Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Сот адилеттигине болгон мүмкүнчүлүк жана укук темасын чагылдыруу боюнча туруктуу рубрикаларды ачууга ЖМКлардын арасында сынак

Сот адилеттигине болгон мүмкүнчүлүк жана укук темасын чагылдыруу боюнча туруктуу рубрикаларды ачууга ЖМКлардын арасында сынак

“Журналисттер” коомдук бирикмеси жана БУУПӨПтүн (ПРООН) “Кыргыз Республикасында сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү” жана “Туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу максатында Укуктун улуктугун жана сот адилеттигине мумкунчүлүктү жакшыртуу” долбоорлору Бишкек шаарындагы, Чүй, Жалал-Абад, Баткен жана Ош областтарындагы ЖМКлардын жана интернет-басылмалардын арасында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын, балдардын, элеттик аялдардын, жаштардын жана этникалык азчылыктардын сот адилетттигине мүмкүнчүлүк жана укук  маселесин чагылдыруу боюнча туруктуу рубрикаларды ачууга сынак жарыялайт.

Бул сынактын максаты болуп төмөнкүлөр саналат:

– элеттик кыз-келиндерге, балдарга, жаштардын опурталдуу тобуна, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жана этникалык азчылыктарга өзгөчө көңүл буруу аркылуу калктын алсыз катмарларынын укуктук маселелерин жакшыртууда көмөктөшүү;

– Эл аралык укук коргоо стандарттарына жана сунуштарга ылайык акыйкаттыкка жетүүнү жана укуктук жардамды жакшыртуу.

Аялдар, балдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана жаштардын опурталдуу тобундагылар акыйкаттыкка жетүүдө орчундуу көйгөйлөргө туш болот. Билимдин жана тажрыйбанын жоктугу, экономикалык көз карандылыгы, өзүлөрүнүн укуктарын жакшы билбегендиги, өз укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жолдору тууралуу коомдун начар кабардар болушу жана көпчүлүк учурда керектүу документтердин жоктугу укук коргоо органдары, сот, бейөкмөт уюмдары, укуктук клиникалар, аксакалдар соту сыяктуу расмий жана расмий эмес акыйкаттыкка жетүү боюнча органдарга кайрылууда кыйынчылыктарды жаратат.

Сынактан өткөн теле жана радио компаниялар, басма сөз жана интернет-басылмалар 7 ай бою “Журналисттер” коомдук бирикмеси менен макулдашылган график боюнча ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын, балдардын, элеттик аялдардын, опурталдуу топтогу жаштардын жана этникалык азчылыктардын акыйкаттыкка жетүү темасын чагылдыруу боюнча атайы ачылган туруктуу рубриканын алкагында матералдарды даярдап турушат. Ар бир материал үчүн акы төлөнөт.

Сынакка катышуу үчүн journalist.kg@gmail.com электрондук дарегине төмөнкүлөрдү жөнөтүү керек:

– ЖМК же интернет басылманын жетекчиси тарабынан кызыгуу каты;

– ЖМКнын же интернет-басылманын конкреттүү темалар боюнча материалдын көлөмү, саны жана мезгилдүүлүгү боюнча көз карашы жана сунуштары;

– Аталган тематикага материалды даярдай турган журналисттин резюмеси.

Документтер кыргыз жана орус тилинде кабыл алынат. Акыркы кабыл алуу күнү 2015-жылдын 10-июнунда саат 12:00дө токтотулат. Документтердин толук топтому гана каралат.

Окшош посттор