Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Дүйнөлүк басма сөз эркиндигинин күнүнө карата Кыргызстандын медиакоомчулугунун билдирүүсү

Дүйнөлүк басма сөз эркиндигинин күнүнө карата Кыргызстандын медиакоомчулугунун билдирүүсү

Биз, Кыргызстандын медиакоомчулугу, Дүйнөлүк басма сөз эркиндигинин күнүнө карата ар жылдык билдирүүбүздө өлкөбүздөгү сөз эркиндигин жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) эркиндигин коргоонун маанилүүлүгүнө өзгөчө көңүл бургубуз келет.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандагы мамлекеттик эмес жалпыга маалымдоо каражаттарынын журналисттери социалдык тармактарда болуп көрбөгөндөй коркутуп-үркүтүүлөргө дуушар болууда. Булар 2019-жылы эле башталган, анда Кыргызстанда бир катар олуттуу журналисттик иликтөөлөр жүргүзүлүп, анын негизинде бажы аркылуу жогорку деңгээлдеги коррупция жана уурдоо схемалары аныкталган. OpenDemocracy басылмасы жазгандай, өлкөдө көптөгөн тролл-фабрикалары уюштурулган.

Биз бул тролл-фабрикалардын маалыматтык кампанияларынын максаты – мамлекеттик эмес ЖМК журналисттерин жана алардын иликтөөлөрүн жаманатты кылуу деп эсептейбиз. Бул нерсе социалдык тармактардагы акы төлөнүүчү постторду массалык түрдө таратуу аркылуу, бир жагынан, журналисттердин оозун жабуу үчүн, экинчи жагынан, жарандарды жана шайлоочуларды манипуляциялап, таасир этүү максатында жүргүзүлөт.

Ошентип, 2020-жылдын октябрь айында, парламенттик шайлоодон жана бийлик алмашкандан кийин, мамлекеттик эмес ЖМК журналисттерине чабуулдар онлайн коркутуулар менен гана чектелбей, физикалык зомбулуктар жана кол салуулар да болду.

2020-жылдын ноябрь – январь айларында журналисттерге каршы онлайн чабуулдар улантылды. Буга мамлекеттик эмес ЖМК журналисттери Конституциянын жаңы редакциясы алып келе турган олуттуу кыйынчылыктар жана тобокелдиктер жөнүндө суроолорду беришкени себеп болду. Журналисттер Конституцияны өзгөртүү процессине байланыштуу жол-жоболук мыйзам бузуулар жөнүндө коомчулукка маалымдашты.

Жогорку даражалуу коомдук саясатчылар өз тарапкерлеринин журналисттерге кол салууларын айыпташпайт. Анан да, алар өздөрүнүн конституциялык укугун мыйзамдуу пайдаланган, өз оюн ачык билдирген журналисттерге жана башка жарандарга карата ачакей  билдирүүлөрдү айтууга жол беришет.

Мамлекеттик маалымат каражаттарында өлкөдө болуп жаткан окуяларды үгүттөө жана бир тараптуу чагылдырууну колдонуу  менен, тилекке каршы, альтернативдүү пикирлерди куугунтуктоо уланып жатат.

Катуу кысымга карабастан көз карандысыз журналисттер күн сайын өлкөбүздүн жарандарына маалымат алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылышууда. Бул айрыкча Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара аймагында куралдуу кагылышуу болгон ушул күндөрү өзгөчө мааниге ээ болду. Мамлекеттик эмес ЖМК журналисттеринин материалдары жана аларды чет тилдерде өз убагында жайылтуунун натыйжасында, Кыргызстандын ичинде гана эмес, анын чегинен тышкары биздин мамлекетте болуп жаткан окуялар жөнүндө ишенимдүү маалыматка жеткиликтүүлүк камсыздалууда.

Окуя болгон жердеги бардык журналисттер жана кабарчылар кыйынчылыктарга жана тобокелдиктерге карабастан өз милдеттерин жоопкерчиликтүү аткаруу менен чыр-чатакты басаңдатууда жана кырдаалды жөнгө салууда өздөрүн адам укуктарынын жигердүү коргоочусу жана медиатору катары көрсөтүшүп, өз убагында ишенимдүү жана тең салмактуу маалымат таратышты.

Чек арадагы абал назик жана туруксуз бойдон калууда. Ушуга байланыштуу биз бийликке дагы бир жолу эскерткибиз келет: мамлекеттин чечимдерин коомчулук ынанып  жана кабыл алышы үчүн бийлик ачык-айкын жана отчеттуу болушу керек. Журналисттер өз кезегинде өлкөдө болуп жаткан окуялар жана кабыл алынган чечимдер жөнүндө ыкчам жана ишенимдүү маалыматтарды жеткирип турушу үчүн мамлекет ЖМКга маалыматка жеткиликтүүлүктү камсыз кылышы керек.

Окшош посттор