Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Кесиптешибиз Чынара Токонова дүйнө салды

Кесиптешибиз Чынара Токонова дүйнө салды

Кесиптешибиз Чынара Токонова оорунун айынан жарык дүйнө менен кош айтышты.

37 жаштагы Чынара Токонова кыргыз журналистикасында өзүнүн ордун таап, эл оозуна алынып, аттын кашкасындай таанылып калган. Ал эмгек жолун КТРКдан баштап, НТС, 5-канал телеканалдардында, ошондой эле “Доор Медиа” коомдук фондусунда дагы эмгектенген. Журналистика тармагында алгылыктуу иштеп, көптөгөн сыйлык, ардак грамоталар менен дагы сыйланган.

Кыргыз журналистикасы чоң жоготууга учурады. Буга байланыштуу “Журналисттер” коомдук бирикмеси, кесиптешибиз Чынара Токонованын үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Окшош посттор