Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Нарын областында жаштар үчүн жаңы газета жарык көрдү

Нарын областында  жаштар үчүн жаңы газета жарык көрдү

Нарын областында жаштар үчүн “Нарын+” деп аталган жаңы газета чыга баштады.  Биринчи номери ушул күнү жарыкка чыгып, сатылганы турат. Басылма  областтагы “Алмаз -Нарын” радиосунун алдында түптөлдү.

“Нарын+” жаштар үчүн ачылган басылма. Анда биз аларга пайдалуу болгон маалымат, материалдардан тарта, областтагы дал ушул жаштардын кендирин кесип жаткан көйгөйлөрдү да чагылдыралы деген оюбуз бар”,-деди басылманын жетекчиси Алмагүл Турдалиева.

Кызык жери газетаны жалаң кыздардан турган коллектив чыгарууда.  А.Турдалиеванын айтымында, газетага кетчү каражатты өздөрү чогултушкан, кийинки керектелүүчү каражатты   мындан ары реклама тартуу менен чечүү ниетинде.

Газета Бишкектеги ММКларды колдоо борборунда  басылып,  нускасы 1,5 миңди түзөт.

Буга чейин Нарын областында райондук бир нече жана областтык “Теңир-Тоо” газетасы чыгып келген.

Окшош посттор