“Фабула” гезити менен “Ата Мекен” партиясынын лидери сотто жарашты” деген аталыш менен басылма саясатчы Өмүрбек Текебаевден кечирип сурап, төгүндөө берди.
“Фабула” коомдук-саясый гезити саясатчы Өмүрбек Текебаев туурасында былтыр жарыялаган фактыларды тастыктай албагандыгы үчүн сот аныктамасынан кийин экинчи тараптан кечирим сурады.
Бул аныктаманы Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту карап, 7-майда аныктама берген.
“Ата Мекен” үгүт өнөктүгүн кимдин эсебинен жүргүзгөн?” деген аталыш менен 2011-жылдын 18-мартындагы саныбызда жарыяланган макалада келтирилген фактыларды тастыктай албагандыгыбыз үчүн, алардын жалгандыгын моюнга алып, “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевден кечирим сурайбыз”,-деп жазып, төгүндөө берди.