Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Аналитика

Сын айткандардын суракка чакырылуусу

Сын айткандардын суракка чакырылуусу

Акыркы кезде социалдык тармактарда бийликке сын айткан жарандар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) суракка чакырылган учурлар кѳп катталууда. Бийликти сындагандардын аккаунттарын да бузуп кирүү аракеттери болуп жатат.

Сын айтып… “кечирим сурап”…

COVID-19 пандемиясы күчѳп турган мезгилде бийликтин аракетсиздигин, алсыздыгын айтып сындаган видеокайрылуулар кѳп тарады.

Алардын бири – каза болгон апасын акыркы сапарга узатууга Орусиядан Кыргызстанга келе албай, ачууланган мигрант аялдын Президентти тилдеген видеосу. Кѳп ѳтпѳй ошол аял кайра Президенттен ыйлап кечирим сураган видео тарады. 

Пандемия менен күрѳшүүдѳгү Президенттин ишин видео аркылуу сындаган Элдияр Жолдошевди болсо атайын кызматтар президенттен кечирим суроону талап кылганын ал башка видеосунда жарыялады. Бул видеолорго бѳгѳт коюлуп, азыр интернеттен таап кѳрүүгѳ мүмкүн болбой калды. ИИМ Элдияр Жолдошевдин Президентти сындаган видеосу боюнча сотко чейин ѳндүрүштү 28-июлда баштады.

Аккаунттарга чабуул

Кыргызстанда бийликке сын айткан жарандык коомдун бир топ ѳкүлдѳрү коомдук тармактардагы аккаунттарына бузуп кирүү аракеттери жасалганын жазып чыгышты. Назгүл Түмѳнбаеванын, Бакыт Молдожановдун, Валентина Галичтин ж.б. баракчаларына чабуулдар жасалган. 

Бийликтин ишин сындаган “Чек ара” коомдук бирикмесинин мүчѳсү Асхат Осмонов жана “Чоӊ казат” кыймылынын мүчѳсү Сыймык Жапыкеев хакерлер алардын интернет баракчаларын бузуп киргенин, алар кайрадан жаӊы аккаунт ачууга аргасыз болушканын коомчулукка жарыя кылышты.

Укук коргоо органдарынын укуругу 

Май айынын башында таластык блогер Шабдан уулу Чынарбекти (Али Шабдан) коомдук тармактагы бийликти сындаган бир нече постту көчүрүп таратканы үчүн УКМК тапшырмасы боюнча Талас ОИИБ имаратына алып келип, түшүнүк кат жаздырышкан. 

Стендап-куудулу Назгүл Алымкулова (Айылчынова) болсо 15-июлда УКМКга күбѳ катары суракка чакырылды. Ал Doublicat тиркемеси менен президент Сооронбай Жээнбековдун сүрөтүн белгилүү бир рэпердин бетине чаптап, күлкүлүү видео жасап, социалдык тармактарда тараткан эле. Сурак учурунда Н.Айылчынова сотко чейинки териштирүү материалдарын ачыкка чыгарбоо жөнүндө кол коюп бергени үчүн комментарий берүүдѳн баш тартты (сотко чейинки тергөөнүн маалыматтарын ачыкка чыгарбоо жөнүндө мыйзамда аныкталган тартипте эскертүү берилген киши айтылгандарды прокурордун же тергөөчүнүн макулдугусуз жарыя кылса, 20 миӊ сомдон 30 миӊ сомго чейин айып төлөйт).

Назгүл Алымкулованын атына чакыруу кагазы

15-июль күнү петицияларды жарыялаган Change.org сайты бѳгѳттѳлүп, ачпай калды. Бул сайт ал күнү Президент С.Жээнбековго импичмент кѳрсѳтүү боюнча электрондук кол топтоо боюнча петицияны жарыялаган эле. Change.org сайтына 400 млн.дон ашык адам катталган болчу. 

Ал эми 17-июль күнү “Меместан” Фейсбук баракчасынын администратору Арген Бактыбек уулу (Gena Kaparov) жана анын жубайы Эркин Асанбаева ИИМдин тергөө кызматы тарабынан суракка чакырылды. Алар да сотко чейинки териштирүү материалдарын ачыкка чыгарбоо жөнүндөгү кагазга кол коюп беришкен. “Меместан” Фейсбук баракчасында бийликти сындаган сатиралык сүрѳттѳр кѳбүрѳѳк жарыяланып турат.

Июль айында Кыргызстандын Малайзиядагы, Түштүк Кореядагы мурдагы элчиси Кылычбек Султан УКМКга бир нече ирет сурак берип чыкты. Ал “Бийликти күч менен басып алуу” беренесинин негизинде  сотко чейинки териштирүүгө алынган иште күбө катары суралып жатканын кабарлаган. Мурдагы элчи тергөөнүн купуялыгына кол коюп бергенине байланыштуу сурак жөнүндө толугураак маалымат айта албайт. Фейсбук баракчасында Кылычбек Султан пандемия шартында бийликтин кемчиликтери жѳнүндѳгү сын пикирин жарыялап турган.

27-июлда “МеКен” кинотасмасын кинотеатрларда кѳрсѳтүүгѳ бейрасмий тыюу салынды. Бийлик тѳбѳлдѳрү тасманын режиссеру Медербек Жалиловго кинотасмадагы коррупция жѳнүндѳгү кѳрүнүштѳрдү кыркып алып салууну айтканын ал соцтармактада жарыялады. 

Оштогу эркин журналист жана ютубер катары ишмердигин жүргүзүп келаткан Адыл Акжол уулун УКМКнын Оштогу бѳлүмүнѳн 29-июлда телефон чалып, тезинен УКМКга келүүнү айткан. Ага расмий чакыруу кат берилген эмес. Телефон чалып чакырган УКМК кызматкери Адыл Акжол уулун атайын кызматтын имаратына алып кирбестен, сырттан эле сүйлѳшкѳн. 

“Алгач: “Сен жоопкерсиӊ, сенин материалыӊан эки адам мушташса, башыӊ менен жооп бересиӊ, камалып кетишиӊ мүмкүн”, – деген коркутууларды, жалаа жабууларды баштады. Мен ага: “Кайсы материалдын негизинде айтып жатасыз, мен улуттар аралык маселени кѳтѳргѳн эмесмин, сиз сѳзүӊүздү тактап айтыӊ, куру доомат койбоӊуз”, – дедим. Анан ал: “Мен сени жѳн эле тааныйт болчумун. Ага-ини катары чакырдым…”, – дейт. Канчалаган кылмыш иштери турса, УКМК мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштебейби деген пикирди да Фейсбукка жаздым”, – деди Адыл Акжол уулу. Журналист-ютубер даярдаган материалы үчүн суракка чакыруулар сѳз эркиндигине болгон кысым экенин, пикир билдирүү, сѳз эркиндигин чектѳѳ – элдин бийликке ишенбестигин, нааразылыгын күчѳтѳрүн кошумчалады. Адыл Акжол уулу суракка чакырылганга чейин киши колдуу болгон таксисттин ѳлүмү боюнча видеоматериалды жарыялаган болчу. Адыл Акжол уулунун ютуб-каналын 400 миӊден ашуун адам кѳрѳт.

11-август күнү журналист Айданбек Акматов ИИМде сурак берди. Ал 22-июнда ѳзүнүн Фейсбук баракчасында «Олигархат же үч баштуу ажыдаар» деп аталган постунда бийлик жѳнүндѳ сын пикирин жазган.  Учурда “Расалык, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты (араздашууну) козутуу» беренеси менен сотко чейинки териштирүү жүрүп жатат. 

14-август күнү “Кактус Медиа” порталынын Оштогу кабарчысы Марат Уралиев Ош облустук ички иштер башкармалыгына күбѳ катары суракка чыкырылды. Ал 7-июль күнү Ош шаарындагы тойканалардын биринде ѳтүп жаткан маарекени видеого тартып, пандемия учурундагы тартип бузуу жѳнүндѳ маалымат тараткан эле.

Бийликке сын айткандарды суракка чакырган учурлар мурда да болуп келген

Дизайнер-сүрѳтчү Никита Тарасенко 2018-жылы президент С.Жээнбековдун жалгыздыгы жөнүндө тамаша сүрөттү жарыялагандыгына байланыштуу прокуратурага маектешүүгѳ чакырылган. Ал эми 2019-жылы ѳзүнүн баракчасында президент Сооронбай Жээнбековдун, анын иниси Асылбек Жээнбековдун жана бажы кызматынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун сүрѳттѳрүн уюшкан кылмыштуу топко салыштырган коллаж жасап таратканы үчүн УКМКга суракка чакырылган. Тарасенкону атайы кызматтар президенттин сүрѳттѳрүн тамашалуу коллаж кылып жарыялаганы үчүн да суракка чакырган. 

2019-жылы «БеспределКГ» фейсбук тобунун администратору Автандил Жоробеков УКМКга суракка чакырылып, “улуттар аралык кастыкты козутуу” деген айып тагылып, 24-ноябрда кармалган. Бирок, жарандык коомдун реакциясынан кийин ал кое берилген. УКМК билдиргендей, анын жарыялаган постторунда касташууга чакырык болгон эмес, бирок соцтармак пайдалануучулардын бири-бирине жазган комментарийлери Автандил Жоробековду кармап, суракка алууга себеп болгон. «БеспределКГ» баракчасында бийликти сындаган материалдар жарыяланып турган.

Бийликти сындоо кылмыш эмес

УКМКга суракка чакырылган Арген Бактыбек уулунун жактоочусу Нурбек Токтакунов бийликке сын айткандарды суракка чакырууну аша чапкандык деп белгилейт:

“Укук коргоо органдары кызматынан кыянаттык менен пайдаланып жатат. Бийликти сындаганы үчүн жоопко тартуу түздѳн-түз Конституцияны, сѳз эркиндигин бузат. Азыр мыйзам иштебей калган. Мыйзамдын ордунда – Президент. Эгерде Президенттин кѳз карашы мыйзамга карама-каршы болсо, күч органдары Президенттин кѳз карашы менен колдонот, ошол эле мыйзамга шылтоо кылып. Анткени мыйзамдар начар, түшүнүксүз жазылган. Мыйзамдарда карама-каршылыктар кѳп”. 

 

КР Конституциясынын 31-беренеси:

– Ар ким эркин ой жүгүртүүгѳ жана ѳзүнчѳ пикирге ээ болууга укуктуу;

– Ар ким ѳз пикирин билдирүүгѳ жана сѳз жана басма сѳз эркиндигине укуктуу;

– Эч ким ѳз пикирин билдирүүгѳ жана андан баш тартууга мажбурланууга тийиш эмес.

 

“Медиа Полиси Иститутунун” юристтери кандай гана формада (соцтармактагы видео, сүрөт, макала) болбосун, бийликти сындоо жазык нугунда жазалануучу кылмыш болуп саналбай турганын белгилейт. Ал эми суракка чакыруу – дал ушул жазык ишине байланыштуу сотко чейинки териштирүү болуп саналат. 

“Жазык кодексинде укукка каршы келген маалыматты тараткандыгы үчүн жоопкерчиликти жаратуучу иш-аракеттердин толук тизмеги каралган. Укукка каршы маалыматты таратуу дегенде жапырт бейбаштыкка, конституциялык түзүмдү кулатуу, кастыкты (диндер аралык, аймактар каралык ж.б.у.с.) козутуу, экстремисттик материалдарды таратуу аракеттерин түшүнөбүз. Ушундай укукка каршы иш-аракеттери үчүн адам жазык жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн. Бирок бийликти сындоо бул тизмекке кирбейт. Буга байланыштуу бийликтин дарегине сын айткандыгы үчүн суракка чакыруу мыйзамга туура келбейт. Ошондуктан тергөөчүнүн мындай иш-аракеттерине сөзсүз түрдө даттануу керек”, – деп юристтер кеӊеш берет 

Эл аралык журналист Хулькар Исамова УКМК ѳлкѳ коопсуздугу, курч турган чек ара маселелери менен алектенбестен, соцтармактарда бийликке сын-пикир айткандар менен алектенип жатканын сындады. 

“Соцтармактарда кастыкты козуткан чакырыктарды таратуу – бул башка маселе. Ал эми “бул бийлик мага жакпайт”, же “тиги чиновник иштебей жатат” деген билдирүүлѳр – бул жарандардын кадыресе пикирлери. Эгер сѳз эркиндигине басым жасалып, Ѳкмѳттү, Президентти сындагандарды суракка чакыруулар, куугунтуктоолор улана берсе, коомдо чыӊалуу күчѳйт. Бул деген – коркутуу, басым кылуу. Мен муну адам укуктарына, сѳз эркиндигине коркунуч жараткан иш-аракеттер деп кабылдайм. Мына ушинтип репрессиялар башталат”, – деди Хулькар Исамова. 

“Медиа Полиси Иститутунун” юристи Акмат Алагушев укук коргоо органдары ѳз күч-аракетин бийликти сындагандарга жумшабай, кылмыштуулук менен күрѳшүүгѳ, кастыкты козуткандарга жана экстремисттик маалыматтарды тараткандарды аныктоого жумшашы керек деп белгилейт: 

“УКМКнын интернет пайдалануучулардын тараткан маалыматтарында экстремисттик, кастыкты козутуучу чакырыктарды аныктоо милдети бар. Бирок, УКМК эӊ биринчиден бийликти, президентти сындаган адамдарды суракка чакырып жатышат. Бул ой-пикирин эркин билдирген жарандарды куугунтук кылуу, коркутуу, үркүтүү болуп саналат. Бул – сѳз эркиндигине басым кылуу”. 

“Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук кызматтары жөнүндө” мыйзамында аныкталган ачык тизмекти карасак, улуттук коопсуздук кызматтынын компетенциясына мамлекет башчы тууралуу терс маанидеги кеп-сөздөрдү көзөмөлдөө, анан буга байланыштуу сотко чейинки өндүрүш жүргүзүү иштери кирбейт. 

“Журналисттер” коомдук бирикмесинин жетекчиси, медиа эксперт Марс Тулегенов соцтармакта бийликке сын-пикир айткандарды куугунтуктоо жана суракка алуу суракка чакырылгандар үчүн психологиялык жактан оор болорун белгилеп, анткен менен жарандык коом акыйкаттуулукту талап кылып баштаганын айтты:

“Эгерде бул боюнча кете турган болсок, Орто Азия өлкөлөрүнө кирген коңшу мамлекеттердей маалыматтарды сыртка чыгарбай сыр бойдон сактоого алып барабы деп чочулоо бар. Ал учурда, албетте, ашыкча маселени жаратпаш үчүн мамлекеттик кызматтагылар маалыматтарды жашырууга өтүшөт. Бирок, ошого карабастан эл мурункудай болбостон, бийликтен акыйкаттуулукту, адилеттүүлүктү мыйзамдын негизинде, тартип бузбастан тынч митингдерди өткөрүп талап кылып башташты. Бул эмнеден кабар берет, эл мыйзамдын негизинде бийлик тараптан талап кылганды үйрөндү. Бул да болсо, жарандык коомдун ойгонгондугунан кабар берет”.

Ал эми медиа эксперт Азамат Тынаев сѳз эркиндиги менен кошо жарандардын жоопкерчилиги эриш-аркак болушун белгилейт. Ал жоопкерчиликти жалаӊ гана укуктук жактан карабастан, эӊ алгач калктын медиа сабаттуулугун арттыруу керектигин белгилейт.

“Соцтармактар кѳп пайдалуу нерселерди алып келгени менен, ошону менен бирге экстремисттик чакырыктарга, жалган маалыматтарга, кастык тилине, кибер-агрессияга жана интернет-алдамчылыкка да кенен жол ачып берди. Бирок биз мындай түрдѳгү мыйзам бузуулар менен канчалык деӊгээлде күрѳшѳ алабыз деген суроо пайда болот. УКМК мындай нерселерге реакция кылганы менен, аларга баа бере алабы? Же мындай аракеттер сѳз эркиндигин кандай ѳлчѳмдѳ басаӊдата жана чектей алат деген суроо да туулат”, – дейт Азамат Тынаев.

Коомдук маанилүү маселелерге, коррупциялык кѳрүнүштѳргѳ жана бийликтин иш-аракетине карата интернет пайдалануучулардын сын-пикирлери кеӊири тарап, коомдук пикир жаратып баштагандан тарта Интернетти кѳзѳмѳлдѳѳ демилгеси оозеки айтылып келген. 

Быйыл Жогорку Кеңештин депутаттары Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмонова «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоорун парламентке сунуштады. Бул мыйзам долбоору жарандык коом тарабынан социалдык тармактарда катуу сынга кабылганына карабастан 26-июнда үчүнчү окууда кабыл алынды. Бирок Президент С.Жээнбеков 3-августта бул мыйзамга каршы пикирге кол коюп, толуктап иштеп чыгуу үчүн Парламентке кайтарды. 

Жарандык активисттер, журналисттер, блогерлер үчүн “Медиа Полиси Институту” эгерде укук коргоо органдары суракка чакырса, эмнелерди эске алуу керектигин баяндаган атайын колдонмо иштеп чыкты. Аны менен бул дарек аркылуу тааныша аласыздар – http://media.kg/publications/chto-nuzhno-znat-i-delat-esli-vas-vyzvali-na-dopros-rukovodstvo/

Гүлзат Газиева,
«Журналисттер» коомдук бирикмесинин Оштогу ѳкүлү

Баш сүрөттүн автору Перизат Турдубекова

Окшош посттор