Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

3-майга карата медиа коомчулуктун билдирүүсү

3-майга карата медиа коомчулуктун билдирүүсү

Сүрөттүн автору: Михаил Томилов

Ар жылы дүйнө жүзүндө салт катары 3-майда Басма сөз эркиндигинин күнү белгиленип келет. Бул күнү ар бир өлкөдө Сөз эркиндигин жана ЖМКлардын эркиндигин коргоо зарыл экендиги эскертилет.

Бул жылы Кыргызстан бардык өлкөлөрдүн катарында коронавирус пандемиясын башынан кечирип жатат. Ушуга байланыштуу өлкөбүздөгү мындай оор кезеңде эркин ЖМКлардын аткарган зор ролуна көңүл бурдургубуз келет.

Журналисттер өзүлөрүнүн кесиптик вазийпасын эр жүрөктүүлүк менен татыктуу аткарып жатышат – элдин так жана ишенимдүү маалыматка жетүүсүн канааттандырыш үчүн өлкөдө болуп жаткан окуялар тууралуу чындыкты айтып берүүгө бардык аракеттерин көрүшүүдө.

Бул милдетин алар дээрлик бир ай журналисттик кесип уруксат берилген ишмердүүлүктүн тизмегине киргизилбегенине карабай аткарып келишти. Жыйынтыгында журналисттер бир айга жакын убакыт элди маалымат менен камсыздаш үчүн жанын тобокелдикке салып ишке чыгып жатышты. Так ушу ЖМКлардын ишин токтотпогонуна, ар бир окуяга журналисттер ыкчам көңүл буруп, жаңылыктарда такталган фактыларды гана берип жаткананына байланыштуу өлкөбүздө жалган маалыматтардын таркатылышынын чоң толкуну байкалбады.

Кеч болсо да бийлик ЖМКлардын үзгүлтүксүз иш алып баруусу тууралуу коомдун талабына кулак төшөп, комендатура редакцияларга уруксат кагаздарын бере баштады.

Бийликтин бул чечимине колдоо көрсөтүү менен биз эркин жана көз карандысыз ЖМКлардын ишмердүүлүнө коркунуч туудурган жаңы мыйзамдык демилгени артка кайтарууга чакырабыз. Сөз уюмдарды жана материалдарды экстремисттик жана террористтик деп таануу тууралуу УКМК сунуштаган мыйзам долбоор тууралуу болуп жатат. Бул мыйзам долбоору кабыл алына турган болсо, ал коом үчүн бийлик жакпай калган ЖМКны заматта жаап салганга курал ойлоп чыгарып алды деген белги болот.

Биз ошондой эле коомдук тармактарда байкалып жаткан сөз эркинидигин жана пикирин эркин айтуу мүмкүнчүлүгүн чектөө боюнча терс көрүнүштөргө көңүл бурдургүбуз келет. Мисалы, акыркы убактарда коомдук тармактардын колдонуучуларын укук коргоо органдары түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн чакыргандары көп боло баштады. Бирок укук коргоо органдарынын пикири боюнча, коомдук тармактардын колдонуучулары “түрдүү ойго салган ар түрдүү чагымчыл маалыматтарды таркатканы” түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн жетишсиз.

КР Конституциясы ар бир адамга сөз эркиндигине жана пикирин эркин айтууга укук берет. Эч ким өз пикирин билдирүүгө же андан баш тартууга мажбурланууга тийиш эмес. Пикирин эркин билдирүү, өзгөчө коомдук маанидеги маселелер боюнча, демократиялык коомдун маанилүү кепилдиктеринин бири болуп эсептелет жана көп сандагы ар түрдүү пикирлердин болушун айгинелейт. КР Конституциясына жана мыйзамдарына жараша, мамлекет сөз эркиндиги жана пикирин эркин билдирүү жаатына ашыкча кирише берүүдөн оолак болушу керек. Кандай гана чектөө болбосун ал мыйзамдуу максатта гана жүргүзүлүп, көрсөтүлгөн максатка өлчөмдөш болушу керек.

Бийликтин мындай түрдүү ойго салган демилгелери жана укук коргоо органдарынын аракеттери улуттук мыйзамдарга да, жана Кыргызстан эл аралык келишимдердин алкагында өзүнө алган милдеттемелерине да каршы келээрин эскертебиз. Ушуга байлыныштуу бул күнү биз КР Өкмөтүн ЖМКлардын эркиндигине коркунуч туудурган мыйзам долбоорду иштеп чыгуудан жана өз пикирин билдирген жарандарды куугунтукка алуудан баш тартууга чакырабыз.

Сөз эркиндиги жана ЖМКлардын эркиндиги болмоюн өлкөнүнү өнүгүүсү болбойт.

  • “Медиа Полиси Институту” КФ;
  • Журналисттик иликтөөлөр фондусу;
  • Марат Токоев;
  • “Журналисттер” КБ;
  • “ММКга колдоо көрсөтүү борбору” фондусу;
  • “Интерньюстун” Кыргызстандагы Өкүлчүлүгү;
  • Тынымгүл Эшиева;
  • Авлан Джумабаев;
  • “Медиа Өнүктүрүү Борбору” КФ;
  • Журналисттердин көз карандысыз союзу.

Окшош посттор