Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

“РАКУРС” киномакалалар сынагы

“РАКУРС” киномакалалар сынагы

ЖОБОСУ

1. Кыргыз киносун пропагандалоо максатында, «Ак Илбирс» улуттук киносыйлыгынын негиздөөчүлөрү, «Ракурс» деп аталган маалымат каражаттарында жарыяланган эң мыкты киномакалалардын сынагын жарыялайт.

2. Сынака республикалык каражат маалыматтарында жарыяланган кыргыз киносу, кыргыз тасмасы жана кинодогу инсандар тууралуу макалалар ат салыша алат.

3. Сынактын 200 миң сомдук байге көлөмүн «Айтыш» Коомдук Фондусу ыйгарат жана ал байге төмөнкүчө бөлүштүрүлөт: – «Гран При» – 75 миң сом.
– Жалпы кыргыз киносун эң мыкты изилдеген макала – 55 миң сом.
– Кыргыз тасмасын же кинодогу инсандын чыгармачылыгын талдаган эң мыкты макала – 35 миң сом.
– Уюштуруу жана калыстар тобуна жумшалган каражат – 35 миң сом.

4. Макала «Ракурс» – «Ак Илбирс» сынагы деп аталып, электрондук түрдө жөнөтүлөт, ага кайсыл маалымат каражатында жарыяланган шилтемеси тиркелет. Макала басма түрүндө болсо, анын бир нускасы төмөнкү дареке салынат.

5. Сынака 2013 жылдын 1 январынан баштап 2014 жылдын 30 апрелине чеин жарыяланган макалалар катыша алат.

6. «Ракурс» сынагынын байгелерин тапшыруу аземи «Ак Илбирс» улуттук киносыйлыгын тапшыруу аземинин (2014 жылдын 16 майы) алдында өткөрүлөт, демек 2014 жылдын май айынын биринчи жарымында.

7. Калыстар тобунун мүчөлөрүн, алардын санын жана сынак эрежелерин «Ак Илбирс» улуттук киносыйлыгынын негиздөөчүлөрү аныкташат.

8. Сынактын катышуучулары калыстар тобунун мүчөсү боло алышпайт.

Макалалардын жана шилтемелердин салына турган дареги:

Кыргызстан, 720030, Бишкек ш., Динара Асанова көчөсү, 1.

“Эрнест Абдыжапаровдун Студиясы” Суйумкан Сулаймановага.

Тел. 0552 20 51 69. E-mail: suyuma_88@mail.ru

Окшош посттор