Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Басма сөз күнүнө карата кыргызстандык журналисттер жана мамлекеттик мекемелердин басма сөз кызматтары арасында сынактын жыйынтыгы чыкты

Басма сөз күнүнө карата кыргызстандык журналисттер жана мамлекеттик мекемелердин басма сөз кызматтары арасында сынактын жыйынтыгы чыкты

7-ноябрь – басма сөз күнүнө карата кыргызстандык журналисттер жана мамлекеттик мекемелердин басма сөз кызматтары арасында сынактын жыйынтыгы чыкты. Анда жалпысынан 11 журналист сыйланды. Бул тууралуу “Журналисттер” коомдук бирикмесинин жетекчиси Марат Токоев билдирди.

Анын айтымында, аталган сынакты “Журналисттер” коомдук бирикмеси, “Жаш журналисттер” кыймылы, “Маалыматтык укук борбору” ,КР ЖМК кызматкерлеринин профсоюзу жана ММКларды колдоо борбору уюштурган.

“Эң мыкты кабарчы” сынагы журналисттер арасында телеберүү, радио, гезит-журнал жана интернет басылма тармагы боюнча өз-өзүнчө аныкталды.

Кыргызстандын тарыхында кабарчылар үчүн 1-жолу өткөрүлгөн сынакта төмөнкү журналисттер “Мыкты кабарчы” аталышты:

Мыкты телекабарчы”- Сүймөнкул Идирисов, КТРК

“Мыкты басма сөз кабарчысы”- Виктория Куренева, Вечерний Бишкек

“Мыкты радио кабарчы”- Жеңиш Айдаров, Азаттык радиосу

“Мыкты интернет кабарчысы”-Кабыл Макешов, эркин журналист

Мындан сырткары кызыктыруучу сыйлыктарга Мээрим Ташибекова (НТС), Парахат Шүкүрова (Де-факто газетасы), Гүлбүбү Усенова (Биринчи радио), Наталья Секерина ээ болушту.

Ошондой эле, “Эң мыкты басма сөз кызматы” сынагы мамлекеттик мекемелердин басма сөз кызматтары арасында өттү. Анда Чек ара кызматынын басма сөз кызматы биринчи, Ички иштер министирлигинин басма сөз кызматы экинчи, Жогорку Соттун басма сөз кызматы үчүнчү орунду алды.

Жеңүүчүлөр диплом жана акчалай сыйлык менен сыйланды.

Иш-чаранын алкагында ЕККУнун Академиясы менен DW Академиясы жана бир катар Кыргызстандык медиа уюмдар биргелешип даярдаган докладдар айтылды. Бул Академиялар Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын жаш журналисттери үчүн өткөрүп келе жаткан заманбап журналистиканын жайкы мектебинин 4 жылдык иш жыйынтыгын тааныштырды.

“Жаш журналисттер”

Окшош посттор