Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Сурамжылоо: Элдик каржылоо

Сурамжылоо: Элдик каржылоо

Айрым өлкөлөрдө журналисттик эмгектерди, долбоорлорду элдин өзү каржылоосу кеңири колдонулуп келет. Бул көз карандысыз ЖМКлардын өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт.

Ушул нерсени – элдик каржылоону – бизде да колдонсок жакшы болот эле деген пикирин Азамат Тынаев айтып келет. Жакында да ушул тууралуу сунушун фейсбукка жазды:

Урматтуу кесиптештер, азыр конул буруп койгулачы бир мунотко. Ушул шилтемени карап, окуган маалыматты терен анализдеп королучу. Кордунорбу коншулаш олконун журналисттеринин иштегенин, алардын каржылоонун заманбап ыкмаларын кандай оздоштуруп жургонун. Татаал жана кымбат проектти жасайбыз деп, элден сураган 2 миллион тенгени эки кундо чогултуп коюшту ашыгы менен, а акча чогултуу моонотунун буторуно дагы уч кун бар! Биз качан ошентип бир чети жаны форматтарга уйронобуз, бир чети окурман-корормандардын ишеничине жана бизге кайрымдуулук корсоторуно ээ болобуз? 30 жыл эгемендуу мамлекетте жашап, журналистикабыз кайда жетти жана каяка баратат? Эмнени кыйраттык? Же грант беруучулорду карайбыз, же олигархтарды андыйбыз пул берер бекен деп, ооздорун карап. Чимкирик деп депутаттарды эмес, бизди айтыш керек, кечирип койгула катуу айтсам. Бирок оз арабызда жашырып эмне кылабыз, чындыкты билебизго, озубуздун шартыбызды тушунобузго. Жарым жыл мурун мен Crowdfunding.kg доменин сатып алдым, келгиле ошону сайт кылып, “элдик каржылоо” ыкмасын онуктуролук деп ошондо эле кайрылгам журналисттик жамаатка. Эч ким жооп берген жок, Алтынай Арстанбековадан Altysha Lv башка. Бул мага эле, же жеке Алтышкага керекпи? Келгиле дагы бир жолу ошону суйлошолук, амалын табалык. Кеп бизде эле эмес, “краудфандинг”, “социальное финансирование СМИ”, “донаторство независимой прессы” деген нерселер бут жер шарында колдонулуп, онугуп турган кез. Замандан артта калбайлык!

Постко шилтеме

Ушул сунуш боюнча журналисттердин пикирин билүү иретинде биз сурамжылоо уюштуруп жатабыз. Пикириңерди күтөбүз.

Окшош посттор