Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Салттуу ЖМКлар үчүн сайтка киргендердин санын өстүрүү боюнча тренинг өткөрүлөт

Салттуу ЖМКлар үчүн сайтка киргендердин санын өстүрүү боюнча тренинг өткөрүлөт

Эгерде сиздин жалпыга маалымдоо каражатыңыздын (гезит, теле, радио) сайты бар болсо. Бирок ага киргендердин саны өтө эле аз болуп жатса. Сайтыңызга адамдар бир кыйла көп кирип, материалдарыңыз менен кененирээк таанышып, пикирлерин билдирип турушун кааласаңыз, же болбосо, замандын талабы эмеспи деп сайт ачып алып, бирок аны кантип иштетүүнү, ЖМК менен сайт бирдиктүү организмдей иштеши үчүн эмне кылуу керектигин билбей турасыз.

Так ушундай ЖМКлар үчүн даниялык IMS уюмунун колдоосунда “Журналисттер” коомдук бирикмеси бир күндүк тренинг өткөрөт. Бул окутуудан сиз сайттын окурмандарынын санын кантип өстүрсө болот, сайттын мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу колдонуунун кандай жолдору бар, ал үчүн эмне кылуу керектигин биле аласыз.

Тренингдер марттын башында Бишкек жана Ош шаарларында өткөрүлөт. Окутуучулар катары бул тармакта чоң тажрыйбалары бар жергиликтүү адистер тартылат.

Аймактык ЖМКлардан келген катышуучуларга жол кире жана жатакана чыгымдары төлөнүп берилет.

Катышуучулардын саны чектелүү болгондуктан, алар сынактын негизинде аныкталат.

Бул окутууга катышкысы келген ЖМКлардын башкы редакторлору “Журналисттер” коомдук бирикмесинин дарегине (journalist.kg@gmail.com) тийиштүү билдирүү катын жөнөтүшү абзел. Анда төмөнкү маалыматтар камтылышы шарт:

  1. ЖМКнын аталышы жана түрү;
  2. ЖМКнын сайтынындареги;
  3. Сайттын окумдуулугу (сайтка киргендердин саны) боюнча статистикалык маалыматтар (акыркы 6 ай аралыгындагы), же болбосо бул маалыматтар менен таанышууга мүмкүн болгон веб-булактын дареги;
  4. Редакцияда сайт менен иштеген атайын адам барбы? Жок болсо, сайт менен иштегенге атайы адамды (же топту) дайындоо пландаштырылганбы?
  5. Тренингге катыша турган адамдын аты-жөнү.

Билдирүүнү 28-февралдын 17:00нө чейин жибериш керек.

Окшош посттор