Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

“Сөз эркиндиги карикатуристтердин көзү менен” аталыштагы Экинчи республикалык карикатуралар сынагынын мөөнөтү узартылды

“Сөз эркиндиги карикатуристтердин көзү менен” аталыштагы Экинчи республикалык карикатуралар сынагынын мөөнөтү узартылды

“Журналисттер” коомдук бирикмеси жана “Сорос-Кыргызстан” фондусу коронавируска байланыштуу Кыргызстанда жарыяланган өзгөчө абалды эске алып, 3-май Басма сөз эркиндигинин эл аралык күнүнө арналган «Сөз эркиндиги карикатуристтердин көзү менен» аталыштагы Экинчи республикалык карикатуралар сынагынын мөөнөтүн узартышты.

Сынактын негизги максаты:

КРдеги сөз эркиндиги жаатындагы маселелерге коомчулуктун назарын буруу.

Сынактын милдеттери:

  • Карикатуралар аркылуу КРдеги сөз эркиндиги жаатындагы маселелерди көрсөтүү;
  • КРде карикатура өнөрүн өркүндөтүүгө салым кошуу.

Сынактын катышуучулары:

Сынакка кесипкөй сүрөтчүлөр менен катар кесипкөй эмес сүрөтчүлөр, чыгармачыл кесипке үйрөнүп жаткан студенттер жана көркөм мектептер менен студиялардын окуучулары, дегеле карикатура жанры менен алектенген бардык адамдар катыша алат. Сынакка эмгектер Кыргыз Республикасынын жарандарынан гана кабыл алынат.

Карикатураларды баалоодо төмөнку нерселерге көңүл бурулат:

  • Сынактын тематикасына туура келиши;
  • Өзгөчөлүгү;
  • Эмгектин сапаты.

Эмгектер боюнча талаптар:

  • Карикатуралар кагазда же картондо графикалык же живопистик техникалардын бардыгында даярдалышы мүмкүн, форматы А4;
  • Карикатуралар санариптик форматта да даярдалышы мүмкүн (jpg, png же pdf, туурасы жана бийиктиги 1280х720p кем болбошу керек);
  • Эмгектерди Сынакка жиберип жатып авторлор же алардын мыйзамдуу өкүлдөру төмөнкү нерселерге макул болушат: Сынактын катышуучуларынын жеке маалыматтарын иштеп чыгууга; Сынактын уюштуруучулары жана КР ЖМКлары автордук эмгектердин көчүрмөлөрүн (авторун жана Сынактын аталышын келтирүү менен) өз материалдарында кошумча алдын ала макулдашуусуз жана акысыз колдоно алышына.

Сыйлык тапшыруу:

Сынактын жеңүүчүлөрүнө дипломдор жана төмөнкү өлчөмдөгү акчалай сыйлыктар (бардык салык төлөмдөрү менен кошо эсептегенде) тапшырылат.

1-орун – 30 000 сом;

2-орун – 25 000 сом;

3-орун – 20 000 сом;

2 кызыктыруучу сыйлык – ар бири 10 000 сом.

Сынакты өткөрүү тартиби:

Сынак эки баскычтан турат:

1-баскыч: Эмгектер 2020-жылдын 10-февралынан 15-майына чейин journalist.kg@gmail.com жана elvira.zhekeeva@gmail.com электрондук почталары аркылуу «Карикатуралар сынагы» деген жазуусу менен кабыл алынат. Өзгөчө абал алынып калса 720021, Бишкек ш., Ибраимов, көч. 115, 2-кабат, №10 бөлмө дареги боюнча да кабыл алынат.

Ар бир эмгек төмөнкү маалыматтар менен коштолушу зарыл:

  • автордун аты-жөнү, кесиптик статусу;
  • байланыш маалыматтары;
  • эмгектин аталышы;
  • тартылган жылы;
  • материалы жана техникасы тууралуу маалымат;
  • эмгектин айтайын деген негизги ою.

Ар бир автордон 5тен ашык эмес эмгек кабыл алынат.

2-баскыч: 2020-жылдын 18-25-майларында жеңүүчүлөр аныкталат.

Сынакка жиберилген бардык материалдар “Карикатура” karikatura.journalist.kg сайтында жана “Азаттык Медиа” (www.azattyk.org), “Кактус Медиа” (kaktus.media), “ПолитКлиника” (pk.kg) жана “Т-Медиа” (t-media.kg) медиа-өнөктөрүбүздүн сайттарында жарыяланат.

Жеңүүчүлөрдү медиа уюмдардын, ЖМКлардын өкүлдөрүнөн жана кесипкөй сүрөтчүлөрдөн турган Жюри аныктайт.

Жеңүүчүлөрдүн ысымдары Бишкекте өткөрүлө турган Карикатуралар көргөзмөсүнүн ачылышында аталат. Ошондой эле бул иш-чара учурунда бардык каалоочулар үчүн кесипкөй сүрөтчүлөр карикатура боюнча мастер-класстарды өткөрүшөт. Көргөзмөнүн ачылышынын датасы боюнча кошумча маалымат берилет.

Кошумча суроолор болсо төмөнкү телефондорго чалып:

+ 996 (312) 29-94-52, + 996 (550) 28-18-99, + 996 (777) 45-10-83, +996 (555) 935-223

же journalist.kg@gmail.com жана elvira.zhekeeva@gmail.com почталары аркылуу жооп алаласыздар.

Окшош посттор