Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

“24.kg” маалымат агенттиги окурмандарга кыргызча да маалыматтарды бере баштайт

“24.kg” маалымат агенттиги окурмандарга кыргызча да маалыматтарды бере баштайт

Бүгүнтөн баштап  “24.kg” маалымат агенттиги  интернеттеги жалпы окурмандарга кабарларды кыргыз тилинде  да ( http://kyr.24.kg )  тартуулай баштамакчы.

Азырынча кыргыз редакциясы негизинен орус тилиндеги кабарлар түрмөгүнөн которуп  жарыялоодо. Аны менен катары эле кыргыз тилдүү окурмандарга керек деген  материалдарды, маектерди журналисттер өздөрү даярдап, жазып турушат.

Кыргыз тилдүү окурмандарга багышталган “Адабий төр”, “Түпкүлүк”, “Бырс этме” сыяктуу рубрикалар ачылган. Анда кыргыз коомдук ишмерлеринин, маданиятынын, адабиятынын өкүлдөрү туурасындагы макалалар жайгаштырылган.  Дагы бир жаңылык – сайттан кыргыз тилинде жасалган инфографика табууга болот.

“Негизинен орусча кабарлардын түрмөгүнөн  которобуз, себеби  бизде штаттык бирдиктер аз. Бирок, орусчанын толук көчүрмөсү деп айтууга болбойт. Кыргыз тилиндеги сайттын келбети өзгөрүлгөн, айрым мүмкүнчүлүктөрү иштелип чыккан. Кыргыз тилдүү окурмандарга түшүнүктүү болгон, ылайыкташкан рубрикалар киргизилген. Чоң макалалардын көбүнчөсүн өзүбүз жазып же штаттан тышкаркы кабарчылар менен иштешип даярдаттырабыз.“,-деди “24.kg” маалымат агенттигинин кыргыз редакциясынын башкы редактору Алмаз Турдумаматов.

Аталган агенттиктин кыргыз редакциясын ачуусун Алмаз Турдумаматов интернет чөйрөсүндө жалпы эле маалымат каражаттарында кыргыз тилдүү маалыматтарга, кыргыз тилдүү контенттерге суроо-талап өсүп жаткандыгын менен байланыштырды.  “Маалымат агенттиктин жетекчилиги  кыргыз тилде  жасайбыз деп көптөн бери пландаштылып келген экен. Кыргызстандын ичинен дагы, кыргызстандан тышка чыгып кеткендер дагы өзүнүн тилинде маалымат окуганга жана  видео сүрөттөрдү көргөнгө  муктаж.  Ошон үчүн суроо-талап бар”,-деди Алмаз Турдумаматов.

Учурда “24.kg” маалымат агенттигинин кыргыз кызматы дубандардан кызматташуу үчүн кабарчыларды издештирүүдө.

Окшош посттор