Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Аналитика

“Медиа-Консалт”: “ЖМКлардын көбү кесиптик этикалык стандарттарды бузуп жатат”

“Медиа-Консалт”: “ЖМКлардын көбү кесиптик этикалык стандарттарды бузуп жатат”

“Талдоонун жыйынтыгы журналистиканын базалык принциптери, сапаттык жана этикалык кесиптик стандарттары көпчүлүк ММКларда бузулуп жатканын көрсөттү: Чындык жана объективдүүлүк принциптеринин бузулушу, тең салмак маалыматтын жоктугу, жалган маалымат жайылтуу, саясий жагынуу, жан тартуу, коомдук мааниси жок учурларда жеке турмуштун сырларын жана кол тийбестигин бузуу, плагиат сыяктуу кемчиликтер кездешүүдө”.

Мындай жыйынтык Медиа-Консалт фондунун Кыргызстандагы жалпыга маалымдоо каражаттарына (ЖМК) жүргүзүлгөн кезектеги мониторингдин отчетунда белгиленди.

Медиа-Консалт фонду Кыргызстандын басма жана он-лайн басылмаларында этикалык стандарттардын сакталышына байкоо салуу үчүн жүргүзүлгөн кезектеги мониторинг боюнча маалымат берди.

КР Журналисттеринин Этикалык Кодексинин нормалары жана критерийлеринин негизинде байкоого 24 басылма алынып, алардын 80% – кыргыз тилинде ЖМК, 20% – орус тилинде болгон.

2012-жылдын 15-мартынан 15-сентябрга чейинки убакытта жарыяланган материалдардын 70-80 % саясий темада жазылган. Бул иликтөөдө адистер  ЖМКларга бир катар кемчиликтерди белгилешип ЖМКлар, тилекке каршы, дагы эле тигил же бул саясий күчтөрдүн кызыкчылыгына иштээри айтылган. Мындай маанайдагы пикирлер буга чейин да медиа адистер тарабынан айтылган.

“Мындан сырткары факты менен далилдерге таянбай, жөн гана жоромол-божомолго негизделген, улут аралык касташууга тукурган, жек көрүүнү жараткан материалдар чыгууда. Маалыматты тактоо, бышыктоо, бейтарап болуу, тең салмактоо фокустук топко кирген гезиттердин көбүндө сакталбай келет. Чыр-чатактарды чагылдырууда ЖМК бардык тараптардын пикирлерин жана кызыкчылыктарын тең кармабай, бир жагына жан тартып койгон учурлар болууда”,-деп белгиленген отчетто.

Муну менен катар эле журналисттердин кесиптик даярдыгы ойлондурчу маселе экендиги айтылат. Соттук териштирүүлөрдү жана кылмыштарды, Этникалык маселелерди жана этностор аралык мамилелерди сабаттуу чагылдырууда аксап жаткан жайгдайлардын бардыгы айтылган.

Медиа иликтөөнү жүргүзүүчүлөр тарабынан абалды жакшыртуу үчүн бир нече сунуштар айтылган. Алар негизинен этикалык нормаларды жана кесиптик стандарттарды сактоо боюнча окутуу, андан сырткары юристтерди, укук коргоочуларды, тилчилерди, укук коргоо органдарын чакырып, журналистиканын мыйзамдык базасы, этикалык нормалары, терминологияны түшүндүрүү  боюнча бир катар талкуу жыйындарын өткөрүү абзел дешет.

Отчеттун кыргыз тилиндеги толук версиясы менен бул документтен ET_15March_15Sept_final report_кырг  тааныша аласыз.

Окшош посттор