Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

“Дем” сайты мыкты Элдик кабарчыларга сынак жарыялайт

“Дем” сайты мыкты Элдик кабарчыларга сынак жарыялайт

“Дем” сайтына такай мыкты жаңылыктарды жарыялап келген 3 элдик кабарчыга сынак жарыяланат.

Сайтка кесибине, улутуна, жашаган жерине карабай каалаган адам жаза алат. Мыкты Элдик кабарчыларды аныктоодо төмөнкү нерселерге басым кылынат:

  1. Кабардын кызыктуулугу жана окуя тууралуу өз убагында маалыматтын даядалышы;
  2. Кабардын “Дем” сайтынын эрежелерине каршы келбеши:
    1. “Дем” сайтына жарнамалык же коммерциялык маанайдагы же үгүт материалдарын жана спамды жарыялоого тыюу салынат;
    2. Коркутуп-үркүткөн, адамдын беделин түшүргөн, аны маскаралаган, алдамчылык мүнөзгө ээ болгон; жеке жана коомдун алдында өз кызыкчылыгын көздөгөн; расалык, диний, аймактык, улуттук жек көрүүнү, араздашууну жайылткан; мындан башка дагы адамдын, атуулдун мыйзам менен корголгон укуктарын бузган материлдарды жарыялоого тыюу салынат;
    3. Үчүнчү тараптын жана колдонуучулардын интеллектуалдык менчик объекттери боюнча укугун бузган маалыматтар менен сүрөттөрдү жарыялоого тыюу салынат;
  3. Кабардын фото сүрөт менен коштолушу;

Жеңүүчүлөрдү “Дем” сайтынын редактору, “Журналисттер” коомдук бирикмесинин жана даниялык International Media Support уюмунун өкүлдөрүнөн турган жюри аныктайт.

Сынактын мөөнөтү: 2014-жылдын 3-сентябрына 31-декабрга чейин (4 ай).

Сыйлыктар: 3 мыкты элдик кабарчынын ар-бирине https://journalist.kg/ порталынын негизинде өздүк сайттары бекер ачылып, жеңүүчүлөрдүн каалоолору боюнча жасалгаланып берилет. Аларга сайтты иштетүү боюнча атайын тренинг уюштурулат, же жеңүүчүнүн катышуусу мүмкүн болбосо сайтта иштөө боюнча бардык маалыматтарды камтыган Колдонмо даярдалып берилет.

“Дем” сайты – бул жаңылыктарды топтогуч кызмат. Анда каалаган ЖМК же интернет басылма бекер катталып кыргыз, орус жана англис тилдеринде өз жаңылыктарын жайгаштыра алат. Учурда анда 60га жакын ЖМКлар жана интернет-басылмалар катталган.

Сайт 2012-жылы «Сорос-Кыргызстан» фондусунун жардамы менен жасалган. 2014-жылы даниялык IMS уюмунун колдоосунда сайттын мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилди. Эми ар-бир журналист эмес адам да өз жаңылыктары менен бөлүшүүгө мүмкүнчүлүк алды. Аны үчүн сайтта атайын катталуунун кереги жок. Жаңылыктарды жарыялоо жолу да өтө жөнөкөй.

Окшош посттор