Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Нарын областтык сот журналисттин доосун кароону кийинкиге жылдырды

Нарын областтык сот журналисттин доосун кароону кийинкиге жылдырды

2020-жылдын 4-март күнү Нарын областтык соттун курамынын ачык соттук олтуруму болуп, анда доогер, учурунда Нарын областтык мамлекеттик телерадио компаниясынын мурунку башкы редактору Нурзат Эсенканованын апелляциялык даттануусу каралды. Бирок олтурум 10 мүнөт аралыгында жабык деп жарыяланып, ишти кароо 18-мартка жылдырылды.

Жыйындын катчысы Ж.Мамбетказиева чакырылган тараптан Нарын райондор аралык экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекция башкармалыгынан белгисиз себептер менен өкүл келбегендигин маалымдады. Мындай жагдайга доогер жана ишенимдүү өкүлү шарт коюшту.

Журналист Н.Эсенканованы Экотехинспекциясы мыйзамсыз бошоткон деген тыянакка келген. Ошондуктан ал органдан инспектордун катышуусу зарыл. Ошону менен катар мурунку телерадио компаниянын, азыркы Нарын облустук медиа борборунун жетекчилиги да катышуулары керек, – деди доогердин ишенимдүү өкүлү Ыдырыс Асанов. Ал эми Нарын областтык медиа борбордун өкүлү Мирлан Майрамбек уулу алардын катышуусу жок эле соттук олтурум болушун жактады. Бирок судьялар өз ара кеңешип, соттук жыйынды кийинкиге калтырышты.

Эскерте кетсек, Нурзат Эсенканова 23 жылдан бери Нарын областтык теле радиокомпаниясында кабарчылыктан башкы директордун орун басарлыгына чейин иштеп, 2017-жылдын июль айында орун басарлыктан башкы редакторлукка которулган. Ал эми 2018-жылдын 17-январында “сыноо мөөнөтүнө байланыштуу” деп кызматтан бошотулган. Ал укугун коргоп эки жылдан бери сотко даттанып келет.

Бул аралыкта 7 ирет соттук олтурумдар болгон. Алгач 2018-жылдын апрель айында Нарын шаардык соту башкы директордун буйругу туура болгон десе, июнь айында Нарын областтык сот Н.Эсенканова мыйзамсыз бошотулган деп табат. 19-сентябрда Жогорку сот ишти кайра кароону Нарын областтык сотко кайтарат. 2019-жылдын январь айында областтык сот шаардык сотту жактаса, апрелде Жогорку сот дагы Н.Эсенканова мыйзамдуу эле бошотулган деп чекит коёт. Бирок прокуратура келтирген жаңы жагдайлар боюнча Нарын шаардык сот ишти кайрадан карап, 2020-жылдын 14-январында доо арызды канааттандыруусуз калтырган.

Сүрөт koom.kg сайтынан алынды.

Күмөндөр Усуптегин,
Журналисттер КБнын Нарын областындагы өкүлү

Окшош посттор