Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Журналисттерге кол салуу фактылары боюнча журналисттик иликтөөлөр жүргүзүлөт

«Медиа Полис институту» коомдук фонду АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу астында өлкөдө журналисттик иликтөөлөрдү жүргүзүү боюнча долбоорду ишке ашырат. Бул тууралуу бүгүн, 18-апрелде «Медиа Полис институту» коомдук фондунун координатору Айнура Эшеналиева АКИpress агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, акыркы жылдары өлкөдө журналисттерге кол салуу фактылары көп катталып, бирок алардын тергөөнүн жүрүшү тууралуу журналисттердин да, коомчулуктун да маалыматы жок болуп жатат.

«Долбоордун негизги максаты – журналисттерге же ММК өкүлдөрүнө карата коркутуулар, күч колдонуулар тууралуу журналисттик иликтөө жүргүзүп, алар менен коомчулукту тааныштыруу. Иликтөө жүргүзүү үчүн биз 5 журналистти тандап алдык, алар бул тармакта тажрыйбасы бар, журналисттик иликтөө менен алектенип жүргөн журналисттер. Долбоор 4 айга созулат», – деди А.Эшеналиева.

Анын айтымында, журналисттик иликтөө учурунда журналисттин ишмердүүлүгүнүн укуктук кепилдиги кандай, кол салуунун себеби, журналисттерге кол салуу тууралуу фактылар боюнча тергөө иштеринин жүрүшү сыяктуу маселелер каралат.

ИИМдин басма сөз кызматынын жетекчисинин орун басары Рахматилло Ахмедов билдиргендей, 2005-жылдан 2012-жылга чейин өлкө боюнча журналисттерге, ММК өкүлдөрүнө кол салуу, өмүрүнө коркунуч келтирүү боюнча ИИМ органдарына 53 арыз түшкөн. Алардын 45и боюнча кылмыш иши козголуп, 16сы сот органдарына жиберилген.

«Андан сырткары 1 тергөө иши УКМКга жиберилип, 25и убактылуу токтотулган. Учурда алар боюнча кылмышка шектүүлөрдү аныктоо иштери жүрүп жатат», – деди Р.Ахмедов.

Маалымат булагы: “Баракелде” маалымат агенттиги

Окшош посттор