Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Аналитика

Парламенттик шайлоо ЖМКларга кандай таасир берет? Кандай өзгөрүүлөр болот?

Парламенттик шайлоо ЖМКларга кандай таасир берет? Кандай өзгөрүүлөр болот?

Кыргызстанда быйыл 4-октябрда парламенттик шайлоо өтөт. Боло турчу шайлоону эсепке алганда Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери Жогорку Кеңештин депутаттары жетинчи ирет шайланганы турат.

Быйылкы шайлоо коронавирус пандемиясына туш келгендиктен бир катар эрежелер менен талаптар өзгөрдү. Буга чейинки шайлоолордо болуп келгендей аянттарга жана башка жерлерге элди чогултуп, үгүт иштерин өткөрүүгө жана концерттерди уюштурууга тыюу салынды. Андан тышкары шайлоо күнү санитардык-гигиеналык талаптар катуу сакталат. Атап айтканда шайлоо участкасына келген шайлоочулар социалдык аралыкты, жеке гигиена нормаларын сактооого тийиш.

Албетте, саясий партиялар үгүт иштерин ЖМКларсыз өткөрө алышпайт. Партиялар өзүнүн программасын жана платформасын элге жеткирүү үчүн ЖМКлар сөзсүз керек. Бирок быйылкы шайлоодо үгүт иштерин жүргүзүү буга чейинки шайлоолорго караганда өзгөрөт дегендер да жок эмес. Себеби, интернет технологияларынын өнүгүшү менен социалдык тармактар үгүт иштерин жүргүзүү үчүн эң ыңгайлуу платформа экенин айтышууда. Анткен менен акыркы изилдөөлөргө ылайык, Кыргызстандын калкынын басымдуу бөлүгү телевизор аркылуу маалымат алаары ырасталганын, андыктан өлкөдө таасирдүү ЖМК катары мурдагыдай эле телекомпаниялар эсептелет дегендер да жок эмес. Пандемия шартында каржылык жактан кыйналган ЖМКлар кайсы бир партиянын камчысын чаап, эшик ырчысы болуп калбайбы деген дагы кооптонуу бар.

Айтылган ар кандай ача пикирлерди эске алып, боло турчу үгүт иштерине ЖМКлардын даярдыгы кандай экенин билип көрүүнү чечтик.

НТС телеканалынын башкы директору Миржан Балыбаев ЖМКлардын шайлоо өнөктөштүгүнө катышып, үгүт иштерин жүргүзүүсү Шайлоо жөнүндөгү мыйзамда так жазылганын белгиледи. Андан сырткары ар бир ЖМКнын үгүт материалдарын жайгаштыруу боюнча прайс-лист күн мурунтан белгиленип Борбордук шайлоо комиссиясына берилерин айтты.

“ЖМКлар шайлоо учурунда көбүрөөк каражат таап калалы деп аракеттенишет, андан тартына турчу эч нерсе жок. Партиялар үгүт материалдарын ЖМКларда жайгаштыруу үчүн бардык каражаттарды шайлоо фондусунан жумшайт. Шайлоо фондунун каражаты тыйынына чейин эсептелет. Телеэфирден бир секунд дагы үгүт материалдары мыйзамсыз өтө албайт”, – деди ал.

М.Балыбаев азыр партиялар интернетке, санариптик платформага көбүрөөк басым жасап, үгүт материалдарын ошолорго жайгаштырышат деген ойлор айтылып жатканын белгилеп, бирок ал иш жүзүндө кандай болорун убакыт көрсөтөрүн белгиледи. Ошол эле маалда, интернет байлынышы Кыргызстандын чоң-чоң шаарларында гана жакшы болгонун айтып, алыскы аймактарда интернетке чыгуу көйгөйү чечиле электегине токтолду.

“Канчалык интернет дебейли бардык изилдөөлөргө ылайык, Кыргызстандын калкынын көбү телевизор көрөт. Телеберүүнүн үлүшү жогору. Интернет Бишкек жана Ош сыяктуу чоң шаарларда жакшы тартпаса, мисалы, Бишкектин четиндеги айылдарда жакшы тартпай калат. Ошондуктан өзүбүздү, сөзүбүздү жеткиребиз деген партиялар теледен баш тарта албайт”, – дейт М.Балыбаев.

Журналист Тынчтыкбек Алтымышев болсо шайлоо кампаниясы учурунда мурдагыдай гезит менен ТВга басым жасалбайт деген пикирде. 

“Агитация соцтармактарда, телеграмм, вотсап топтордо, Фейсбукта жүрөт. Партиялар айрым гана ЖМКлар менен иш алып барышат. Шайлоо мыйзамдары боюнча, баардык ЖМКлар саясий партиялар менен өз ара иштешип, штабдар буйруган макаланы жазып турушат. Андыктан ЖМК менен журналисттерди “Арзымат” деп атоого деле болбойт. Таза арзыматчылыкты мында СММщиктер, троллдор менен жалданма аккаунттар жасашат”, – дейт ал.

КТРКнын мурдагы башкы директору Илим Карыпбеков шайлоо өнөктөштүгү учурунда ЖМКда эч кандай деле олуттуу өзгөрүү болбойт деген пикирде. Анткен менен быйылкы шайлоо кампаниясында интернет багытына көп акча сарптала турганын билдирди.

“Эл барган сайын интернетти көп колдонуп, социалдык тармактарга көп чыгып, ТВдан жана башка ЖМКлардан ошол жакка агып жаткан учуру. Жарнамалык акча гана интернет багытына көп кетиши ыктымал. Шайлоо кампаниясы учурунда ЖМКларга олуттуу акча түшөт дегенге деле ишенбейм. Президенттик шайлоого караганда бюджет азыраак болот. Ошентсе дагы бул шайлоо ЖМКларга акча таап иштеп калганга мүмкүнчүлүк”, – деди ал.

И.Карыпбеков андан сырткары элди чогултуп, концерт менен коштолгон иш-чараларга тыюу салынгандыктан, ошол жакка кете турчу каражаттар интернетке кете турганын белгиледи. Ошол эле маалда учурда журналисттер менен айрым ЖМКлар “ушул партиянын камчысын чабат элем” деп жүргөнүн кошумчалады.

Саясат талдоочу Азим Азимов бул шайлоодо медиа ландшафтын өзгөрүшүнө коом өзү күбө болуп жатканын айтат. Буга чейинки шайлоолордо – 2010 жана 2015-жылдарындагы шайлоодо – улуттук, республикалык деңгээлдеги ЖМКлардын орду чоң болгонун кошумчалады.

“Биринчи кезекте КТРК болчу. Жеңишке жетем деген саясий ишмелер менен партиялар КТРК,  “Акипрес”, “Супер-Инфо” сыяктуу медиаларга өзүнүн үгүт материалдарын жайгаштыруу шарт болчу. Ушул медиаларга чыгарбаса жалпы элге өз программасын таратуу шансы жок болчу”, – дейт ал.

А.Азимов азыркы учурда соцтармактардын ролу аябай жогорулаганына токтолуп, Фейсбук менен Инстаграм маалыматты жайылтуунун өзүнчө булагына айланганын белгиледи

“Орто же чакан бюджети бар партиялар каражатынын басымдуу бөлүгүн соцтармактарга салышат. Шайлоодо биринчи болом деп жаткан 2-3 партия бар, алар материалдарын улуттук, республикалык маанидеги ЖМКларга жана соцтармакка чыгарганга басым кылышат”, – дейт ал.

Расул Мурат

Баш сүрөттүн автору Каныбек Турумбеков 

Окшош посттор