Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

“Жаңылыктар алиппеси” семинарына катышууга сынак жарыланды

“Жаңылыктар алиппеси” семинарына катышууга сынак жарыланды

УРМАТТУУУ ЖУРНАЛИСТТЕР, Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жана Республикалык медиакоммуникациялар окуу борбору “Сорос-Кыргызстан” фондунун “Маалымат эркиндиги” программасы менен биргеликте “Жергиликтүү телеберүүчүлөрдүн потенциалын жогорулатуу” долбоорунун алкагында “Жаңылыктар алиппеси” аттуу семинарга катышууга сынак жарылайт.

Семинар 2014-жылдын 8-12-сентябрь күндөрү КТРКнын Ресурстук борборунда өтөт.

Семинардын программасы: • Жаңылыктарды берүү принциптери • Маалымат булактары  • Сюжеттин элементтери жана жанрлар • Тартуунун жана монтаждоонун негиздери  • Видеотизмектер менен иштөө • Интервьюнун техникасы • Сөз ыгы

Семинардын окутуучулары – Кыргызстандын телекомпанияларында иштеп, практикалык тажрыйба топтогон жана жаңылыктык журналистика, атайын репортаж, социалдык жарнама жана имидждик тасма даярдоо жөнүндө окутууларды өтүү боюнча тажрыйбалуу медиа-тренерлер.

Сынакка кыргызстандык телерадиокомпаниялардын жаңылыктар бөлүмүндө эмгектенген жаш журналисттер менен оператор-монтажерлор катыша алат.

Семинарга катышуу үчүн атайын каттоо-анкетасын толтуруп, 2014-жылдын 15-август күнү саат 17:00гө чейин training_center@ktrk.kg электрондук дарегине жөнөтүңүз.

Семинарды уюштуруу, жол кире жана жатакана акыларын уюштуруучулар камсыздайт. Тамактануу акысынын бир бөлүгүн катышуучулар өздөрү төлөөгө милдеттүү. Толук маалымат үчүн окуу борборунун директору Аделя Лаишевага a.laisheva@ktrk.kg кайрылсаңыздар болот.

Долбоор Кыргызстандын санариптик берүүгө өтүшүнө көмөк көрсөтүү максатында “Сорос-Кыргызстан” фондунун “Маалымат эркиндиги” программасынын колдоосу менен жүзөгө ашырылууда.

Окшош посттор