Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Журналисттер үчүн окуулардын экинчи этабы июлда башталат

Журналисттер үчүн окуулардын экинчи этабы июлда башталат

“Журналисттер” коомдук бирикмеси ЖМКларды колдоо боюнча эл аралык (IMS) уюмунун колдоосу менен журналисттердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу боюнча мектеп ачып, бир нече тренингдерди өткөрдү. Окуулар учурдагы кыргыз тилдүү журналисттери үчүн зарыл болгон темалардын алкагында жүргүзүлдү. Азыр анын биринчи этабы аяктап, 50 журналист окуудан өттү. Келерки экинчи этаптагы  окуулар июль айынан тарта башталат.

ЖМК кызматкерлерине аналитикалык материалдарды даярдоонун жана журналисттик иликтөөнүн негиздери,  журналисттердин долбоорлорду кантип жазуу керектиги, журналистиканын социалдык интернет тармактарда кантип иштеши, Блог түзүү жана аны алып баруу, Инфографика боюнча окуулар өткөрүлдү. Башкы редакторлор жана жооптуу катчылар үчүн кыргыз тили жана заманбап журналистиканын тажрыйбалары боюнча өзүнчө окутуу болду. Бул мезгил арасында Долбоор жазуу темасы журналисттердин өзгөчө кызыкчылыгын арттырды.

Баса белгилей кетүүчу жагдай, окутуулардын темалары журналисттердин арасында сурамжылоо жүргүзүү негизинде аныкталган, б.а. окутуулар журналисттердин кайсы бир журналисттик билимге муктаждыгы боюнча түзүлгөн.

Сабактар “Кабар” улуттук маалымат агенттинин имаратында керектүү техникалар менен жабдылган класста өткөрүлдү. Келечекте ушул классты такай негизде иштөөчү Журналисттик мектепке айландыруу пландаштырлууда. Бул окутуулардын дагы бир өзгөчөлүгү – окууга акы төлөө киргизилгендигинде. Окутуунун уюштуруучулары белгилегендей, акы киргизүү менен окуучулардын окууга жоопкерчилигин жогорулатууну көздөшкөн. “Башында чочуладык элек акы төлөш керек экендигин билишкенде окутууларга катышкандардын саны аз болот го деп. Бекер тынчсызданыппыз. Окутуудан өткөндөрдүн саны биз пландаштыргандай эле болду”, – дейт окутуулардын уюштуруучусу “Журналисттер” коомдук бириксмесинин жетекчиси Марат Токоев.

Белгилей кетүүчү нерсе, окуу баасы сабакка жараша 200 сомдон 500 сомго чейин болду.

Өткөн окуулар туурасында, анын катышуучуларынан бири, НТС каналынын кабарчысы Асел Акматалиева, ага пайдалуу болгондугун, мындан ары да окуулар көбүрөөк болуп турса деген пикирин билдирди. “Аналитикалык журналистика боюнча үч күндүк курс мага көп нерсе берди деп айта алам. Биринчи кезекте, окууну Кыргызстандагы мыкты журналисттердин бири жана тарыхчы Тынчтыкбек Чоротегин алып барды. Экинчиден, тажрыйбалуу журналист болсоң да мезгил бир ордунда турбайт, окуп-үйрөнүү ар дайым зарыл. Аналитика дегенде биз көбүнчө автордун оюн түшүнөбүз. Ооба, аналитикада автордун ою дагы бар, бирок ал ой фактылар менен далилдениши керек, болгондо да бир эмес, бир нече. Тынчтык агай (Тынчтыкбек Чоротегин – ред.) “Азаттык” радиосунда иштеп топтогон тажрыйбалары менен бөлүштү. Ошондой эле окууга журналисттер гана эмес журналистикалык факультетте болочок журналисттерди тарбиялаган окутуучулар да катышып, өз ара талкуулоо, тажрыйба алмашуу дагы болду. Менимче, мындай курстар журналисттердин билимин жогорулатып, өзүн ишенимдүү сезүүгө жардам берет”,-дейт Асел Акматалиева.

Ал эми курстун дагы бир катышуучусу , “Кутбилим” гезитинин журналисти  Жазгүл Урманбетова дегеле мындай окуулар пайдалуу болорун, себеби, журналисттер үчүн окуп-үйрөнүп туруу зарыл экендигин билдирди. “Биз жакында инфографика боюнча окудук. Муну майда-чүйдөсүнө чейин үйрөнө турган нерсе экен. Мага жакканы – окурман көп убакыт коротуп отурбай, маалыматты  бат ала тургандыгы болду. Себеби, окурман пайдалуу, керектүү маалыматты издейт эмеспи. Ошондой шартта инфографиканы колдонуп, материал жасаса жакшы болчудай. Ушундай жаңычылдыктарды окуп жатканыбыз биз үчүн пайдалуу . Азыркы журналисттер үчүн тартыш болгон убакытты эске алсак, окуунун ар бир ишемби, жекшемби күндөрү өткөнү ыңгайлуу болот деп эсептейм”,-деди Жазгүл Урманбетова.

Дагы бир жолу эскерте кетсек, Окутуулардын экинчи этабы июль айында башталат. Окутуулардын темалары, алардын графиги менен биздин сайттан тааныша аласыздар. Учурда аларды аныктоо максатында журналисттер жана ЖМКлардын башкы редакторлорунун арасында сурамжылоо жүргүзүлүп жатат.

Окшош посттор