Октябрь айында Жумгал районунда Нарын облустук теле берүү компаниясынын студиясы ачылышы мүмкүн дейт «Жумгал.KG». Бул тууралуу маалыматты аталган сайтка Жумгал районунун акиминин биринчи орун басары Арстан Кадыров билдирген.
Жаңы студия Жумгал жана Кочкор райондорундагы окуяларды чагылдырып турмакчы. А.Кадыровдун айтымында, учурда атайын кабарчы тууралуу сүйлөшүүлөр Нарын облустук мамлекеттик телекомпаниясынын жетекчилиги менен жүргүзүлүүдө.