Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Интерньюс 2020-парламенттик шайлоону мыкты чагылдырган материалдарга сынак жарыялайт

Интерньюс 2020-парламенттик шайлоону мыкты чагылдырган материалдарга сынак жарыялайт

Кыргызстандагы Интерньюс КР БШКнын катышуусунда 2020-жылдагы Жогорку Кеңешке шайлоону мыкты чагылдырган материалдарга сынак жарыялайт.

Сынактын максаты – кыргызстандык медиалардын жарандардын шайлоо процесси туурасында сабаттуулугун жогорулатууга жана парламенттик системаны өнүктүрүүгө кылган салымдарына көмөктөшүү, журналисттердин шайлоо темасындагы материалдарды жаратуусуна өбөлгө түзүү, алардын өтүп бара жатканы жалдагы маанилүү коомдук-саясий окуяны чагылдыруу боюнча изденүүлөрүнө колдоо көрсөтүү.

Сынак кийинки номинациялар боюнча өтөт:

1) Шайлоо-2020: мыкты маалыматтык-билим арттыруучу материал

Бул номинацияда республика жарандарынын шайлоо мыйзамдары, шайлоо процесстерин жана процедураларын түшүнүү маселелериндеги сабаттуулугун арттырган, жарандардын шайлоого баамдуу катышуусуна түрткү берген, шайлоочулардын укуктарын жана милдеттерин түшүндүргөн, шайлоо маалында манипуляция жана добуш сатуунун алдын алган материалдар караштырылат.

2) Шайлоо-2020: мыкты аналитикалык материал

Бул номинацияда жарандарды шайлоого катышкан саясий партиялардын платформалары туурасында маалымдаган, шайлоочуларга өлкөнүн саясий кырдаалын түшүнүүгө жардам берген, парламентаризм маданиятын жогорулатууга, шайлоо алдындагы маанайды көрсөткөн мыйзам чыгаруучу бийликтин өз ролун баамдоосуна түрткү берген материалдар караштырылат.

3) “4 октябрь – шайлоо күнү”

Бул номинацияда борбор шаарда жана аймактардагы шайлоо күнүндөгү окуяларды, байкоочулар жана шайлоо комиссиясынын ишин, шайлоо процедураларынын бузулуу учурларын чагылдырган материалдар караштырылат.

4) Шайлоо-2020: жыйынтыктар

Бул номинацияда өткөн шайлоо жыйынтыктары, Жогорку Кеңеш курамын талдап, партиялардын шайлоо алдындагы жарышына жана шайлоочулардын активдүүлүгүнө баа берген, парламенттин жаңы курамына коомдук сурам-талап калыптаган материалдар караштырылат.

Катышуу шарттары:

Сынакка 2020-жылдын 4-июлунан 24-октябрына чейин жарыяланган кыргыз, орус жана өзбек тилиндеги кийинки медиадагы материалдар катыша алат:

  • телекөрсөтүү
  • радио
  • онлайн

Арыздарды кабыл алуу 2020-жылдын 26-октябрында Бишкек убактысы боюнча саат эртең мененки 10до аяктайт.

Сынакка бардык форматтагы иштер катыша алат: медиакомпаниялар аянтчаларындагы, ошондой эле социалдык тармактардагы (жеке ресурстар, социалдык тармактар, мессенджерлер, видеосервистер ж.у.с.) жаңылык, тексттик берүүлөр, репортаждар, интервью, сурамжылоолор, стриминг видеосу, телесюжет, студиялык берүү, ток-шоулар.

Кызыктуу көрүнүшү бар ири маалымат колдонгон материалдар артыкчылыкка ээ.

Арызды ким бере алат:

  • Менчик түрүнө карабастан Кыргызстан аймагында катталган медианы журналисттери жана редакторлору.
  • Кыргызстандагы блогерлер.

Арыздар авторлордон гана эмес, иштерди жогоруда көрсөтүлгөн номинацияларга көрсөткүсү келген үчүнчү тараптардан да алынат.

Бир номинацияда бир автор бир гана ишти көрсөтө алат.

Тандоонун башкы критерийлери:

  • маалыматтын тактыгы жана шайкештиги,
  • инновациялык жана чыгармачыл мамиле.

Ар бир номинацияда үч жеңүүчү аныкталып, алар акчалай сыйлыкка ээ болушат.

АРЫЗ ФОРМАСЫ (бул жерден толтуруу)

Жеңүүчүлөрдү сыйлоо күнү туурасында кошумча маалымдайбыз.

Бардык суроолор боюнча КРдагы Интерньюстун тренинг жана контент өндүрүү борборунун координатору Элима Жапаровага: edzhaparova@internews.org электрондук дареги боюнча кайрылууга болот.

Окшош посттор