Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Жабык коомду чочуткан блоггерлер

Ачык коом курууда социалдык түйүндөрдүн жана блогерлердин ролу артууда.

Өткөн жумада Алматыдагы форумда коомду өзгөртүүгө социалдык түйүндөр таасын таасир этип жатканы белгиленген. Араб дүйнөсүндөгү өзгөрүүлөрдү, акыркы кезде Орусиядагы процесстерди интернетке байланыштырып жатышат. Кыргызстандагы социалдык түйүндөрдүн орду жана ролу “Азаттыктын” “Арай көз чарай” берүүсүндө талкууланды.

Катышуучулар: блоггер Тынчтыкбек Жанадыл жана медиа эксперт Илим Карыпбеков.

“Азаттык”: Бир айдын ичинде эле Казакстанда блогчулардын эки чоң жыйыны өттү. Тынчтык мырза, кечээ жакында Алматы шаарында өткөн жыйынга барып келдиңиз. Эмне сөз болду?

Тынчтыкбек Жанадыл: Алматы шаарындагы жыйынга Борбор жана Түштүк Азиядан болуп 8 мамлекеттен 100дөн ашуун адам катышты. Анда социалдык тармактар, блог жана алардын коомдун өнүгүшүнө тийгизген таасири туурасында сөз болду. Ошондой эле кандай учурда социалдык тармактар аркылуу бийлик органдары менен кызматташа алабыз деген маселе көтөрүлдү. Жыйынга Фейсбук жана башка чоң компаниялардын өкүлдөрү келди.

Тынчтыкбек Жанадыл

​​Азыр айрым өлкөлөрдө, ошол эле Казакстанда блогчуларды маалымат каражаттарына теңеп жатышпайбы. Блогчулар учурда журналистикага да жардам берип, жарандык коомдун активдүү бөлүгү болуп калды. Эгер эркин жазып келататкан жаштарды стандартка туура келбейт, туура эмес нерсени жазып атасын дей берсе ал жазбай калат. Ошондуктан блогерлер өз алдынча өнүксө журналисттерге деле жардам берет. Кыргызстанда блогерлер үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Эч ким биздин жазгандарыбызды ММКларга теңебейт, цензура жок. Каалаган нерсени жазабыз. Ошондуктан блог Кыргызстанда дагы өнүгөт.

“Азаттык”: Азыр соцалдык түйүндөр менен мыкты, курч жазылган блогдор бийликтин ачык, айкын иштешин көзөмөлдөөчү катары да кабылданып атат. Чын эле ошондойбу?

Илим Карыпбеков

Илим Карыпбеков: Блогдор, деги эле социалдык тармактардын негизги утушу – бул өзүнүн үнүн жана жакшы прогрессивдүү ойлорун коомчулукка жеткире албай жүргөндөргө жакшы аянтча болуп берет. Ошондуктан бул абдан популярдуу болуп кеткен. Жабыгыраак коомдо жана өлкөлөрдө активдүү адамдарды же “жагымсыз адамдарды” маалымат каражаттарынын аянтчасына коё бербегенге аракет кылышат. Же алар таралуусу азыраак, көпчүлүккө жетпеген маалымат каражаттарына гана чыгып, өздөрүнүн пикирлерин билдиришет.

Ал эми социалдык тармактар чыккандан тартып андай адамдарга чоң мүмкүнчүлүк түзүлүп, элдин калың катмары да аларды көрүп, угуп тааный баштады. Кээ бир учурда кайсы бир адамдын блогу айрым сайттардан да ашып кетип жатканы да ошондон.
Булардын ролу өтө чоң. Бизде социалдык тармактарга көп баа бербей жатышат. Азырынча Кыргызстанда социалдык түйүндөргө өнүккөн, прогрессивдүү адамдар кирип жатат. Бара-бара элдин бардык катмарлары кирет деп ойлойм. Мисалы Орусияны алсак, көп жерде маалымат каражаттары жабык, адамдар өз ой-пикирин эркин айтканга мүмкүнчүлүк жок. Ошондуктан социалдык түйүндөр аркылуу бир теманы талукулап, маалымат каражаттарынан жарыялабай туруп эле көчөлөргө ондогон адамдар топтолуп атат. Мунун өзү адамдар социалдык тармакты өтө активдүү колдонуп жатат дегенди билдирет.

“Азаттык”: Президент социалдык түйүндөрдө, блогдордо жарыяланган маалыматтарды карайбы. Чечим кабыл алууда интернетте айтылган ойлорду эске алабы? Бул маселе боюнча өлкө башчынын маалымат катчысына кайрылдык.

Кадыр Токтогулов: Президент Алмазбек Атамбаев интернетте чоң маалыматтык ресурстарды карап турат. Убактысы болгондо окуйт. Ал эми социалдык түйүндөргө убактысы жетпейт. Ага көп убакыт кетерин өзүңөр деле билесиңер. Чындыгында Кыргызстанда социалдык түйүндөр массалык пикир жаратуучу деңгээлге келе элек. Мисалы мен колдоном, бирок журанлисттер арасында же блоггерлер арасында кандай маалымат бар экен деп карап турам.

Азыркы заманда дүйнөдө бул чоң күч болуп атса биз эмнеге колдонбошубуз керек. Өткөн жумада “Гууглдун” жетекчилери келгенде президент Атамбаев “Кыргызстанда интернет абдан чоң роль ойнойт” деп айтты. Эгер таза, ачык иштесең социалдык түйүндөрдөн корко турган деле нерсе жок.

 Маалымат булагы. “Азаттык” радиосу

Окшош посттор