Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Матраимовдордун үй-бүлөсү бир катар ЖМКга карата доосунан баш тартты

Матраимовдордун үй-бүлөсү бир катар ЖМКга карата доосунан баш тартты

Бишкектин Свердлов райондук сотуна Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун адвокаттарынан бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарына болгон доолорунан баш тартуу боюнча арыз келип түштү.

Арызга доогердин адвокаттары Мадина Ниязбекова менен Татьяна Карыжинская кол койгон. Анда адвокаттар соттон Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн журналист Али Токтакуновго, Kloop.kg жана 24.kg маалымат агенттигине карата доолорунан баш тартууну кабыл алууну жана ушул иштерди өндүрүштөн токтотууну суранган.

Эске салсак, мындай доо арыз берүүгө «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү Kloop басылмасы чогуу жүргүзгөн КР бажы органдарындагы коррупциялык схемалар жөнүндөгү Райымбек Матраимовдун ысмы аталган журналисттик иликтөөлөр сериясы себеп болгон.

«27-апрелде сот жыйыны болот. Доогер тараптын өкүлдөрү бул жөнүндө расмий жарыялашы керек. Сот кабыл алабы же жокпу көрөбүз. Бул маселе боюнча биздин пикирди дагы сурашат», – деди Матраимовдордун иши боюнча «Азаттыктын» укугун коргогон адвокат Акмат Алагушев.

Арызда кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштыруу фактылары боюнча Матраимовга карата кылмыш иштери УКМК тергөөчүсүнүн токтому менен токтотулганы белгиленет, андан улам «журналисттик иликтөөлөрдө көрсөтүлгөн жагдайлардын жалгандыгын жана ойдон чыгарылгандыгын өзүнчө тартипте далилдөөнүн зарылдыгы болбой калганы» айтылат.

2020-жылы октябрда Райымбек Матраимов бажы органдарындагы коррупциялык схемаларды иликтөө жөнүндөгү иштин алкагында кайра кармалган. Ал эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулган жана бөлүп-бөлүп 1 млрд 400 млн сомду накталай жана 600 млн сомдук мүлктү мамлекетке өткөрүп берүү менен чыгымдын ордун толтурган. Кийин сот аны коррупцияга күнөөлүү деп тапкан жана 260 миң сом айып пул салган.

2021-жылдын 18-февралында Райымбек Матраимов УКМК кызматкерлери тарабынан кылмыштуу жол менен табылган кирешелерди адалдоого шектелип кайра кармалган. Ал УКМКнын Убактылуу тергөө абагына камалган, бирок бир нече күндөн кийин Матраимов жеке клиникалардын бирине которулганы белгилүү болгон. Аны апрелдин башында колонияга которушкан.

15-апрелде УКМК Матраимовго карата сотко чейинки өндүрүштү кыскартканын жана камактан бошотулганын жарыялаган, ошону менен бирге чет өлкөдөн Райымбек Матраимовго жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө таандык мүлк табылбаганын билдирген.

2020-жылдын 9-декабрында АКШ Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду Магнитскийдин глобалдык тизмесине киргизгени белгилүү болгон. АКШ Финансы министрлигинин маалыматы боюнча, ал тизмеге киргизилген адамдардын Кошмо Штаттардын аймагындагы же АКШнын жеке жана юридикалык жактарынын ээлигинде же көзөмөлү алдында турган бардык мүлктөрү жана ар кандай активдеринин үлүштөрү тоңдурулат.

Азамат Касыбеков,
«Журналисттер» КБн
ын Чүй обл. жана Бишкек ш. өкүлү

Окшош посттор