Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Белгилүү журналист Марип Тайчабаров дүйнөдөн кайтты

Белгилүү журналист Марип Тайчабаров дүйнөдөн кайтты

“Кыргыз Туусу” гезитинин экономика бөлүмүнүн башчысы Марип Тайчабаров дүйнөдөн кайтты.

М.Тайчабаров 1961-жылы Алай аймагында жарык дүйнөгө келген. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн соң, Лейлек райондук гезитинде эмгек жолун баштаган. Кийин борбордук “Ленинчил жаш” гезитине иштөөгө чакырылган. Марип Тайчабаров бир катар мезгилдүү басма сөз органдарында жетекчилик кызматтарда да эмгектенген. Республикалык “Эне тил”, “Бишкек таймс” гезиттерин жетектеп, кыргыз радиосунда, кийин “Жаңы кылым”, “Кыргыз Туусу” гезиттеринде эмгектенген.  Акыркы жылдарда өкмөттүк “Кыргыз Туусу” гезитинин экономика бөлүмүн жетектеп иштеп жаткан.

“Журналисттер” коомдук бирикмеси кесиптешибиз, белгилүү журналист Марип Тайчабаровдун дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу жакындарына, үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын бөлүшөт.

Окшош посттор