Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Басма сөз эркиндигинин эл аралык күнүнө карата “Антиөрдөк” деп аталган флеш-моб уюштурулат

Басма сөз эркиндигинин эл аралык күнүнө карата “Антиөрдөк” деп аталган флеш-моб уюштурулат

Урматтуу журналисттер, сиздерди 3-май – Басма сөз эркиндигинин эл аралык күнүнө карата “Антиөрдөк” флеш-мобуна чакырабыз!

Кыргыз журналистикасындагы ушак-айыңдардан, жалган маалыматтардан арылууну көздөгөн “Антиөрдөк” деп аталган флеш-моб Журналисттер аллеясында өтөт. Иш-чарада символикалык түрдөгү өрдөктөр өрттөлөт. Соңунда журналисттерди жапа тырмак Журналисттер аллеясында ишембилик өткөргөнгө чакырабыз. Келген катышуучуларга кофе-брейк уюштурулат. Андыктан баарыңыздарды иш-чарада күтөбүз.

Иш-чаранын өтө турган жайы: Журналисттер аллеясы (Бакаев/Айни көчөлөрүнүн кесилиши, картаны карагыла)

Убактысы: 3-май, 11:00

Уюштуруучулар: “Журналисттер” коомдук бирикмеси, “Жаш журналисттер кыймылы”, Өркүндөө кыймылы, “МедиаКонсалт” жана “ЖМКны колдоо борбору” коомдук фондулары.

Байланыш телефондору: 0772 551 083 – Марат Токоев, 0550 539 555 – Улан Эгизбаев, 0772 666 841 – Жакшылык Бердибек уулу

Окшош посттор