Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Жаңылыктар

Адам укуктары жаатындагы мыкты журналисттик иликтөө үчүн улуттук конкурс

Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институтунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) институтунун ѳнѳктѳштүгү менен Европа Шериктештиги жана Норвегия өкмөтүнүн каржылык колдоосу астында «Демократиялык реформаларды алгалатуу үчүн, журналистик иликтөө тажрыйбасын калыптандыруу: укук коргоо уюмдарынын мамлекеттик институттардын жана ММК ѳкүлдѳрүнүн ортосундагы кызматташтыкты жѳнгѳ салуу» долбоорунун алкагында адам укуктары жаатындагы мыкты журналисттик иликтөө үчүн улуттук конкурс жарыялайт.

Конкурстун максаты

  • адам укуктары менен эркиндиктерин сыйлоого жана анын сакталышына кѳмѳктѳшүү,
  • адам укуктары жаатында жогорку деңгээлде атайын иликтөөлөрдү жүргүзгѳн журналисттерди колдоо жана аларды кызыктыруу,
  • адам укуктарынын бузулушуна байланыштуу маселелерди чагылдыруунун натыйжалуулугун жогорулатуу,
  • адам укуктары жаатындагы алдыңкы тажрыйбаны жалпыга жайылтуу,
  • коомчулукту адам укуктарынын бузулушу тууралуу өз убагында кабардар кылуу.

Конкурстун шарттары

Кыргыз Республикасындагы бардык басма, радио жана интернет – ММКнын штаттык жана штаттагы эмес журналисттери адам укуктарынын бузулушу жаатында жарыяланган жана эфирге чыккан журналисттик иликтөөлөрүн жөнөтө алышат.

Конкурска 2015-жылдын 1-январынан, 2015-жылдын 31-октябрына чейин жарыяланган же эфирге чыккан материалдар гана кабыл алынат.

Конкурска орус жана кыргыз тилинде жазылган материалдар кабыл алынат.

Бир же бир нече авторлор үчтөн ашык эмес материалды сунуштай алышат.

Конкурска катышуу билдирмесинин үлгүсүн төмөнкү даректен таба аласыздар: www.cabar.asia (http://cabar.asia/main-ru/23-ru-ru/events/events-kg-ru/242-adam-ukuktary-zhaatyndagy-mykty-zhurnalisttik-ilikt-ch-n-uluttuk-konkurs)

Конкурска катышуунун атайын билдирмесинин үлгүсүн алуу же толтуруу боюнча суроолор болсо Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институтунун Бишкектеги өкүлчүлүгүнө төмөнкү дарек боюча кайрылсаңыздар болот: Бишкек шаары, Киев көчөсү 114/2, бөлмө №1; тел.: (996 312) 312 995, 313 411; e-mail: iwpr.kyrgyzstan@iwpr.net.

Окшош посттор