Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Журналист Орунбеков президентти сотко берди

Журналист Орунбеков президентти сотко берди

Журналист Дайыр Орунбеков президент Алмазбек Атамбаевди жана Президенттик аппараттын башчысы Фарид Ниязовду сотко берди. Арыз бүгүн Бишкектеги Биринчи Май райондук сотуна тапшырылды. Бул тууралуу журналист өзү “Азаттыкка” кабарлады.

– Президент жаңы жыл алдында өткөргөн маалымат жыйында менин дарегиме кимдир бирөөнүн буйругун аткарган журналист деген сыяктуу такталбаган бир топ күнөөлөрдү койду. Ошондой эле кылмыш дүйнөсүндө колдонгон, коркутуу багытындагы сөздөрдү айтты. Андан кийин Фарид Ниязов кайрылуу жасап, ушак таратышты. Ошон үчүн сотко бердим. Экөөнөн символикалуу түрдө бир сом өлчөмдө моралдык чыгым талап кылдым. Анткени адамдын кадыр-баркы акча менен чектелбейт.

Президент Алмазбек Атамбаев жылдык жыйынтыктоочу маалымат жыйынында Орунбековду өмүр бою кечирбей турганын, айрым журналисттер өзүнүн чыныгы миссиясынан четтеп, ушак-айыңды жазып жатканын айткан.

“Маалымат.кж” сайтынын жетекчиси, журналист Дайырбек Орунбеков сот тарабынан июнь коогалаң боюнча Атамбаевди каралап жазды деп табылып, 2 млн. сомго айыпка жыгылган.

Азаттык

Окшош посттор