгыс сөздөр менен сөгүнүп, редакция кызматкерлерин жок кылып салам деп коркутуп-үркүттү. Кээ бир жерлеринде кандай кылып биздин түбүбүзгө жетери туурасында тактап айтып берди”,-деп жазылат «Деньги & Власть»гезитинде.

 Гезиттин башкы редактору Турат Акимовдон бул коркутуулар боюнча кандай иш алып барып жаткандыгын сурадык. “Телефондон коркутуу  болгон учурда Бишкекте жок элем,  азыр бул боюнча милиция органдарына арыз менен кайрылганы жатабыз”,-деди Т.Акимов.

 13-июлда, телефондогу коркутуулардан үч  күндөн кийин редакциянын кеңсесине Бишкектеги онкология борборунунан балдарын кошо алып ата-энелер делегациясы келген. Алар аталган клиникадагы иштеген врач туурасындагы чыккан материалга нааразычылыгын билдиришкен. “Редакцияны оккупация кылып алгандар бир саат бою редакцияны жардырып, ал эми кызматкерлерди жазалай тургандыктарын айтып коркутуп-үркүтүштү. Биз аларга өздөрүндөй эле ошол клиниканын пациентинин катын жарыялагыныбызды түшүндүрүүгө аракет кылдык. Башкы редактордун жок болгондугуна байланыштуу бир сааттан кийин  аталган материал боюнча төгүндөө берүүбүздү катуу талап кылган боюнча кайтып кетишти”,-деп жазылат гезитте. Гезит буга кошумча бир күндүн кийин макаланын каарманы болгон врач өзү чалып, төгүндөө талап кылбай тургандыгын маалымдаган.

 Ошентип, учурда “Деньги & Власть” гезити  бир  чырдуу иш боюнча соттун чечимин күтүп жатса, экинчи иш боюнча тартип коргоо органдарына өздөрү арыз менен кайрылууга мажбур болуп турат.

Окшош посттор